Кыргыздын белгилүү акындарына таандык «Кыргызым», «Төңкөрүш», «Кыргызстан» сыяктуу элди мекенчилдикке, ынтымакка чакырган ырларды өзгөчө эмоция менен көркөм окуган 8 жашар бала интернет жылдызына айланды. Ал – Саян Айтикеев, анын ыр окуганы тартылган видеолорду сиз да көргөн чыгарсыз. Учурда көпчүлүктүн көңүлүн буруп жаткан Саяндын апасы жана өзү менен маек курдук.
– Саламатсызбы, Елизавета айым? Уулуңуздун ыр окуганы кеңири тарап, интернет колдонуучулары алкап жатышат. Уулуңуздун таланты тууралуу айтып берсеңиз...
– Саламатсыңарбы? Аты-жөнүм Елизавета Калназарова, Аксы районунун Ак-Жол айылынан болом. Азыркы учурда Ош шаарында турабыз. Саян 4 баланын экинчиси, азыр №18 Алишер Навои атындагы мектеп-лицейинде 2-класста окуйт. Саяндын тили бир аз кечирээк, 2 жарым-3 жашта чыкты. Ага чейин мен тынчсызданып, логопедге барсамбы деген да ойлор болгон. Балам мектепке баргандан баштап эле окууга, ыр жаттаганга кызыгуусу байкалды. 1-классты аяктап калган учурда акын Зайырбек Ажыматовдун «Мен кыргызмын» деген ырын Мунарбек деген активист байкесинен угуп, 1 куплетин жаттап алыптыр. Ажыматовдун ыр окуганын YouTube’дан көрүп жүрчү, ошондон таасирленди го деп ойлоп калдым.
– Саяндын ыр окуган видеосун көргөндөрдүн баары аны баалап жатышат. Дагы кандай өнөрлөрү бар?
– Саян өзү дилгир, зирек бала. Кээде обондуу ырларды ырдап калат. 9-май – Жеңиш күнүнө карата «Аталарды даңктайлы» деген хештег менен сынак жарыяланган болчу. Республика боюнча өзү теңдүүлөрдүн арасынан биринчи орунду алды. Жакында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил майрамына карата Ош шаардык мэриясы уюштурган «Жүрөгүмдө эне тил» аттуу видео-сынактан экинчи орунду алып, смартфон утуп алды.
– Балаңызды элге тааныткан видео качан тартылды эле?
– Май айынын аягы болсо керек. Оштогу сейил бактардын биринде чакан бизнесибиз бар.
Мен жок болчумун. Саянды сейил бакта жүргөн жеринен кошуна эжелер токтотуп алып "сага балмуздак алып беребиз" деп ыр айттырышыптыр. Карантин убагы болгондуктан бет капты колуна ороп алып эле, акын Алтынбек Исмаиловдун «Төңкөрүш» деген ырын айтып бериптир. Көп адамдар жөнөкөйлүктү, карапайым нерсени сүйөт эмеспи. Видео ошонусу менен жайылып кетти окшойт.
– Маегиңизге рахмат.Популярдуу болуп жаткан каарман Саян Айтикеев менен да эки ооз кеп курдук.
«АКЫН БОЛОМ, ЫР ЖАЗГЫМ КЕЛЕТ»
– Ассалому алейкум, Саян, кандайсың?
– Алейкум ассалам, жакшы.
– Карантинде сабак окуган кандай экен, кыйналган жоксуңбу?
– Мага такыр жаккан жок. Мектепке барып эле окуган жакшы экен.
– Интернетте таанымал болуп кеткениңе өзүң кубанып жатасыңбы?
– Ооба.
– Келечекте ким болгуң келет?
– Акын болом, ыр жазгым келет, ыр айтканды жакшы көрөм.
– Кайсы кыргыз акындарын билесиң?
– Тааныган акындарым – Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо, Бердибек Жамгырчиев, Максат Жангазиев...
– Баракелде, келечекте улуу акын бол!
Жумабай Акимов