Ишен Назаров, ырчы: “АТЫМДЫ ӨЗҮМ ЖАСАДЫМ”

“Аккордеон менен ырдасам үнүм ачылат. Кээде үн жаздырганда аккордеонго окшош нерсени боорума көтөрүп алып ырдайм” дейт ырчы Ишен Назаров. Ырчы менен Малика Дина экөө кантип дуэт аткарып калганын, Ишен Назаров деген ысымды кантип жасаганын, ширин кызы жана башкалар тууралуу маектештик.

– Ишен, куш келипсиң! Азыр актуалдуу болуп жаткан суроодон баштайлы, шайлоого бардыңбы?

– Бардым. Жарандык милдетимди аткарып өзүмдүн добушумду берип келдим. Саясатка такыр эле кызыкпагандыктан, жүрөгүмө жакын болгон партияга добуш бердим. Азыр “эл сатылды” деп эле ызылдашып жатышпайбы. Бирок добушту сатып алган адам эмес, сатылган адамдар көбүрөөк күнөөлүү деп ойлойм. Сатылбай койсо ким сатып алмак?

– Ырчы Малика Дина менен аткарган дуэтиңер жакшы чыгыптыр. Кимдин идеясы болду?
– Бул ыр казак боордоштордун, тагыраагы, Бауржан Есебаев деген агабыздын ыры. Ырга уруксат алып койгондон кийин “ким менен ырдасам?” деп жүргөм. Анткени ырдын сөздөрү жүрөгүмө жагып калган. Малика экөөбүздүн продюсерибиз Бакыт Тапаев. Ал экөөбүздү байланыштырып, анан дуэт жаралып калды. Ал байке мага көп колдоо көрсөтүп келет. Сөзүн Сайра Батыркулова деген эжебиз которуп берди. Биринчи жолу которуп ырдап жатам. Малика менен үн жаздырганы барганда эле жолуктум. Ыр карантинге чейин эле даяр болгон. Кийин үн жаздырган студиялар иштей баштаганда барып жаздырдык.

– Көп учурда дуэттерге басым жасап жатат окшойсуң...
– Буга чейин Алина Жетигенова, Алтынай Нарбаева менен дуэт жаздырдым. Экөөнүн тең талантын сыйлайм, кичине кезимден ырларын угуп жүрөм. Кичинемден дуэт ырдамак бул жакта турсун, жанынан көрөт болдум бекен деген адамдар. Бирок кыялдансаң болот экен. Алина эженин концертинде конок болуп ырдап калгам, ошондо ырдайбыз деп сүйлөшкөнбүз. Алтынай эже болсо мени баласындай көрүп, жакшы мамиле кылат. Эки дуэт тең жакшы чыкты деп ойлойм.

– Өзүңдү шоудон бизнес жасагандардын катарына кошосуңбу же искусство адамынабы?
– Менин жан дүйнөм, мүнөзүм искусство адамдарына окшош. Бирок искусствонун адамымын деп аташ деле кыйын болуп калат го. Шоудон бизнес жасагандарга да өзүмдү кошо албайм. Кийин, балким, аларга кошулуп калабызбы, билбейм.

– Кийинки ырларың “Апакеме” бир аз жетпей калгандай болуп жатат...
– Эл бул ыр менен мени тааныды, анан ошондой ыр күтүшөт окшойт. Андан кийин да жакшы ырларым чыкты. Жеңил-желпи ыр ырдабайм дегем, бирок түрдүү абалдар болот тура. Мисалы, тойлордо эл кайгырып отуруп калбашы керек экен. Аларга шаңдуу музыка керек. “Апакем” тойдо тартылган видеодон улам элге жакшы тарап кеткен деп ойлойм. Адамдардай эле ырлардын да тагдыры болот. Кээде сонун ыр да таралбай калат.

– Музыкалык аспаптардын жан дүйнөсү болот дешет, сага сезилеби?
– Мен комузду 1-классымда чертип ырдап жүрчүмүн. Аккордеондо агам ойночу. Ал убакта бул аспапты алыш да оңой эмес эле. Өзүм эле үйрөнүп алгам. 1-класста эле ойногонду билчүмүн. Бирок аккордеон чоң болгондуктан, толук кандуу 5-классымда черте баштадым. Борборго келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун аккордеон бөлүмүнө тапшыргам. 1-курста эле 5-курстагы балдардан тыңыраак чертчүмүн. Ошол жерден 5-курстун балдары тойго барып ырдап жүрүшчү экен, мени аккордеончу кылып кошуп алышты. Ошону менен азгырылып кеттим (күлүп). Окууну да толук бүтө албай калдым. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алгам, эми бүтүрөйүн деп жатам. Көпчүлүк студент кезинде ата-энесинен акча алышат эмеспи, мен алмак тургай, кайра аларга акча салып ийчүмүн.

Жан дүйнөсү бар деп жатпайсызбы, мен аккордеондун жан дүйнөсүн сезем. Аны асынганда эле үнүм ачылып кетет. Мындай ырдасам кээ бир ноталарды ала албай калам. Үн жаздырган жигит аны байкап калып колума бир чоң сумканы көтөртүп алып ырдатып, үн жаздырганы эсимде. Сахнага чыкканда да аккордеонсуз чыксам колумду кайда коёрумду билбей жүдөй берчүмүн (күлүп). Акыркы учурда карантинге байланыштуу үйлөрдө өткөрүлгөн тойлорго барып жатам. Ошол учурда да аккордеон менен үнүм ачылат. Жарык өчүп калса деле аккордеонум экөөбүз өчпөй ырдай беребиз.

– Кийинки учурларда кызың менен түз эфирлерге катышып жатыптырсың. Кызыңдын талантын таптоо үчүн аракет кылып жатасыңбы?

– Бул жакка да жетелеп алайын дегем. Бирок апасына кошуп жибердим. Карантинге байланыштуу бала бакчалар иштебей жатпайбы. Күндүз кызым экөөбүз чогуубуз, апасы жумушта. Кыз бала атасына жакын болот деген чын окшойт. Мага аябай жакын. Анан түз эфирлерге чакырып калса ээрчитип алам. Таланты тууралуу айтсам, музыканы жакшы сезет, жакшы ырдайт. Жеке баракчама кызымды ырдатып, видеосун жүктөп койсом көп комментарий жазышат. Сүрөтүн жүктөсөм да мага караганда жакты белгисин көп алат. Ошол жактан көрүп калып кызым экөөбүздү чакырышат окшойт.

– Кайсы бир учурда жубайлар кризиске кабылышат дешет, силерде андай болду беле?
– Көп учурда жубайлар акча маселеси үчүн урушуп кетишет эмеспи. Мен борборго келгенден баштап эле тойлорго көп барчу элем. Пайдубалын, балким, түзүп койдумбу, бизде андай болгон жок. Эми такыр эле чырдашпай жашагандар болбойт го. Бардык жубайлардай эле таарынышып кетебиз, бирок үйдөн чыкпайт. Ал төркүнүнө кетип, мен башым оогон жакка барып чоң таарыныч болуп көрө элек. Андай нерсе болбой эле койсун.

– Ишен деген ысымың үчүн ишеним тууралуу сурагым келди. Адамдарга бат ишенесиңби же күмөн санай берген адатың барбы?
– Келинчегим “сен тарс эле чечип салбай, көпкө ойлоносуң” деп айтып калат. Ошондон улам менде адамдардан күмөн саноо көбүрөөк пайызбы деп ойлойм. Бирок, шүгүр, 100 пайыз ишене турган адамдарым бар. Мага башкалар канча ишенет, айта албайм.

– Алдымда турган ырчы жигитти өзүң жасадыңбы, же чөйрө жасадыбы, же устат жасадыбы?
– Ырчы катары бул атымды өзүм жасадым.Чөйрөнүн таасири болду, бирок өзүмдүн салымым күчтүү болду. Анткени ырларымды албай коюшкан учурлар болду. Ошентсе да мен ушул кесипти аркаласам деген каалоо, аракет күч болду. Тырыштым. Анан, бактыма жараша, “Апакем” ырым атымды жакшы тургузуп берди. Бирок кандай болсо да мен мурунку эле Ишенмин. Элге азыраак таанымал болгонум болбосо, мурункудай эле жигитмин. Атам дайым “эй, бала, жөнөкөй жүр” деп айтып турат.

– Сага ата-энеңдин кимисинин таасири күчтүү?
– Тарбияда экөөнүкү тең бирдей. Талант жагы тай жагымдан өткөн болуш керек. Ушинтип маек берсем эле атам чычалап кетет (күлүп). Бирок ушундай. Негизгиси, экөө тең аман-эсен маңдайымда жүрсө болду. Анткени коронавирус күчөп жатканда ата-энемди ойлоп уктабай чыккан күндөр болду. Кудай сактап оорушкан жок.

– Ата-энелер маңдайыбызда аман болушсун! Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Begimkyz
2020-10-12 16:17:05
Сонун маек болуптур го) и
0
Margana93
2020-10-15 15:18:50
Ишиңе ийгилик ишен
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан