ТООЛУУ КАРАБАХ РЕСПУБЛИКАСЫ
Борбору: Ханканди
Түзүлгөн жылы: 1991-жыл, 2-сентябрь
Калкынын саны: 150 932 (2015-жыл)
Аянты: 11 458 чарчы чакырым
Батышы Армения, түндүгү жана чыгышы Азербайжан, түштүгү Иран менен чектешет. Ал тоолуу жана токойлуу географиялык түзүлүшкө ээ. Калктын 80 пайызын армяндар түзөт.
ЧАТАКТЫН ТӨРКҮНҮ КАЙДА ЖАТАТ?
Чатак 1988-жылы февраль айында башталган. Анда Ереванда Тоолуу Карабахтын Армения менен биригишин талап кылып, бир миллион адам массалык түрдө жүрүшкө чыккан. Карабах автономдук облусу Азербайжан
ССРинин курамынан чыгарын айткан. Карабахтын калкы мурунтан бери эле Арменияга ыктап келет.
Советтер Союзу ыдыраган соң тиреш дагы күч алып, 1994-жылы Азербайжан Тоолуу Карабахтын басымдуу бөлүгүн көзөмөлүн колдон чыгарган болчу. 1992-жылдан тартып бул абалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет.
1994-жылдын май айында Орусиянын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу боюнча атайын келишим түзүлгөн. Ошол эле жылы сүйлөшүүлөрдүн бири Бишкекте өткөн. Аны Кыргызстандын легендарлуу парламенти колго алган. Тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, куралдуу кагылыштар токтотулуп, соңуна чыккан. Бирок Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы мамиле алиге чейин туруктуу эмес. Дүйнөлүк коомчулук эгемен мамлекет катары тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болуп өттү.КӨП ЖЫЛДАН БЕРКИ САЯСИЙ ТИРЕШ КАЙРАДАН ОТ АЛДЫ
Армения менен Азербайжан чектешкен жана өзүн эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах аймагында 27-сентябрга караган түнү куралдуу кагылышуу болду. Баку менен Ереван жагдайдын ырбап кетишине бири-бирин күнөөлөп жатышат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирген. Баку да Азербайжан күч түзүмдөрү 2 армян техникасын жок кылганын айтып чыкты. Армения бийлиги 28-сентябрга карата 16 аскер каза болуп, дагы жүздөйү жаракат алганын айткан. Армения Азербайжан тараптан эки жүздөн ашык аскер, элүүдөй техника жок кылынганын маалымдаган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 1-сентябрда Сириядан жалданма аскерлер Түркиянын Газиантеп аймагы аркылуу Тоолуу Карабахка алынып келингени боюнча далилденген маалымат бар экенин билдирди. "Үч жүзгө чукул сириялык согушчандар Алепподон Түркиянын Газиантеп аймагы аркылуу Тоолуу Карабахтагы жаңжал болуп жаткан аймагына жеткирилген",- деди ал. Түркия болсо бул айыптарды кескин четке кагууда. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын кеңешчиси Илнур Жевик дооматтарды "далилсиз маалымат" деп сыпаттады.
Эки тараптын келишпестигинен улам Тоолуу Карабахта аскерлерден сырткары жай тургундар да каза болууда. Эки тарап тең жергиликтүү калктын өлүмүнө бири-бирин күнөөлөшүүдө. Ереван 2 тургундун өлүмү, Баку 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мерт кеткени тууралуу билдиришти (28-сентябрга карата).
ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН АРМЕНИЯНЫ КЕПКЕ КЕЛҮҮГӨ ЧАКЫРДЫ
НАТО аскердик уюму Карабах аймагындагы жарандардын өлүмүнө тынчсызданып, кагылышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды.
Өлкөдөгү абалга Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа биримдиги, албетте, анан Орусия байкоо салып турат.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш тараптарды Тоолуу Карабахтагы согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды. Гутерриш Армения жана Азербайжандын лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.
Түркия бийлиги Карабах чырында Азербайжанды колдойт. 27-сентябрда Тоолуу Карабахта кагылышуу башталгандан тарта эле президент Режеп Тайип Эрдогандан баштап, Түркия бийлиги Азербайжанды катуу колдоп жатат. Франция, АКШ жана Орусия лидерлеринин Ереван менен Бакуну тынчтыкка чакырганына карабастан, жаңжал токтой элек. Ал эми Түркия болсо тынчтык сүйлөшүүлөрү маңызын жоготконун белгиледи. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.
«ТОЛУК КАНДУУ СОГУШ КОРКУНУЧУ ЖОК»
Аскер эксперти Виктор Мураховский: “Тоолуу Карабахта курчуп бараткан абал ири масштабдагы согушка алып келиши күмөн – бул үчүн объективдүү өбөлгөлөр жок”,- деди. “Толук кандуу согуш коркунучу жок, ал үчүн Еревандан жана Баку тараптан өтө көп ресурстар талап кылынат”.
Тоолуу Карабах чыр-чатак аймагындагы жаңыланган согуш аракеттеринен улам расмий Анкаранын ишмердүүлүгүнө пикирин Москва Мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Сергей Маркедонов “Verelq” армян басылмасына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Түркия менен Азербайжандын тилектештиги туруктуу стратегиялык союздаштык. Бирок Анкара тарабынан Азербайжандын иш-аракеттеринин мындай олуттуу колдоосу буга чейин байкалган эмес.
Эксперт тышкы күчтөрдүн кызыкчылыктары жөнүндө айтып жатып, Тоолуу Карабахтагы жаңжал Орусияга кереги жок деген көз карашты билдирди. “Анткени бул анын түштүк чек араларындагы өрт. Аны менен катар чырдын АКШга кереги жок, анткени Баку-Тбилиси-Жейхан мунай станциясы согуш болуп жаткан аймактан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул абал Жакынкы Чыгышта, Жер Ортолук деңизинде Батыштын кызыкчылыгына да туура келбейт. Мындан тышкары биз Түркия менен болгон мамилебизди мүмкүн болушунча позитивдүү түрдө сактайбыз деп ойлойм, бирок ашыкча атаандаштык, албетте, жакшы эмес”,- деди Сергей Маркедонов.
Жумабай Акимов