КЫЗСАЙКАЛ КАБЫЛОВА ҮЙЛҮҮ БОЛДУ

Ырчы Кызсайкал Кабылова көп кабаттуу үйлөрдүн биринен батир алды. 2 бөлмөлүү батирди кызына арнап алганын айткан ырчы буларды билдирди:

– Кыз баланын жашоосунда ар кандай окуялар болуп кетет экен. Кызымдын келечеги үчүн үй алайын деген планым бар болчу. Ошол оюмду ишке ашырып, жаңы курулуп жаткан үйдөн батир алдым. Бул үйдүн курулушу жакында толук бүтөт. Буюрса, ичин өзүбүз каалагандай жасап алып, кызым экөөбүз жашайбыз же ижарага берем. Эгер ижарага берип калсам, акчасын кызым үчүн аманат кылып топтойм.

Үйдү 2 жылдык мөөнөткө бөлүп төлөө менен алдым. Эч кимден жардам алган жокмун. Батир аларымды ата-энем дагы билген эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2020-10-12 12:55:08
Молодец. Кыйын кыз экенсин
+6
asyl1998
2020-10-13 09:40:27
Кыздар бети башынарды хиджабка тумчулап чумкобой эле койгула. Андан коро кыз киши чачын кое берип, жасанып, жылдыздуу корунуп турса кандай сонун
-1
Nurzat2020
2020-10-18 05:08:50
asyl1998,Кайерде болсо сенсин,бир созуну кайталап эле,журо бер озун бут жагыны ачып жылдыздуу болуп баарын каратып.
+2
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан