Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүүгө шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына таянсак, 1992-жылы туулган кызматкер Ж.у.Н. УКМКнын кызматкерине 40 миң сом пара берип жатканда колго түштү. Ал Баткен аймагындагы “Кулунду” чек ара заставасынын башчысы.
Аталган кызматкер коңшу өлкөлөрдөн келген аткезчилик жүктөрдү өткөрүү пункттарынан мыйзамсыз өткөрүү боюнча аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине чара көрбөө үчүн УКМКнын өкүлүнө пара сунуш кылган деп айтылат маалыматта. Факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан “коррупция” беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жолдубек Качкынбаев