6-октябрда Кыргыз жеринде кайрадан төңкөрүш болду. Шүгүр, чоң жоготуулар болгон жок. Музыкант Курмангазы Азыкбаев «төңкөрүштүн башынан аягына чейин жүрдүм» дейт. Орто жерде аны Маданият министрлигине барып өзүм билемдик менен отуруп алды деп чыгышты. Андан кийин ал видео кайрылуу аркылуу андай болбогонун кабарлады. Маегибиз ушул өңүттө болду.
– Курмангазы агай, төңкөрүш болду. «Улам бири барып каалагандай кызматтарды ээлеп жатышат» деп социалдык тармактарда чыгып жатат...
– Төңкөрүш болду. Жанды оозго тиштеп башынан аягына чейин ушул жерде турдум. Бирок кайра эле «чимкириктер» келгенге аракет кылып жатышат. Революцияны жаштар баштады. Бул жаштардын, элдин жеңиши! Азыр эч нерсе белгисиз. Учурда мен Жогорку Кеңештин эшигинин алдында турам. Эгерде баягы эле чириген саясатчылар келип алса, биз аягына чейин турабыз. Эч бир жаштардын партиясын жолотпой жатышат. Бузулбаган, жаш партияларды, жаш лидерлерди жолотпой жатышат.
– Сиздин министр Азамат Жамангуловдун кабинетинде сүйлөп жаткан видеоңуз чыкты. Ага катар эле сизди министрлик орунду алып алыптыр дешти. Кандай жооп айтасыз?
– Саат түнкү үчтө Ак үйдү алышты. Андан кийин чоң-чоң имараттарды талкалап салышпасын деп ойлодук. Ак үйдөгү сүрөттөрдү тоноп кетишти, ошондой болбосун деп мен баштап бардым. Биз Маданият министрлигин кайтарганы барганбыз. Эшиктин оозун тостуруп, кайтарып турдук.
– Сиз сүйлөп жатканда министр Азамат Жамангулов кайда эле?
– Жанымда турган. Мен министрликти эмне кылам? Өзүмдүн оркестрим бар. Элге кадыр-баркым бар. Мага ал креслонун тыйынчалык да кереги жок. Бирөө жалган жалаа жаап «Курмангазы министрликке барып отура калыптыр» деп жазса, баары чын-бышыгына жетпей мени сөгүп жатып калышты. Аны угуп, маданият ишмерлери келип «силер кандайча келип отуруп калдыңар?» дешти. Алардын баарына тең жооп бердим. Мен андай эмесмин, бирөөнүн креслосуна көз арткан жокмун. Элдин мүлкү үчүн келдим. Азыр баары эле «революцияны биз кылдык» деп жатышат. Эй, эл кылды! Элдин кокосуна жетип кеткени үчүн кылды. Анысы аз келгенсип кыргызды экиге эмес, төрткө бөлүп жиберишти. Азамат өзүнүн ордунда отурат, легитимсиз эле бирөө келип отуруп калгандай бул эмне оюнчукпу? Биз ошол министр менен чогуу маданияттын көйгөйүн чечебиз. Министрликти көп нерседен арылтыш керек, көбүн айдап чыгыш керек. Мен аны менен алек болгончо чыгармачылыгым кайда калат?
– Мындан кийинки кадамыңыздар кандай болот?
– Жаңылар келиши керек. Эскиден эч ким калбашы зарыл. Мына ушул талап менен турабыз. Башка эч нерсенин кереги жок. Ушул нерсени кылып алгандан кийин кыргыз деген улуттун идеологиясына иштейбиз. Ошол идеологиянын багытын жаштарга таап беребиз. Биз ушул үчүн күрөшүп турабыз. Эшик суук, ачкабыз. Мына өзүң көргөндөй үнүм чыкпай калды. Ошого карабай турам.
– Сиз мурунку төңкөрүштөргө да катышкансызбы?
– Мурунку экөөнө тең катышкам. Анда балдарым жаш эле, жаныма ээрчитип жүрүп катышкам. Азыр чоңоюшту. Үч уулум тең жанымда мени коргоп жүрүшөт. Жанымда турган Сыймык Жапыкеевди арматура менен башка чаап кетишти. Көрсө, арабызда эле душмандар болот экен. Нургазы, Нурсултан да эл үчүн күйүп жанымда жүрүштү. 10-класста окуган Бексултан деген уулум да колонкаларды ташып жүрдү. Мына ушул уулдарымдын келечеги, элдин келечеги үчүн башты сайып жүрөбүз. Нурайым болсо үйдө, жаңы эле төрөгөн.
– Үнүңүз кечээ такыр чыкпай калган эле. Бүгүн жакшыраак болуп калыптыр.
– Аянтта кыйкырып жатып үн чыкпай калат экен. Анан үшүп да калдык окшойт. Ал жерге кирсин, элдин үмүтү акталса болду.
– Жубайыңыз сиздин коопсуздугуңуз үчүн кабатыр болуп жатса керек?
– Коркуп жатат. Кечээ министрликте отурганда тамак ташып жатты. Штабдан «дружина» түзүлүп, түнү менен шаарды кайтардык. Үч жарымда араң тарадык. Бүгүн кайра келдим. Азыр шаарды коргоп, мэрияга жардам беришибиз керек.
– Элге сөзүңүз...
– Чоң нерсе үчүн курмандык керек болот экен. Биз эски систем талкалансын, жаңы нерсе келсин, эл тентибесин, балдар туруктуу өлкөдө чоңойсун, мамлекетибиз сакталып калсын деп тырышып жатабыз. Жаңы жүздөр, акылдуу, илимдүү, билимдүү жаштар келсин. Бир креслону алып алайын, отура калайын деген такыр ниет жок. Жанымда Кара-Кулжадан бери келген аксакал турат. Буга ошол креслонун эмне кереги бар? Биз келечек үчүн күрөшүп жатабыз. Эл ойгонсун! Эки жолу тең революцияда кайра баягылар келип алышкан. Бул жолу да өзүнчө барып, келишим түзүп алышты. Ушул жакшыбы? Бул жолу андайга мүмкүнчүлүк бербейли.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева