«Кыргызстандын эгемендигине доо кетирүүнү көздөгөндөрдүн аракетинен майнап чыкпайт». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда билдирди.
Жээнбеков Кыргыз жеринде парламенттик шайлоонун алдында түрдүү күчтөр жанданганын айтат. “Биздин өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө каршы күчтөр жанданды. Атүгүл алар Кыргызстандын эгемендигине доо кетирүүгө аракет кылышууда. Биздин стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелерди бузгусу келишет. Бирок биз ага жол бербейбиз. Алардын аракетинен майнап чыкпайт”,- деди президент. Өлкө жетекчиси Кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн Орусия бийлигине ыраазычылык билдирди.
Владимир Путин “Орусия башка өлкөлөрдүн ички ишине эч качан кийлигишпейт, бирок ар бир өлкөнүн бийлигинин туруктуулук үчүн жасаган бардык аракетин колдойт” деди. Ар бир жолугушууда президент Жээнбеков Орусияда иштеген Кыргыз мигранттары боюнча маселе коёрун, ал боюнча Орусия тараптан тийиштүү чечимдер кабыл алынганын, бул жаатта дагы талкуулана турган маселелер бар экенин айтат Путин.
Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда Орусияга расмий иш сапары менен барды. Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы, келечеги талкууланганы маалымдалды.
Жолдубек Качкынбаев