Мамлекеттик салык кызматы: “Өлкөдө 184 557 салык төлөөчү салык кызматтарын онлайн пайдаланууда”.
Патрулдук милиция: “Бишкекте 18-24-сентябрь күндөрү мас абалда рулга отурган91 айдоочу кармалды”.
Өлкөдө учурда 568 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана 8328 кычкылтек аппараты бар экени айтылды.
Өлкөдө жалпы 3 миңдей медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, 29-сентябрга карата анын 144үнө компенсация төлөнгөнү айтылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө 2021-2024-жылдары коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду.
“Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетиштүү көзөмөл жүргүзгөн эмес” деп саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго сөгүш жарыяланды.
Бишкек-Будапешт багытында түз авиакаттам ачылары пландалууда.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча 2-октябрда өтүүчү соттук отурумга катышуусуна уруксат берди.
Баткен облусунда жаңы курулган жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилүү алдында турат.
Таластын Бакай-Ата районунда 74 жаштагы карыянын өлүмүнө шектелип анын уулу кармалды.
Экономика министрлиги: “Малды Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттоо өскөндүктөн өлкө аймактарында эттин баасы кымбаттап жатат”.
29-сентябрга карата Бишкек ЖЭБинде 242 820 тонна көмүр бар экени айтылды.
Доллар кымбаттоодо: Улуттук банк 29-сентябрда 27 миллион 950 миң доллар суммасында интервенция жасады.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.