Гүлнур Асанова, ырчы: «ДҮНҮЙӨНҮН АРТЫНАН ЧУРКАБАЙ КАЛДЫМ»

Жоолук бул кызга жакшы жарашыптыр. Арыктап да калыптыр. Мүнөзү да өзгөргөндөй. Мурда ачык-айрым эле, азыр созолонот. Мурда да жан дүйнөсүнө терең кирип, сырларын айттырууга жол берчү эмес. Өтө жабык адам. Бирок ары өтүп, бери өтүп ачууга аракет кылдык. Ырчы Гүлнур Асанова чыгармачылыгы, өгөй атасы тууралуу айтып берди.

– Гүлнур, саламатсызбы? Жоолук салынганыңыз жашооңуздагы чоң бурулуштардын бири болду окшойт. Көптөн бери даярданып жүрдүңүз беле? Же бул бат эле кабыл алынган чечим болдубу?

– Саламатчылык! Жоолукту бир күнү тура калып эле салынып калган жокмун. Көп жылдан берки даярдык. Кыскасы, ойлонбогон нерсе болуп кетти деп айта албайм. Студент кезде курбуларым менен чогуу Кадыр түн тоскону мечитке барчубуз. «Мына, буюрса, жамынам» деп баратканда эле адамдардан терс нерселерди көрүп калып артка чегинип калчумун. Көп нерсени пландап, ойлоп, сүйлөй бергенибиз менен, баары Жараткандын буйругу менен болот экен.

– Жоолук чыгармачылыкка тоскоол болбойт бекен?

– Тоскоолдугу бар. Бирок мен бул кадамга ойлонуп туруп бардым. Азыр кабыл алган чечимиме сүйүнөм. Эми шариятка туура келген ырларды аткарганга аракет кылам. Балким, такыр чыгармачылыктан көрбөй каласыздар.

– Жоолук салынгандар «өзүмдү корголуп тургандай сезип калдым» дешет. Сизде кандай сезим болду?

– Туура. Эркектин көзүнөн корголуп калат экенсиң. Чыгармачыл адам болгондон кийин мурда мырзалар карап, жаныңа келип сүйлөшүп, таанышкысы келчү. Жумуш боюнча да, мындай да сунуштарын айттырышчу. Азыр андай көздөрдөн алыс болуп калдым.

Ошондой эле адал жашоону издеп, сабыр кылууну үйрөнүп жатам. Өтө кекчил элем, ал сапаттардан арылуудамын. Кудайга шүгүр.

– Кыргыз салттуу музыкасын чет өлкөгө жайылткан адамдардын бирисиз. Эми кандай болот?

– Акыркы учурда чыгармачылыгымды колдогон күйөрмандарымды ойлондурган ушул маселе болуп жатат. «Салттуу музыканы чет мамлекеттерге даңктап, жайылтып жүрүп ушинтип таштап коёсуңбу? Жоолук сени чектеп койду го» деп кабатыр болуп жатышат. Буга бир гана жообум бар. Балким, көзүм өткөндөн кийин бул жетишкендигим менен тарыхта калышым мүмкүн. Бирок акыретте «салттуу музыканы жайылттым эле» деп жооп бере албайт экенмин. Албетте, бул жаатта көп иштедим. Кесе таштап салбайм. Бизде жаратылыш маселесин козгогон дастандар бар. Баатырлык эпостор бар. Ошону айтып чыксам болот. Арабдардын маданиятын көтөрүп чыкпайм. Биздин жакшынакай элечегибиз бар, тумагым бар дегендей. Эмне үчүн аларды кийбешим керек? Аларды, буюрса, далай кием.

– Мүнөзүңүз өзгөрдүбү?

– Буга чейин деле тарс-турс жүргөн кыз эмес элем. Токтоо болчумун. Бирок көп жерлерден өзүңдү тыйганга аракет кыласың.

– Жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

– Жакындарым туура кабыл алышты. Апам кичинекей кезимден бери ээрчитип, чыгармачылыгымдын өсүшүнө салым кошкон адам да. Ал чыгармачылыгыма суктанып, телевизордон карап сыймыктанып тургусу келет. «Телевизордон көп эле көрдү, суктанды, болду жетет» дедим (күлүп). Апам «бир аз эрте жамынып алган жоксуңбу?» деди. Мен «кеч болуп калды» дедим.

– Бактылуулук эмнеде экен?

– Бактылуулук динде дешет. Канчалык бул туура экенин азыр жон терим менен сезип жатам. Дүнүйөнүн артынан чуркап, «бул болбой калды, тигил болбой калды» деп сарсанаа болбой калат экенсиң. «Муну ачыш керек эле, жабыш керек эле» деп көр оокат менен жүрүп таң атып, кеч кирип кетет тура. Мисалы, сулуулук салонум тууралуу айтайын. Мурда «филиалын ачсамбы же чоңойтсомбу?» дечүмүн. Азыр ал тууралуу такыр ойлонбой калдым. Себеби ал жактын акчасы арам болуп жатат. Анткени айымдар кирпик улап, тату кылып жатышат. Бул нерсе мени катуу ойлондуруп, «азыр бул мага зыян алып келип жатпайбы» деп тынчсызданып жатам.

– Бир мырзанын карамагына алынып, турмушка чыгып кетейин деген ой болдубу?

– Бардык кыздарда болот да мындай ой. Коронавирус болуп ооруп калганда «өлүп калсам, ушунун баары кимге калат? Балам да жок болсо» деген ой келген (күлүп). Тапканың кимге калары, кимдин карамагында болоруң, мунун баары Кудайдын буйругу экен.

– Арыктап кетиптирсиз...

– 9 килограммга арыктадым. Ден соолугума байланыштуу да арыктадым окшойт. Пандемия күч алып жатканда ооруп калдым. Адам өлгүсү келбейт экен. Жан таттуу болорун ошондо билдим. Тыбырчылап, жашаганга аракет кылдым. Жашоону барктап калдым. «Акыретте кантип жооп берем? Канчалаган күнөөлөргө батып кете беремби?» деп корктум. «Кудай, мени өлтүрбөй турчу, оңолом» деп тилендим.

– Калың элге кино аркылуу таанылгансыз. Сизди алгач тасмага тарткан режиссёр Темир Азем уулу болуптур...

– Бул тууралуу айтсам аябай узак болуп кетет. Убакыт жетпейт. Ошондуктан бул теманы терең казуунун кажети жок. Болгону шарият жолуна түшкөндөн кийин аны да кечирдим. Кыскасы, баарын эле кечирип жатам.

– Ал бизге берген маегинде ден соолугу начарлап, төшөктө жатканын айтты эле. Ал кишиден кабар алдыңызбы?

– Өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин ишенимдүү айта албайм, бирок мага жеткен маалыматтар боюнча, ден соолугу жакшы болуп калганын уктум. Пандемия учурунда өзүм да ооруп калдым. Ал киши да ошол учурда маек бериптир. Журналисттер чалып сурап жатышты. Бирок өзүмдүн жаным кыйналып жатканда ал теманы чукуп, кайрылгым келген жок. Ал кишиге ыраазычылыгымды айта кетейин. Ден соолугу чың болсун! Ошол учурда бири-бирибизге пайдабыз гана тийген. Ар бир адам кемчиликтүү болот эмеспи. Ал кемчилик кетирип алган, бирок ал тууралуу айтпай эле коёюн. Ал «тасма тартып жатканда Гүлнур мектепке бара элек кыз болчу» деп айтыптыр. Мен анда 4-5-класстын окуучусу болчумун. Тасмага кастинг аркылуу баргам. Ал тасманын сценарийин мен суранган үчүн оңдоп жазган эмес. Ал киши ошентип маек бериптир. Тасманын башкы каарманы эркек бала болчу. Мен биринчи планга өтүп кеткенимдин себеби – ал бала ролун жакшы аткара алган эмес, ошондуктан өзгөртүүгө туура келген. Мен жалган сүйлөбөйм да. Анда кичинекей болчумун. Кантип өзгөрт деп суранам? Жакшы аткарганым үчүн биринчи планга өтүп кеткен болушум керек. Сценарийдин өзгөргөнүн билем. Өзгөрткөнгө мажбур болгон. Мени менен иштешкен ыңгайлуу болгон болуш керек. Туура, тасма кеңири тарады. Ошол учурда жашоо кыйын болчу, баарынын жүрөгүнөн түнөк тапты. Уландысын да тартып, үзүрүн көрдү.

– Бул суроо ыңгайсыз болсо кечириңиз. Ал киши сиздин өгөй атаңыз турбайбы?

– Буга чейин, билесиздер, атам тууралуу маек бербей эле коёюнчу дечүмүн. Бул маалымат жайылып кеткенден кийин айтканга мажбур болот экенсиң. Ал киши менин өз атам эмес. Аны чыгармачыл инсан катары, изденген адам катары баалайм. Өйдөдө айтып кеткендей, ар бир адамда кемчилик болот. Ал кишини кемчилиги менен да кабыл алдым. Бирок өзүмдүн атам башка. Аты – Акылбек, фамилиясы – Асанов. Учурда анын башка үй-бүлөсү бар. Тагдыр экен, мен төрөлгөндө ата-энем эки ажырым жолго түшүшүптүр. Өз атам менен 9-класста окуп калганда таанышкам. Ошол бойдон 9 жыл мурун көрүшкөм. Андан бери такыр байланышым болгон жок. Себеби таарынычым жазылбай келген. Мына 2 күн мурун атама өзүм чалдым. Кечиришип, ортодогу маселелерди чечишип, мамилебизди түздөп алдык. Мындан ары мамилебиз түз . Муну мындай түшүндүрөр элем. Кек сактап жүрөктү оорута бербей, кечиришип, жүрөктү тазалап жатам. Качан акыретке кетерибизди билбейбиз да. Ошол жакка таарыныч менен кеткен болбойт экен. Ошондуктан көбүн Жараткандын ыраазычылыгы үчүн кечирип жатам.

– Маекти чыгармачылыгыңыз, элге болгон каалоо-тилегиңиз менен жыйынтыктайлы...

– 2 ыр жаздыргам. Бирөөсүнө клип тартып жатканбыз, 80 пайызы тартылып бүтүп, акыркы эпизоддору эле калды. Жакында клипти элге сунуштайбыз. Бул ыр элди ойлондурган, адепке чакырган ырлардын бири болот. Жараткан менен адамзаттын ортосундагы мамиле баяндалат. Балким, айрымдар ошол ырды угуп, туура жолду тандап, же катачылыгын сезип кайталабай калышат.

Ал эми кыргыз элиме тынчтык каалайм. Мээрим бизде аз экен. Таш боор болуп баратыптырбыз. Ошондуктан бөлүнүп-жарылбай, мээримибизди көбөйтөлү. Кыргызстаныбызда тынчтык орноп, өсүп-өнөлү!

– Айтканыңыз келсин! Маегиңизге рахмат!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Taalaibek.
2020-10-19 17:47:04
Азаматсын Гүлнур Асанова. Ийманын оркундой берсин. Аллах ыраазы болсун.
+8
jaskaaa
2020-10-20 11:18:06
Негедир журок эс алдырар маек болгонбу? Же мага ошондой сезилип жатабы?
Бактылуу болунуз!
+2
sumaya
2020-10-21 00:20:18
Жоолук жакшы жарашыптыр.Жанагы оронгонго каршы чыккан,чачын кое берип боенуп жургуло деп кыздарды угуттогон ник корунбойт го ?)))
+6
narynbek2001
2020-10-22 14:58:25
Кыргыздын кыз келиндери ушинтип бети башынарды хиджаб паранджа менен тумчулап, чумкоп кереги жок. Гулнурдун мурдагы бети башын чумконбой эле жургону жакшы болчу. Чачын кое берип, жасанып, жылдыздуу корунчу эле. Азыр башын хиджаб менен тумчулап алыптыр, мурдугы жыздуздуу жузунун бири да жок. Кеп бети башты чумконуп алышта эмес, баарды ички дуйнодо болуш керек.
-4
sultan_bek
2020-10-22 22:37:46
Дуйнонун артынан чуркабай калдым дегени туура эмес. Динге берилбеш керек. Адам бул турмушта дайыма издениш керек. Адам дайыма искуство, адабият, бизнес менен алектениш керек. Ошондо коом онугот. Аллах берет деген болбогон нерсе. Чала молдолордун жомогуна ишенип, бейиште баары бекер болот деген тушунук - бул жашоодо бизди жакшы турмушка келбейт.
-3
PeRa
2020-10-23 16:04:20
sultan_bek,чүмкөнсө чүмкөнө берсин, башка ырчылар деле жетишет.
0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан