Түрк сериалдарынын күйөрмандары учурда «Элчинин кызы» аттуу сериалды баса калып көрүп жатышат болуш керек. Сериалдагы кызуу кандуу, эч кимге баш бербеген Санжар аттуу жигиттин ролун аткарган актёр тууралуу билгиңиз келеби? Анда бай жана бойдок Энгин Акйүрек сиздин назарыңызда. Акылдуу, тарбиялуу, жазмакерлик өнөрү бар жигит учурда дүйнөгө таанымал десек болот.
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕРДИН БАЛАСЫ
Ал 1981-жылы 12-октябрда Түркиянын Анкара шаарында туулган. Жылдыз белгиси – тараза. Атасы мамлекеттик кызматкер, апасы үй кожойкеси болгон. Өзүнөн кичүү Эрен аттуу иниси бар. Адатта терең акыл менен сулуулук бир адамда болбойт дешет. Бирок бул жолу табият да жаңылышкандай. Энгин кичине кезинен эле көптү үмүттөндүргөн балакай болгон экен. Китептерди баш көтөрбөй окугандыктан, ата-энеси башка нерсе менен да алек болсун деп футбол ийримине жаздырышат. Футболду жакшы өздөштүргөндөн кийин ата-энеси музыкалык аспаптардын ийримине беришет. Өзү тууралуу маектеринде балалык чагы тууралуу буларды айтат: «Мен бардык ата-эне «ушул менин балам болсо» дегендей бала болчумун. Тентектик кылуу, бейжай басуу, ата-эненин сөзүн укпай коюу менде жок эле. Мен муну жакшы болуш үчүн кылчу эмесмин, болгон мүнөзүм ушундай болчу. Балдар менен тентектик кылганга караганда китеп окуган алда канча кызыктуу эле».
Мектепти бүтүргөндөн кийин Анкара шаарындагы Мамлекеттик университеттин тарых жана лингвистика бөлүмүнө тапшырат. Студенттик күндөрдүн биринде достору аны бир спектаклге катышуусун суранышат. Ошол кичинекей роль аны актёрлук кесипке алып келгенин айтып келет. Ошондон кийин ал эч кимге айтпай драматургиялык ийримге катышып жүрөт. Башка бир кесипти үйрөнүп жатканы менен, актёрлук аны кызыктыра берет. Университетти бүтүргөндөн кийин деле бул кумар жанын койбой, «Түркия жылдыздары» аталган сынакка катышкан. Бул долбоор ага ийгиликтин ачкычын тартуу кылган. Сынактан көзгө урунган актёрду алгач эпизоддук ролго чакырышат.ИЙГИЛИККЕ ЖОЛ
Энгин Акйүрек «Чет элдик күйөө бала» деген сериалда алгачкы чоң ролун алган. Бирок эң чоң атак алып келген сериал – «Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?» деген сериал болгон. Мына ошондон баштап ал катышкан ар бир сериал рейтинг боюнча биринчиликке чыгып келе жатат. Ар түрдүү образ жаратып келген Энгин «Эмми» киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. Учурда ал тартылып жаткан «Элчинин кызы» сериалы рейтинг боюнча жогору. Долбоор башталганда эле чет элдик бир нече телеканалдар сатып алышканы айтылууда. Энгин ар бир сериясы үчүн 200 миң лир (25 миң доллар) гонорар аларын түрк басылмалары жазып чыгышкан. Бирок бул сериалдын жарнамасы үчүн гана айтылган баа, мынчалык ашыра кымбат баанын болушу мүмкүн эмес деген талкуу болгон. Көп өтпөй түрк басылмалары болжол менен ар бир серия үчүн 15 миң доллар алат деп жазып чыгышкан. Бул тууралуу долбоордун жетекчилери так маалымат ушуга чейин бербей келет. ЭНГИН «ЭЛЧИНИН КЫЗЫНАН» СҮЙҮҮСҮН ТАПТЫБЫ?
Энгин «мен жылдызмын, сулуумун» деген күчтүү актрисалардын дээрлик бардыгы менен өнөктөш болуп, роль аткарды. Айта кетсек, Туба Бүйүкүстүн, Берен Саат, Бергюзар Корел, Неслихан Атагүл жана башкалар. Бирок эч бири менен сүйүү романы болбогон. 39 жаштагы келишимдүү жигиттин жанында эч бир айым буга чейин камерага илинген эмес. Өзү шаан-шөкөттөн алыс, Стамбулдун тынч райондорунун биринде жашайт. Түнкү клубда же өнөр адамдары чогулган жерлерде да көзгө чалдыкпайт. Аны папараццичилердин кылтагына илүү мүмкүн эмес дешет. Бирок биринчи жолу «Элчинин кызы» долбоорундагы Менекшенин ролун аткарган 29 жаштагы актриса Түлин Йазкан экөөнүн ортосунда сүйүү бар деген сөздөр чыкты. Бул сөздөр кайра эле сериалдын жарнамасы үчүн чыккан ушак кеп болушу да мүмкүн, чындык болушу да мүмкүн. Бул тууралуу актёр да, актриса да так маалымат берише элек.
22 ЖАШЫНАН БЕРИ АҢГЕМЕ ЖАЗАТ
Келишимдүү, таланттуу, бирок элдин назарынан, журналисттердин маектеринен качкан актёрдун дагы бир таң калтырган өнөрү бар. Бул – жазмакерлик талант. Анын кыска аңгемелер жыйнагы 2018-жылы китеп болуп басылып чыгып, тез арада өз күйөрмандарын тапты. Чыгары менен бир нече тилге которулганы айтылууда. Китептин аты «Үнсүздүк» деп аталат. Бул китептен түшкөн акчанын баарын Энгин Акйүрек аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын билими үчүн ачылган фондго өткөрүп берген. Анын оюнда бул дүйнөдө билим алуудан өткөн чоң байлык жок.
«Мен китебимдин атын эмне себептен «Үнсүздүк» деп атадым? Анткени адам сырткы дүйнө менен алек болуп, ички жан дүйнөсүнө кулак салбайт. Ал эми кулак салыш үчүн бир аз болсо да үнсүздүктө болушу керек. Бул китепке мен балалыгымдын жакшы ирмемдерин жаздым. Мисалы, биздин балалыгыбызда смартфон жок болчу, көчөдө жапайы мышыкка сүт берген балдар көп эле. Көчөнүн балдары топ кубалап ойночу, бизди коңшулар мээримдүү көз караш менен карачу. Азыркы балдар үчүн баары бар, бирок балалык жок. Китебимде ушу нерселер камтылды. 22 жашымдан баштап аңгеме жазып жүрөм. Бирок эч бир убакта китеп кылып чыгарам деп ойлогон эмесмин. Китеп чыкты. Өзүм дагы «бул баатырлыкты кайдан алдым?» деп таң калып жүргөн учурум» деген маектеринин биринде. Ошондой эле актёр чыгармачылыктан тышкары кайрымдуулук иштери менен алек болуп келет.
Нуржамал Жийдебаева