ЫРЧЫЛАР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ

29-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармониянын алдында өнөр адамдарынын, кафе, ресторандардын жумушчуларынын катышуусунда тынчтык митинги өттү. Акциянын катышуучулары жумушсуздук күч алгандыктан жергиликтүү бийлик тойканалардын ишин улантууга уруксат берүүсүн талап кылышты. Акцияга 100дөн ашык киши чогулду. Митингдин катышуучусу, ырчы Курал Чокоев буларга токтолду:

– Митингге чыгууга алдын ала шаардык мэриядан уруксат алынган. Акцияга өнөр адамдары, ашпозчулар, официанттар жана башка жумушчулар катышты. Акция 40 мүнөткө жакын убакытка созулду. Тойлорду өткөрүүгө уруксат берилсин деген талаптарыбызды айттык. Анткени тойканаларды жаап койсо, тойду үйдөн өткөрөбүз. Анда, тескерисинче, санитардык эрежелер сакталбай калат. Ал эми кафе, ресторандар иштесе, баары эреже менен болот. Коомдук жайлар, соода борборлору, базарлар иштеп, ал эми кафе, ресторандардын иштөөсүнө чектөө коюлуп жатат. Оорунун баары эле тойканалардан жуккан жок. Мындай акция Таласта да өткөрүлдү. Ысык-Көлдө дагы уюштурулуп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gospozhatsetok
2020-10-06 13:06:39
Бир аз сабыр кылып турсанар болот го тообо, оору кучоп жатса иштейм дегенинерге жол болсун. Как будто Жээнбеков силердин акчанардан кызганып иштетпей жаткансып. Элдин баары эле жатат сабыр кылып, Кудай сактасын ооруп калсанар тапкан акчанар да не спасает асстаафираала
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан