Бишкектеги №1 СИЗОго баңгизат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына таянсак, 21-сентябрь күнү Чүй облусунун 34 жаштагы З.Т. аттуу тургуну учурда СИЗОдо отурган таанышына гамбургер алып барган. Текшерүүдө мекеме кызматкерлери гамбургердин ичине катылган баңгизат табышкан. Анын салмагы 13 грамм экени айтылат маалыматта. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат.
Ушул эле күнү СИЗОго жашыруун баңгизат алып кирүү боюнча дагы бир факт катталды. Буга СИЗОнун кызматкери аралашканы, ишти Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү карап жатканы маалымдалды.
Жолдубек Качкынбаев