Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: "11 ЖЫЛ РУЛДА ЖҮРҮП, БИР ГАНА ЖОЛУ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨДҮМ"

Үнү жагымдуу, өзү назик ырчы Жумагүл Раимжан кызы менен бул ирет унаасы тууралуу сүйлөштүк. “Оорусаңыз таарынам”, “Сүйүү бакыты”, “Кызыл алма” жана башка ырлардын аткаруучусу өзү жашаган Ош шаарынын көчөлөрүндө Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны зымыратып айдап жүрөт. “Эрежени сактаган айдоочумун” дейт ал.

Үлгүсү – Хонда CRV III

Чыккан жылы – 2010-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 220 чакырым

Түсү – ак

Баасы – 11 500$

– Кандайсыз, Жумагүл? Канча жылдан бери рулдасыз, бул канчанчы унааңыз?

– Жакшы, рахмат. Бул менин үчүнчү унаам. 11 жылдан бери рулдамын. 2008-жылы айдоочулук күбөлүк алып, 2009-жылдан баштап рулга отургам. Алгачкы жолу Дэу Ланос үлгүсүндөгү унаа айдагам. Аны 180 миң сомго сатып алгам. Чогулткан акчам Ланоско гана жеткен. Иним да “жаңы айдап баштаганда кичинекей унаага отуруп айдаган жакшы” деп кеңеш берген. Андан кийин Хонда Аккорд айдадым. 2019-жылы аны азыркы унаам Хонда CRV’ге алмаштырдым. Иним, досторум “бышык унаа, алыс жакка барганга ыңгайлуу, тоого да жеңил чыгат” дешкенинен ушул унааны алдым. Ооба, бышык экен, мага жагып жатат. Карантинде жайлоого көп бардым. Жолдо калтырган жок, кыйнаган жок.

– Алгачкы жолу рулга отурганыңыз эсиңиздеби?

– Ооба, андай учур ар бир адамдын эсинде сакталып калса керек. Мен айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектепте окугам. Андан кийин унаа жок жерге, талааларга барып, кесиптеш жигиттен айдаганды үйрөндүм. Автомектептен үйрөнгөнүмө караганда кесиптешимдин үйрөткөнү жемиштүү болду. Кесиптешимден көп тил уктум (күлүп). Туура эмес айдасам ал мени урушчу. Анан шаарга чыгып айдап баштаганда чоң унаалардан коркчумун. Чоң унааларды көрсөм коркуп айдай албай туруп калчумун. Анан андагы айдоочулар “айдабайсыңбы!” деп урушушчу. Эч нерсе дей албай, аларга жооп да бере албай акырын айдап кетчүмүн. Бара-бара үйрөнүп кеттим. Биринчи жолу өзүм жалгыз шаарга айдап чыкканда бир унаанын артынан ээрчип, ал унаанын айдоочусу кылганды кайталап айдадым. Бактыма жараша, ал унаа менин үйүм жакка келет экен. Үйгө жеткенде “өзүм жалгыз айдадым” деп аябай сүйүнгөм. Ал унаа башка жакка кетип калса, аны менен кошо барып адашып кетмек окшойм. Ошондон кийин шаарга чыккандан коркпой калдым.

– Жол эрежелерин көп бузасызбы?

– Жок, мен эрежени жакшы сактагандарга кирем. Жолдо жүргөндө өзүңдү, жаныңдагыларды ойлошуң керек. Ар кандай айдоочу бар. Мен эреже бузбай айдасам деле жанымдагы унаанын айдоочусу эреже бузуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан жакшы айдаганга аракет кылам.

– Ылдамдыкты, экстримди сүйгөндөрдөнсүзбү?

– Жок, мен ылдамдыктан корком. Алыс жолго чыкканда эл жок жерден ылдамдыкты ашырып, саатына 90 чакырым менен айдашым мүмкүн. Андан ашыра албайм. Шаар ичинде саатына 60 чакырымдан ашырбайм.

– Анда айып пул көп төлөбөсөңүз керек?

– Ооба. Калп айтпасам, рулга отургандан бери бир эле жолу, 3 жыл мурун айып пул төлөгөм. Кайсы эрежени бузганым эсимде жок, коопсуздук курун тагынбай койгонум үчүн болсо керек. Курду такпай койгон үчүн азыр деле кээде МАИ кызматкерлеринен эскертүү алам. МАИ кызматкерлери көбүнчө адамгерчиликке салып, эскертүү беришет.

– Атактуулардын айрымдары “кээде МАИ кызматкерлери токтотсо да, таанып коё беришет” дешет. Сизде да ошондой болобу?

– Андай учурлар көп эле болот. Күндүз жеке иштер менен жүргөндө боёнбойм. Ошондуктан айрым учурда тааныбай калышы мүмкүн. Бирок айдоочулук күбөлүгүмдү карагандан кийин таанышат. “Сизди жакшы көрөбүз, ырларыңызды угабыз, сиз эл адамысыз” деп, эскертүү берип коё берген учурлар болот. МАИ кызматкерлерине арызым жок, аларга ыраазымын.

– Ошондо айып пул салыш керек болгон жерден сизди коё берип жатышат да, ээ? Бул мыйзам бузуу да?

– Жогоруда айткандай, мен олуттуу эреже бузбайм. Шашып жатканда ылдамдыкты бир аз ашырышым мүмкүн же коопсуздук курун тагынбай калышым мүмкүн.

– Мындан кийин аларга да көңүл бурасыз деп ишенели. Унаанын техникалык жаатында түшүнүгүңүз барбы? Бузулуп калса оңдой аласызбы?

– Жок, оңдогонго шыгым жок. Дөңгөлөктүн жели чыгып калса деле карабай айдап жүрө берем. Муну жанымда жүрүп байкап калгандар же башка айдоочулар айтып турушат.

– Жолдо калып калганда эмне кыласыз?

– Кудай сактасын, унаам бузулуп жолдо калып көрө элекмин. Бир жолу дөңгөлөктүн жели чыгып калган. Анда мен шаардан алыс эмес болчумун. Такси менен барып адисти алып келип, кошумча дөңгөлөктү салдырып алгам.

– Унааңыз сиз үчүн?

– Унаам бара турган жериме аман-эсен жеткирген ишенимдүү куралым. Жумушума байланыштуу жолдо көп жүрөм. Мурда унаа ала электе формаларымды көтөрүп алып маршруттук такси күтүп, таксиден таксиге отурганда жүдөчүмүн. Анан биринчи кыялым акча чогултуп унаа алуу болчу. Качан унаалуу болот экенмин деп көп ойлончумун. Ал кыялыма жеттим. Азыр кийимдеримди салып алып, барчу жериме унаам менен барам. Бир нерсе унутсам да унаама калтырып кеткен болом. Унаам гардероб болуп калган, кийимдерим, бут кийимдерим жүрөт. Айрыкча ырчы кыздардыкы ушундай болсо керек. Кыздардыкына караганда балдардын унаасынын ичи таза, тыкан болот деп угуп калам (күлүп).

– Унаа башкаруу сабырдуулукту талап кылат. Сиз да рулда отурганда көп жинденесизби?

– Туура айттыңыз. Башка учурга караганда рулда отурганда көп жинденем. Көбүнчө шашып жүрөм, анан ошол кезде тыгында кармалып калсам, жол чырактарда кызыл күйө берсе же алдыңдагы унаа жай айдап алса, эреже бузса, жинденип, унаамдын ичинде отуруп алып эле башка айдоочуларды уруша берем.

– Жолдо жигиттер тийишеби?

– Тийишкен учурлар болот. Мен жаңы унаа айдап баштаганда айымдар көп айдашчу эмес. Ошондо мырзалар рулдагы айымды көрсө жол бошотуп берип, аяр мамиле кылышчу. Азыр унаа минген айымдар көп болгондуктан мырзалар деле тең тайлашып айдап калышты. Жинине тийсең, “айда!” деп кыйкырышат. Алардын арасында “таанышып алалы” дегендер да болот. Андайга көнүп калдым, көңүл бурбайм. Бир ирет апама ооруканага тамак алып бара жатканда бир мырза менен таанышкам. Ал жигит мени жолдон көрүп калып, артымдан ооруканага чейин айдап барыптыр. Таанышайын деген экен. Ошондо апамдын жанында көпкө отуруп калгам. Тиги жигит шашып жатыптыр. Кичинекей баракка телефон номерин, англисче “мага чал” деп жазып унаага кыстарып кетиптир. Мен аны деле байкабай айдап кетиптирмин. Бир маалда бирөөнү күтүп отуруп ошол баракты байкап калдым. Алып карасам, сандары окшош өзгөчө номер экен, өзү да англисче жазыптыр. Номерин жазып, кыстарып кеткендер көп эле болот. Бирок көңүл бурбайм, ал кагаздарды ыргытып салып жолумду улайм. Бул ирет кызыгуу жаратты. Чалып көрүп, ал жигит менен тааныштым. Азыр мамилебиз жакшы.

– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Yahoo
2020-10-05 10:22:27
Чоп чон эле кишиге ушинтип суроо берген болбу?эмне максат менен интерьвю алдынар?
+4
narynbek2001
2020-10-05 14:34:44
Абдан жылдыздуу айым. Кыздар дайыма жасанып, жакшынакай болуп журо бергиле.
0
radostmoya
2020-10-06 22:42:18
Дөңгөлөктү атайын адис алып келип убакытты кетирип отурбайле көчөдөн өтүп бараткан ар кандай эркек эле алмаштыра алат. Мен токтото калып эле, алмаштырып берип коюңузчу деп эле суранам.
0
Sagyn.91
2020-10-10 10:50:34
Менин жерлешим, эжем. Бар болуң, бактылуу болуң)
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан