НУРЗАТ ТОКТОСУНОВА: “КҮЙӨӨМ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ”

Алпаруучу Нурзат Токтосунова жолдошу Максат Надырбеков менен ажырашканын жана “Биримдик” саясий партиясынан чыккандыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бүгүн партиядан чыгуу арызымды бердим. Күйөөм менен ажыраштым. Кудай мага күч берсин! Учурдан пайдаланып, мага ишеним арткан партияга жана шайлоочуларыма ыраазычылык билдирем",- деди.

Нурзат Токтосунова 2015-жылы тамада Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде заманбап тоюн беришкен. Түгөйлөр 2019-жылы 13-февралда кыздуу болуп, атын Акбермет коюшкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Talantus
2020-10-12 11:35:31
Буга да эркек тут келбейт экен.
+9
aybekerlan
2020-10-13 11:46:01
Talantus,Ким билет? Балким торобогондугу учун ажырашкандыр. Кызын багып алган дешет. Куйоосу ошондуктан кеткендир. Ажырашканына да 1-2 жыл болгон дешет.
+3
Azima79
2020-10-22 14:55:48
Talantus,Бул да болсо пешенеси экен да,каап...
+1
ainura220888
2020-10-12 13:04:57
Нурзат эже эми жашоо сиздики, бирок аял киши чыдамкай болуш керек. Кучтуумун кучтуумун дейсиз кучтуу аял ажырашбайт. Кучтуу аял очогун сактап тырышып анча мынчага коз жумуп женип жашайт. Ошол кучтуу аял.сизден бир кыйла жашмын 10жылдан бери кайненем менен жашайм бирда жолу бетин карап каяша айткан эмесмин бул менин женишим. Себеби азыр мамилебиз эне кыздай. Жолдошума келсек казан аяк баарында кагышат. Кээде аялдык куулук кылып кээде бир тепкич ылдый жылып жашап журом.
+24
oshondoiraak
2020-10-12 13:17:04
Сууда спортсмен которуп алган Нурзатты жыналач ошондо эле тунулгомун
+13
tokuw
2020-10-12 18:04:48
силерге эмне?,бироонун турмушун жашап билгендей сындайсынарго.Ар бир адам баласы кемчиликтуу болот.Аллах кимге кандай тагдыр жазса ошону коробузда.Ар бир адам кылган учун жооп берет.
+1
Omyrova
2020-10-12 22:39:46
Эми биз билбеген нерселери бардыр...Бирок,күчтүү,кыйын,болумуш болуп жатып турмушубузду өзүбүз бузуп алабыз.
+16
KaGaH
2020-10-13 01:39:55
Таң калып кереги жок буларга
+5
Aimani
2020-10-13 02:48:28
Болду эми турмушка чыкпа эрдин санын көбөйтүп. Кызын бар кучагына катып, канатына калкалап чонойтуп ал.
+5
asyl1998
2020-10-13 08:37:40
Негизи ушул Нурзаттын бети башын хиджабка чумкоп алганын жактырган жокмун. Кыргыздын кыз келиндери эч качан бети башын тумчулап алып, жашоо турмуш откоргон эмес. Тескерсинче чачтарын кое берип, сулуу корунуп, оздорун татынакай алып журушкон
-8
asyl1998
2020-10-13 09:43:29
Нурзаттын мурдагы бети башын хиджабка тумчулабай, чачтарын кое берип жургон кези абдан жылдыздуу, татынакай корунчу. Азыр хиждабы менен анын бири да жок.
-3
Bermet01
2020-10-13 14:05:10
Кыргыздын кыз келиндери улгайган карыяларга окшоп бети башынарды жоолук менен тупчулап оробой элк коюшса. Аял киши дайыма чачтарын кое берип, жылдыздуу корунуп турса оздоруео жакшы.
-7
Aruuzat14
2020-10-13 18:28:46
Bermet01,Кыргыздын салты боюнча чачын эри олгон аял чачын кой берет жесир аялдар
+8
Nurzat2020
2020-10-13 20:14:48
Bermet01,Ар кайсы аккаунт менен кирип эле жаза берипсин да,чачын койо берип деп эле,былжырабай динден сабак ал!же каапырсынбы?каапыр болсон серковьго барып сыйына бер крестигини тагынып алып.
+9
Aruuzat14
2020-10-13 18:27:19
Арким оз жашоосун озу чечет эмнеси болсода бул бир келген жашоодо бактылуу болсун
+7
umarlina55
2020-10-14 11:54:46
чужая семья-тёмный лес!эч нерсени билип,билбей сындабайлы!
+4
iamjuma
2020-10-27 07:50:53
Нурзат кичинесинен эле акылдуу,сөз байлыгы кенен кыз.Билимдүү,мындай инсандарды барктап,баалообуз абзел.
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан