– Телекөрсөтүүнүн бет ачарына 40тан ашык ырчы, бийчилер катышты. Саат 23:00дө старт алган берүүбүз таңкы 5ке чейин созулду. Ошондуктан 5-канал Кыргызстанда эң узак телеберүү уюштуруп, рекорд койду десем аша чапкандык болбос. Телеберүүнүн тушоо кесүү аземине Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев жана Султан Садыралиев, Гүлнара Калдарова, Дилшат Кангелдиева, Кудайберди Айтбосунов, Темир Дамирбеков жана башка ырчылар катышышты. Телеберүүнү ырымдап Умай эне, Кыдыр атанын тилеги менен ачып бердик. Бул көрсөтүүдө түндө уктабай көрүп отурган көрүүчүлөр оюнга катышып, белектерди утуп алышты. Эми ар аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү көрсөтүлүп турат. Биринчи бөлүгүндө ырчылардын таймашы болсо, экинчи саатында бир ырчы өмүр баянын айтып берет.