БИР БҮРКҮМ. ШАЙЛООГО 121 ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУ КӨЗ САЛАТ...
4-сентябрда 1000 доллар пара алып жатып кармалган УКМК кызматкери 4-ноябрга чейин №1 СИЗОго киргизилди.
23-сентябрга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 45 630 адамды түзсө, анын 41 904ү айыгып чыкты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жөнүндө жарлык чыгарды.
Ат-Башы районунда 3 адамдан сибирь жарасы аныкталды.
Патрулдук милиция: “Бишкекте 1 суткада – 21-сентябрь күнү 871 айдоочу жол эрежесин бузду”.
2020-жылкы парламенттик шайлоого 26 өлкөнүн атынан 121 байкоочу көз салат.
23-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 15,1 миллиард метр куб суу бар.
Бириккен Улуттар Уюму шайлоочуларды идентификациялоо үчүн БШКга биометрикалык жабдыктарды берди.
Бишкектин тургундарынын таза суу үчүн мэрияга карызы 21-сентябрга карата 132 миллион сом экени айтылды.
Финпол: “Патентти мыйзамсыз берүүгө шектелип Бишкектин Ленин райондук салык башкармалыгынын жооптуу кызматкери кармалды”.
2020-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы 47 миллиард 990 миллион 800 миң сом салык төлөмдөрүн чогултканы айтылды.
Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчылыгына 6-октябрда кайрадан шайлоо өтөт, 21-сентябрда өткөн шайлоону БШК жараксыз деп тапты.
2020-жылы өлкөдөгү жолдорду жана көчөлөрдү капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 355 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.