Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КАРЫШКЫР

№413 1-7-октябрь, 2010-ж.


Жаныбарлар дүйнөсүндө

Бөрү... Бул жаныбар, башкысы, көздөгөнүнөн кайра тартпастыгы жана эркиндикти баалагандыгы менен айырмаланат. Карышкырлардын жашоо образы, мүнөзү төмөнкү маалыматта.

КЫЗЫКТУУ

  • Карышкырлар Жер жүзүндө мындан 100 миллион жыл мурун пайда болгон. Ал эми 20 миллион жыл мурун алардан иттер келип чыккан.
  • Бөрүнүн куйругу – сезимин билдирүүчү сигнал. Эгер куйругу чамгарактап турса, анда өзүнө ишенимдүү. Маанайы жакшы учурда куйругу түшкөнү менен, баары бир учу өйдө көтөрүлүп турат. Куйругун кыпчып турса, бир нерседен корккону.
  • Карышкырлар 15 жылга дейре жашашат.

БӨЛТҮРҮКТӨР
Канчыктары балдарын курсагында 62-65 күн көтөрүп, анан көздөрү ачылбаган 3төн 10-13кө чейинки бөлтүрүгүн жарыкка алып келет. Ата-энеси балдарын жеген жемдерин кусуп берүү менен багышат. Жайдын аягында жаш бөлтүрүктөр чоңдор менен кошо аңчылыкка чыга башташат.
Бөлтүрүктөр туулганда көз­дө­рү көк болуп туулат да, 8-16 апта өткөн соң алтын-сары же сары-күрөң түскө өтөт. Чанда гана кээ бирөөлөрдүн көзү өмүр бою көк бойдон калат.
Ургаачы бөлтүрүктөр 2 жылда, эркектери 3 жылда тукум улоого жарап калышат.
Бөрүлөрдүн 42 тиши болот.

ЖЕМИ
Бөрүлөр жайкысын канаттуулардын жумурткасы, балапандарынан да кыя өтүшпөйт. Түлкү, ит, алтургай кээде ач калганда уйкудагы аюуга кол салган учурлары болот.
Жалгыз карышкырлар жем үчүн суур, келемиш сыяктуу майда жандыктарды деле кармай беришет.
Бөрүлөргө каннибализм таандык. Аңчылардын аткан огунан улам жарадар болгондорун же үйүгүшүү учурунда канчык талашып алсызданган бөрүнү талап жеп коюшат.
Башка жырткычтардан айырмаланып желип бүтпөй калган олжого кайтып келишет. Бөрүлөрдүн чоңдору бир жегенде 10 килограммга чейин этти жеп коё алышат. Үй жандыктарынын тарптарынан, жээкке чыгып калган деңиз жаныбарларынын өлүгүнөн да баш тартышпайт. Жут болгон жылдары бөрүлөр үчүн бака, чегиртке, коңуздар деликатес ордуна жүрөт.
Түштүктү байырлаган бөрүлөр жер-жемиштерди, ал гана эмес козу карын жегенди илгери эле өздөштүрүшкөн. Талаа аймактарында жашагандар бакчага кирип келип, коон-дарбыз сугунуу менен суусунун кандырып, курсагын тойгузуп кете беришет.

АЙМАГЫН КОРГОШОТ
Бөрүлөр өздөрү турактаган аймагын башка бөрүлөрдөн коргоп, белги коюшат. Дүмүрлөр менен чоң таштарды заарасы же заңы менен белгилеп, кулаган дарактардын кабыгын тытмалап из калтырышат.
Кар оор түшкөндө бири-бирине жакын, куйрук улай тизиле басышат. Мындайда алар биринин изин бири басып да калышат. Андыктан мергенчилер канча бөрү өткөндүгүн биле албай баш катырышат.

КӨК ЖАЛ
Бул – бөрүлөрдүн ириси, эң күч­түү­сү, тартынбасы жана тай­салдабасы. Адатта үйүр башчысы. Булар башка бөрүлөрдөй тарп жебей, алсызын баса калбай, үйүр ичиндеги мыйзамды көзөмөлдөп, мырзалыкты сакташат. Андыктан адамдар аларды жана жол баштаган эрлерди “көк жал” деп атап келишет.
Үйүр башчы убак-убагы менен кол астындагыларга өзүнүн ким экендигин эскертип ырылдап, тиштеп, кубалап турат. Анын ырайымсыз, сүрдүү бир көз карашы баш ийүүгө аргасыз кылат. Бөрүлөр үйүр башчысына кошомат кыла жерде жата калып буттарын тарбаңдатышат. Же кулагын жапырып, жерге жабыша ага жөргөлөп барып акырын жалагылап, мурдун секин тиштегилеп, анан жылып жоголушат.

ЭМНЕ ҮЧҮН УЛУЙТ?
Бөрүлөр өзүнүн мүчөлөрү кайда жүргөндүгүн билүү, жем болчу жаныбарды кармоо тууралуу кабар берүүдө, кээде жөн гана башкаларын баарлашууга чакыруу үчүн улушат.


УЛАМЫШТАР
Түрк элдери бөрүдөн тараганбы?
Кытайдын 6-кылымга таандык жазмаларында сакталып калган уламышка таянсак, анда түрк эли карышкырдан таралганы айтылат.
Хуннулардын (Борбор Азияны мекендеген түрк элдеринин түпкү теги) Ашина уруусу саз жээктеп жашап турат. Күндөрдүн биринде коңшу уруу Ашина уруусун басып алып, андагы элдин баарын өлтүрөт. Ошончо кыргындан 10 жашар бала гана аман калат. Анын да колу-бутун душмандар кесип салып, сазга ыргытып жиберишет. Баланы канчык карышкыр таап, багып чоңойтот.
10 жылдан кийин баягы душмандар кайтып келип, баланы (эми жигит) өлтүрүшөт. Канчык карышкыр тоого качып кетет да (кээ бир маалыматтарда Алтайга), үңкүрдү байырлайт. Үңкүрдүн арты өрөөн болот. Канчык үңкүрдө 10 эркек бала тууп чоңойтот. Балдарынын улуусу Ашина ("мыкты асман бөрүсү”) инилерин башкарып калат. Үңкүрдүн кире беришине бөрүнүн башы сайылган асаба орнотот.

ххх

Арадан кылымдар өтүп, кийин асабага бөрүнүн башын тагып отурбастан, анын сүрөтүн гана тартып коюуга өтүшөт. Айрым маалыматтарда ушундан улам калмактар кыргыздарды “буруттар” деп атап калышканы айтылат. Анткени “бурут” деген сөз “бөрү” жана “ит” деген сөздөрдөн келип чыккан делинет.

ЖАНА ДА...

  • Байыркы грек уламыштары боюнча, Римди негиздөө­чүлөр – Ромул менен Ремди карышкыр сүтүн берип, багып чоңойтот.
  • Башкырлар өздөрүн “башкорт” деп аташат да, тегин карышкыр менен байланыштырышат. Алар “баш” – “башкы”, “корт” – “бөрү” дегенди билдирет, демек, “башкорт” – “бөрүлөрдүн башчысы” деген маанини берет дешет.

БӨРҮНҮН ТЫРМАГЫ КЫРСЫКТАН САКТАП, ӨТҮ ДАРТТАН АРЫЛТАБЫ?
Илгертен элибизде бөрүнүн өтү, тырмагы, чүкөсү, тарамышы, азуусу колдонулуп келет. Бул тууралуу акын, журналист Шайлообек Дүйшеев айтып берет:
– Элибизде карышкырдын чүкөсү, тарамышы, өтү, терисине байланышкан ырым-жырымдар бар. Мурун алардын касиетине ишенүү да күчтүү болгон. Учурда бул ырым-жырымдар аз да болсо колдонулат.
Чүкөсү, тырмагы, азуусу. Буларды көз тийүүдөн, жамандыктан, кара күчтөрдөн, бөөдө кырсыктан “түпкү бөрү энебиз сактасын” деп баланын бешигине илишкен. Анан дагы аллергиянын түрү болгон бөрү жатышта ооруган баланын кийимине чүкөнү тагып койсо, бөрү жатыш кетип калган.
Тарамышы. Илгери элибиз, негизинен, мал менен жан сактап келгендиктен, мал уурдалганда тарамыш колдонулган. “Тарамышты таап, күйгүзгөндө уурунун колу-буту тырышып, майып болуп калат” деген ишеним болгон.
Тарамыш каргышта да пайдаланылган. Мисалы, кыянаттык иш кылган адамды каргап, тарамышты түтөтүп "тарамыштай тырышып кал” дешкен. Тарамыштын касиетинен улам эл мал уурдагандан, кыянаттык кылуудан коркушкан.
Өтү. Өт деген адамдын тамагын сиңирип, адамга кайрат-күч берет. Андыктан “көк жал бөрүдөй күчтүү, кайраттуу болсун” деп, жаңы туулган баланы карышкырдын өтү менен оозантышкан. Өттү кээ бир оору түрүнөн айыктырууда да колдонушкан.
Териси. Боз үйдө илинип турган тери жамандардын кара ниетинен сактап, адамдын эркин чыңдайт делинген. Көк жалдын териси илинип турган үйгө тайгандан башка иттер баш бага албаган.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
03.10.2010. 03:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
370
Катталган:
06-09-2010
Соӊку аракети:
03-07-2018 19:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Italia,Sardegnia.
0
ULAMIWKA tuwunboi jatam 10jawtagi bala oiup kaldibi,a kariwkir adam balasin tuudubu?????
03.10.2010. 17:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
01-08-2009
Соӊку аракети:
10-01-2016 15:43
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali Ооба карышкыр 10 эркек бала тууптур адам баласын, биз ошол 10 эркек балдардан калган укум тукумдарыбыз биз ошолордон тараганбыз, биздин эн алгачкы чон энебиз карышкыр болгон. Ошон учун кыргыздар тоодо жашап келген азырга чеин тодо жашайбызго
карышкырлар ар дайым би
03.10.2010. 17:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
01-08-2009
Соӊку аракети:
10-01-2016 15:43
Жынысы:
Белгисиз
0
карышкырлар бизди бир тууган катары коргон а биз аны тушунбостук кылып алардан коркуп аларды атып олтуруп салганбыз ошондон бери бизге ишеничи кетип кыргыздарга да кол салганы ошондон. Аларды атпай эле койгондо ата бабаларыбыз биз азыр тоолордо ээн эркин журмокбуз.
03.10.2010. 22:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
20-02-2010
Соӊку аракети:
30-06-2016 22:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
korea
0
xxexexe ukmuw elesiner ee
04.10.2010. 20:22 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
05-07-2010
Соӊку аракети:
30-04-2012 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизди сарттар (озбектер) ит кыргыз дегени ошондон улам го
15.02.2011. 18:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
10-02-2011
Соӊку аракети:
03-11-2013 03:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Менин фобиям - карышкыр. Менин эн бир корккон, бирок ошол эле маалда, кызыккан жаныбарым.
05.11.2011. 02:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
19-09-2011
Соӊку аракети:
28-11-2014 17:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
аябай кызыктуу но мунун баары миф
07.02.2013. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
17-01-2013
Соӊку аракети:
24-10-2017 15:55
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын илгерги тарыхын окугам ошондо бир уламышта жазылган устудогу айтылган ашина деген кыз болуп келет башында анан баягы баланы таап олтурот бул качып кетет бир ункурго барып торойт ошондо 9турк 1 кыргыз чыгат экен ошондон кыргыз жаралган дейт бирок мен буга ишенбейм кыргыз эли байыртадан эле бар экен биринчи жолу китеп бетине тушкон бул жыл 202жылы кытай китебине жазылган экен кыргыздар деп.........
18.12.2014. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
28-10-2014
Соӊку аракети:
09-04-2018 12:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан г.Балыкчы
0
En sonun makala eken rahmat super.kg
10.05.2016. 23:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
12-04-2016
Соӊку аракети:
31-08-2018 00:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
АЙ
0
Көк жалдын орусчасы кандай болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: