Максат Садырбеков, ырчы: “ЫРЫБЫЗДЫ КАЗАК МУЗЫКАНТТАРЫ УГУП ТАҢ КАЛЫШТЫ”

Ачык, шайыр, дайым позитивде. Ырчы Максат Садырбеков ушундай. Аны менен маектешкенде жакшы маанай менен кайтасың. Кыздуу болуп, жашоосу жаңы түстөргө боёлгон ырчы аталык сезимдери, чыгармачылыгы, бийлик өкүлдөрүнө таң калганы тууралуу берилип, эмоция менен сүйлөп берди.

– Салам, Максат! Жакында ата статусун алдыңыз, жашооңордо эмнелер өзгөрдү? Кызыңыз Мия кандай чоңоюп жатат?

– Салам. Мияга 6 ай болду. Чоңойгон сайын кызыктуу болуп жатат. Көргөндөр “атасына окшош экен” деп жатышат. Мага да, Айсулууга да окшош жерлери бар. Негизгиси, көздөрү, көздөрүнүн ортосу алыс болгону мага окшош. Ошонусу менен өзгөчө. Аты да өзүнө жарашкан өзгөчө кыз. Кызымды көргөн сайын жүрөгүм жылыйт. Ал бизге бакыт алып келди. Башкысы, бактылуу, ден соолукта болсун.

Мен төрөткө катышып, сыйкырдуу дүйнөнү көрдүм десем жаңылышпайм. Мен үчүн адамдын бул дүйнөгө келишин көрүү ачылыш болду. Башкача сезимдерге кабылдым, нес болдум, таң калдым. Ал абалдан азыркыга чейин чыга элекмин.

– Кызыңардын аты чын эле өзгөчө. Ким тандады?

– Бир канча вариант болду. Бир күнү туугандар чогуу отуруп калганда мен ушул атты сунуштадым. Башында көнбөй, көңүлдөнбөй жатышкан. Талкуулап отурсак эле баарына жага баштады. Мия деген дүйнөнүн бардык жеринен кезиктире турган ат. Анан биз бардык аттарды кыскартып айтабыз го. Кызымдын аты өзү эле кыска болушун кааладым. Кызыктуу, өзгөчө ат деп Мия койдук.

– Жакшы. Бала ата-энени өзгөртөт дешет. Айсулуу экөөңөрдө кандай өзгөрүү болду?

– Жүрөгүмө сүйүү толду, кызым бүтүндөй жашоом болуп калды. Баарын ошол адамга бергим келет. Үйгө шашам, кызымды жыттап жанында жата бергим келет. Башка маселелер маанисиз болуп калды. Кызың сени карап күлүп жатканда буга эч нерсе тең келбейт экен. Мурда Айсулуу экөөбүз болбогон эле нерселер үчүн урушуп, таарыныша берчү экенбиз. Азыр урушпай калдык. Кызыбыз бакыт, жакшы маанай тартуулап турат. Таң эрте көзүбүздү ачканда эле сонун маанай менен ойгонобуз. Менин графигим өзгөрдү. Мурда жумуштап же достор менен кечке чейин жүрө берсем, азыр 9-10до үйгө барып, эртең менен 9да ойгонуп калдым.

– Сонун. Чыгармачылыкка келсек, жакында рэп ырчысы G-Voo менен “Bagzapolnin” ырын чыгардыңар. Ыр да, клип да өзгөчө болуптур, кантип жаралып калды?

– Бул жаңы стилдеги ыр болду. Мен дайыма жаңычылдыкка умтулам. Карантин учурунда Каспер экөөбүз чогуу көп жүрүп калдык. G-Voo мурда Каспер каймана аты менен чыгып жүргөн ырчы жигит. Экөөбүз бир күнү менин унаамда отуруп, “кел, экөөбүз ыр жаздырабыз” деп сүйлөшүп калдык. Ошентип чогуу 5 ыр жаздырдык. “Bagzapolnin” биринчи чыкты. “Bagzapolnin” деген “бак заполнен” деген сөз. Бирок аны өзгөчө болсун деп кандай угулса ошондой жазып койдук. Бир сааттын ичинде жаралган ыр. Казакстандан музыкант досторубуз келгенде ушул ырды угузсак, “орусиялык ырчылар ырдап жатабы?” деп сурашты. “Жок, биз жаздык” десек таң калышты, “сонун экен” деп макташты. Менин жан дүйнөм башынан эле хип-хоп музыкага жакын. Клипти болсо Мирлан Саткымбаев тартты. Ал көп жылдан бери алдыңкы клипмейкерлердин бири.

– Ырдын стилин казакстандык рэп ырчы Скриптониттикине окшоштурдум.

– Ар бир ырчынын үнүнүн тембри, өзүнүн стили бар. Бирөөнү туурагың келсе да туурай албайсың. Биздин жашыбыз деле эксперимент жасоочу курак эмес. Өзүбүздүн эле стиль. Жөн гана Скриптонит ушул стилде ырдап биздин чөлкөмдө таанылып калган. Скриптонит жана бир топ казак ырчылары КМШны ээлеп алышты, Орусияны багындырышты. Казак туугандар ошол деңгээлге жетип жатышат. Биз да аракет кылышыбыз керек. Азыр технология өнүккөн, интернет күч алган заман. Жакшы ыр чыгарып, интернеттен жакшы акча тапса болот. Ал ырды миллиондогон угарман укса, жакшы акча түшөт. Ошондо тойго барып ырдоонун кажети жок болот. Концерттерди бере баштайбыз. Чыгармачылык менен алек болуп калабыз.

– Күйөрмандарыңыз сизге рэп окуган жакшы жарашат экен деп жатышат...

– Өзүмдү эч качан рэп ырчысы катары элестете албайм. Бул башка искусство. Алардын өз эрежелери бар. Рэп ырчылары текстти өздөрү жазышат. Мен рэп ырчы эмес, R&B аткаруучу болсом жарашат. R&B поп менен рэптин ортосундагы жанр. Мага ошол кызык. Бул мен текст жазбайм деген сөз эмес. Буга чейин деле аракет кылып, ырдын сөзүн, обонун жазып жүрдүм. “Non-Stop`то” Чолпон экөөбүз аткарган “Жаныма кел” ырынын сөзүн да, обонун да мен чыгаргам. Андан тышкары ар бир ырдын сөзү, обонунун жаралышында салымым бар. Кийин Чолпон жалгыз ырдап чыккан “Ищу тебя” ырынын обонун да, сөзүн да жазгам. Ал ырды чогуу ырдамакпыз. Тилекке каршы, ошол учурда топ тарап кетти. Анан Чолпон “мен ырдайын” дегенинен бергем.

– “Non-Stop” тууралуу айтып калдыңыз. Топ тарагандан кийин Чолпон экөөңөрдүн чыгармачылыгыңар кандай уланды?

– “Non-Stop`тун” деңгээли бийик болчу. Анда продюсерибиз, командабыз, образыбыз бар эле. Эки үн болуп кызыктуу болчубуз. Жалгыз чыкканда кызыгы кетип калат экен. “Non-Stop” элге жакчу. Топтун тараганына 3 жыл болсо да, азыркыга чейин топту жакшы көрүшөрүн айткандар бар. Өткөндө бир эже “Эмнеге “Non-Stop” чыкпай калды?” деп кадимкидей мага таарынды.

Топ тарап кеткенде “жалгыз деле иштей алам” деп өзүмө ишенгем. Өзүмдү издедим, издендим. Жалгыз оор экен, кыйналдым. Алыс баргың келсе, команда керек экен. Жалгыз чыккандан баштап 3 гана клип тарттырыптырмын, 12-13 ыр чыгарыптырмын. Анын 8-9у эксперимент катары жазылган ырлар. Чолпондуку деле “Non-Stop`тогудай” болду деп айта албайм. Бирок Чолпон жакшы иштеди, жакшы ырларды чыгарды.

– Азыр өлкөдө эң чоң окуя алдыдагы шайлоо болуп жатпайбы. Сизди үгүт иштеринен көргөн жокпуз...

– Пандемия учурунда өлкөдө болгон баш аламандыкты көрүп өмүрүмдө биринчи жолу ушунчалык катуу таң калдым. Ушундай абалда бийлик өкүлдөрүнөн бирөөнүн да эл менен иши болгон жок. Ушунчалык кайдыгерлик болобу? Эл өкүлдөрү кайда жүрүштү? Абалды жөнгө салуу, элге көңүл буруу ырчылардын, ашпозчулардын жумушу эмес. Бул ошол бийликтин жумушу. Жалпы кыргыз эли алданып калгандай сезим болду. Ошондо мен эч кимди колдобойм, үгүт иштерине катышпайм деп элге сөз бергем. Бул жоопкерчилик. Бизди сыйлаган, ишенген адамдар бар, аларды артыбыздан ээрчитебиз. Мага эки партия үгүт иштерине катышууну сунуштады, баш тарттым.

– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан