– 2020-жыл, 25-август. Мен үчүн каргашалуу күн катары түбөлүк эсимде калды. Бул күнү жалгыз уулум Эркинтайымдан ажырадым. Ыйга, муңга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп, баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк. Башыбызга азап жана кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп, жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп, кайрылган канатымды сүйөп, уулумдун рухуна бата-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем!
Уулум Эркинди Жаратканым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын! Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу, тарбиялуу, билимдүү, жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болоюнум, Сайкал экөөбүз сени чексиз жакшы көрөбүз. Кош бол, уулум, Кудай буюрса, акыретте жолугушабыз!
Ушул "Мама" аттуу ырды Эркинтайым каза болорунан 2 апта мурда мага арнап жаздырган экен. Көзү өткөндөн кийин мага жөнөтүштү. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги. Кагылайын каралдым, мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын, сен да мага ыраазы бол!