КАЗАКСТАН ЖАЙЫНДА АЛГАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН КАЙТАРЫП БЕРЕ БАШТАДЫ

Казакстан Кыргызстандан алган электр энергиясын кайтарып бере баштады. Бул тууралуу 22-сентябрда “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” билдирди. Электр жарыгын коңшу өлкө товар алмашуу боюнча тийиштүү келишимдин негизинде кайтарып берип жатканы айтылат.

Буга чейин “Электр станциялары” ишканасы менен Казакстандын тийиштүү мекемесинин ортосунда электр энергиясын алмашуу боюнча келишим түзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынан август айына чейин Казакстанга 300 миллион киловатт-саат электр энергиясы берилди. Казак тарап аталган көлөмдөгү электр жарыгын кайтарып берүүнү 21-сентябрдан тарта баштаганын билдирет мекеме.

Маалымат үчүн: Кыргызстандагы 7 ГЭС жылына орточо 15 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Эң ири Токтогул ГЭСи өлкөнүн 30 пайызын электр жарыгы менен камсыздайт. Мындан тышкары Бишкек жана Ош ЖЭБдери иштейт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан