СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мени зордоп аборт кылдырганы алып барды. Ал жактан да бир медайымдын жардамы менен терезеден качып чыктым. Мен ал наристени төрөгүм келди. Анткени кыздарымды сагынып жүргөм. Ооба, мен сүйүү үчүн кыздарымды таштап кеттим. Көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды. Бирок мен таш боор, такыр сезими жок адам эмес элем. Бир гана алардан ажыроо мага канчалык оор болгонун билем. Өзүм менен кошо сүрүндү кылгым келбеген, анткени бет алган жагым туңгуюк эле. Атасы аларды кандай болсо да жакшы адам кылып тарбиялап чыгат деп ишенген үчүн таштадым.

Бактыгүл эчен жыл катып келген, эч кимге айта албаган арманын айтып жатты. Алдында отурган кызы экенин да унутту. Бир билгени, ушу күңүрт бөлмөдө өтмүшүн айтып берип, өмүр бою ага тынчтык бербей келген нерседен бошонуу эле. Кудум Кудайдын сурагынын алдында отургандай абал болчу.

– Боюмдагы наристе мага керек эле, анткени анын атасын жанымдан артык сүйгөм. Ал жашоомдо болбосо да, баласы болсо андан ары жашап кеткенге күч табам деп ойлодум. Бирок ал түшүнгөн жок. Мени өзүнө бала аркылуу байлап алып жаткандай сезди. Мени кууланып жаткандай көрдү. “Баланы аман кой, сага эч кандай залакасы тийбейт” деп жалындым. Болбоду. Анткени шайлоонун алды болчу, ал депутаттыкка аттанып жаткан. Эркек үчүн бийликтен ашкан кумар барбы? Жок! Менин клиникадан качып кеткенимди билгенден кийин таап алып, аябай катуу сабады. Атайын баланы түшүрүү үчүн кылды. Мурда талуу жерлериме урчу эмес. Атайын курсагыма тепкилеп жатты. Өзү чарчап, мен эсимди жоготкондо гана токтоткон экен. “Тез жардам” аркылуу ооруканага түшүп калыптырмын. Ошентип 5 айлык балам боюмдан түштү. Эркек бала! Үч кызым болгону үчүн эркек баланы аябай кыялданып жүргөн элем. Ичимден бир нерсе сынып калгандай болду. Жашоого байлай турган эч нерсем калбай калды. Ооруканадан чыккандан кийин жалгыз отуруп ичтим. Тамак да жеген жокмун. Эртеси дагы, анан дагы... Ошентип отуруп ичкиликке берилип кеттим. Мен кайсы жолго түшүп бара жатканымды билдим. Бирок токтоно албадым. Ичимдеги боштукту башка эч нерсе менен толтура албай калдым. Эсимде калган бардык нерселерди унутуш үчүн иче бердим.

– Унута алдыңызбы?

– Жок, унута албадым.

– Кыздарыңызды ким чоңойтту?

Бактыгүл Айтурганды тиктеп турду. Өзүнүн кызы! Сулуу көздөрү менен боору ооруп отурган өзүнүн кызы. Майып кызы. Канча жылдан кийин күйүтүн, арманын айтып жатканын көр. Уялбай ичиндеги жүгүн бул байкуштун ийинине жүктөп жатканын кара. Өзүнөн өзү уялып турду Бактыгүл. Бирок Айтургандын таптаза көздөрүнөн эч кайда качып кутула албады. Периштедей тунук караган көздөр андан чындыкты талап кылып турду.

– Мен улуу кызымды эрте төрөдүм. Ал башка окуя. Анын кайда, эмне болуп чоңойгонун билбейм. Бир билгеним – жакшы бир адамдардын колунда мыкты тарбия алып чоңойду. Азыркыга чейин анын тагдыры тууралуу билбейм.

– Кийинки эки кызыңызчы?

– Бири атасынын колунда калыптыр, экинчисин атасынын эжеси багып алыптыр. Туура кылышкан экен. Анткени ал эки гана жашта болчу. Эч нерсе билбей калды. Эрке, эркин, боорукер кылып чоңойтушкан экен. Ал – Салима.

– Атасы менен калган кызыңызчы?

– Ошол турмуштун запкысын көп көрүп калгандай. Ал такыр башкача кыз. Жашоомдо көргөн эң күчтүү аял. Бирок күчтүүлүк деген эмне? Көкүрөгүнүн түпкүрүндө мени кечирдим деп ойлогону менен, дагы деле күнөөлөйт. Өзү үчүн да эмес, менимче, атасы үчүн. Анткени атасы менен аябай жакын эле. Төрөлгөндөн атасынын кызы болду.

– Анан качан ичкиликтен дарылануу чечимин чыгардыңыз?

– Кыздарым мени издеп келгенде. Мен өзүмдү эчак көмүп салганым менен, алар мени көмбөгөн экен. Дагы да болсо аларга керек экенимди айтышты. Оор абалда экенин, менин жардамым керек экенин айтты. Дагы бир жолу таштап кетпешимди өтүнүштү. Мен анткенге акым жок болчу. Аябай кыйын дарыгерлердин жардамы менен айыктырышты. Андан айыктым, бирок жүрөктөгү жарамдан кантип айыгышты билбейм.

– Эмне үчүн?

– Мен жолумда бир топ тагдырды кыйратып кеттим. Эсеп жетпейт. Үч кызымдын, кыздардын атасынын, ал тургай неберелеримдин тагдырына мен күнөөлүүмүн. Мен өзүмдү бул күнөөдөн кантип жууйм? Жардам бер мага, мен бул күнөөмдөн кантип арыларымды билбейм. Жардам кыл мага! Жол көрсөт.

Аял энтигип ыйлап жиберди. Айтурган коляскасын жылдырып келип аялды кучактай берди. Бактыгүл кызын кучактап, өпкө кага ыйлап жатты.

– Чүш, мына, эми айыга баштадыңыз. Эмки жолу мындан да жакшы болот.

Экөөнүн тең жүрөгү жаралуу болчу. Экөө тең жанын кайсы жерге коюп жашоону улантууну билбеген энеси менен кызы эле. Бирок өздөрү да билбей, бирине-бири даба болуп жатышты. Айтурган ошол окуядан кийин эмнегедир чыйрала түштү. Өзүнүн жардамы дагы да болсо кимдир бирөөгө керек экенин сезе баштады. Мурункудай төрт дубал ичинде жатпастан, жашоонун кызыкчылыгын көрө баштады. Кээде жылмайып, кээде күлүп калчу болду. Күлкүсү мурункудай шаттуу эмес эле. Мурункудай бактылуу эмес эле. Ошентсе да жашоосуна бир үмүт киргенин байкады.

“Сенден кийин... Искендер, сенден кийин жашоо бүттү деп ойлогом. Анткени сен менин бардык нерсем болчусуң. Бир аял бир эркекти мынчалык сүйбөш керек тура. Бактыгүл эженин окуясын уккандан кийин менде бир өзгөрүү пайда болду. Бул аялдын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирген сайын мен өзүмдү таап жаткандаймын. Менин айлар бою издеген суроолорумдун жооптору ушул адам сыяктуу. Анткени ал дагы мендей болуп өлүмдүн оозуна барып, кайра келген экен. Ким үчүн? Сүйгөн адамы үчүн. Ичиндеги күйүтү, арманы, ызасы, бардыгы меникиндей. Ал тургай эч нерсеге карабай сүйгөнү да мендей. Аны менен өткөн сеанстарымдын ар бири мага да сабак. Экөөбүз такыр эки башка учурда эки башка тагдырды жашасак да, бир окшоштук бар.

Сенден кийин... Мурункудай эле жамгыр жаап жатат, биздин балкондон жамгырдын жыты келет. Тамчылардын тыпылдагынан угуп жатам. Сен болсоң мени катуу кучактап, бир нерселерди айтып күлдүрөт элең. Экөөбүз көпкө жамгырлуу кечтерде сүйлөшүп жатчу элек. Мен сага бардык нерселерди айтып берчү элем. А сен угуп жата бергенди жакшы көрчүсүң. Көзүңдөгү сүйүүнү көрчү элем. Кызык, качан менден алыстап кеттиң? Эмнеге байкаган жокмун? Макул, бул суроолор менен өзүмдү эзбейм деп чечкем. Жашоо уланып жатат. Сага күндө куран окуйм. Сени, балким, кечире албай жатам, бирок Жараткан сени кечириши үчүн дуба кылам. Ах, Искен, мен сени кандай сагындым бир билсең. Кээде кийимдериңди коюнума алып жатып жыттайм. Жытың калган сыяктуу сезилет. Мен качан айыгам? Бактыгүл эже качан айыгат?”

Айтурган күндөлүгүнө күйөөсү тууралуу күндө жазчу. Акыркы күндөрү бул күндөлүккө күн сайын тамаша, жашоого болгон үмүт жазыла баштады.

ххх

– Апам Айтурганга жакын болуп кетти окшойт?- деди Аяна Салимага.

– Ооба, ал психолог эмеспи. Күндө бир маал сеанс кылышат. Апам көп учурда ыйлап чыгат. Айтурган да азамат, апама жардам берип жатканы сүйүнтөт. Чындыгында ишин мыкты билет экен. Балким, сен да сеанс алсаң кантет?

Аяна сиңдисин жаздык менен уруп калды.

– Э-эй, чын айтам. Кийинки айда өзүм да жазылсамбы деп жатам.

– Сага психологдун кереги жок.

– Эмнеге, мен адам эмесминби? Мен да адаммын, бул таң калычтуу үй-бүлөнүн бир мүчөсүмүн.

Аяна күлүп калды. Аны минтип Салима анан балдары эле күлдүрө алат. Мурун Искендер да бар болчу.

– Эже, сен күлгөндө аябай сулуу болуп кетесиң. Бирок аз күлөсүң. Өзүңө бир эркиндик бер, күл, жырга, али жашсың, жигит тап.

– Менби?

– Искендер өлдү, эже. Ал кайтып келбейт!

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан