КЫРГЫЗ БАЛБАНЫ АКШда ӨТКӨН МЕЛДЕШТЕ КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Кыргызстандык спортчу Билимбек Алмаматов АКШда өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Ал мелдешке Pan American Championship турниринин IBJJF версиясы боюнча катышкан. Мелдеш 8-11-октябрь аралыгында болуп өттү.

Кыргызстандык балбан 35 жашка чейинки спортчулар арасында ат салышкан. Турнирде сыя түстөгү кур менен “Masters-1” категориясында күч сынашты. Алмаматов 3 ирет кармашып, анын экөөнү өзүнүн пайдасына аяктаган. Бул жыйынтык менен ал 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Эске салсак, Билимбек Алмаматов буга чейин 2019-жылы декабрда жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш тагынган болчу.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан