Маданият жана шоу-бизнес өкүлдөрү "Элдин үнү" аттуу кыймыл түзүштү. Алар шайлоодон кийинки нааразычылыктан улам келип чыккан баш аламандыкка, кызматтык дайындоолорго кайдыгер эместигин билдиришти.– Биз элдин үнү, көзү болгубуз келди. Бизге кресло, папканын кереги жок. Бизге тынчтык, мыйзамдуулук керек. Баарыбыздын талабыбыз бир – бүгүнкү түзүлгөн координациялык кеңештин курамына сөзсүз түрдө жаштар жана айымдар кошулсун. Анткени митингди, бийликти басып алууну жаштар жасады.
Азыркы тапта мандаттарды, кызматтык орундарды бөлүштүрүү болуп жатканын баарыңыздар көрүп жатасыздар. 6-октябрга караган түнү жасаган аракеттердин баары текке кеткендей болду. Биз мыйзамдуулук орноп, парламенттин толук түрдө жаңылануусун талап кылабыз,- дешет белгилүүлөр.