КОЙ (21.03-20.04)
Белгиленген иштерди аягына жеткире аласыз. Күтүлбөгөн сюрприз да маанайды көтөрөт. Бир нерсе утуп же ойдогу нерсени сатып аласыз. Кесүүчү аспап же электр шаймандары менен иштөөдө абайлабасаңыз жаракат алуу коркунучу бар. Чөйрөдөгүлөргө баамдап сереп салсаңыз, кимиси душман, кимиси дос экенин ажырата аласыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Пайдалуу сунуш айтуучу ишкер адам чыгышы мүмкүн. Айрымдарды карьерада чечүүчү этап күтөт. Майда маселеге азгырылбай, убакытты чоң иштерге жумшаңыз. Абайлап сүйлөбөсөңүз, жакындарыңыздын бири менен урушуп кетесиз. Достор конокко келет же кеңешке кайрылат. Жумушта жетекчиликтен эскертүү алышыңыз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Алдоо, калп убада берүү, макулдашуулардын бузулушу сыяктуулар пландардын ишке ашуусуна тоскоол болот. Туугандар баа жеткис колдоо көрсөтүшөт. Айрымдар ойдогудай ишке орношсо, кээ бирлери жашаган турагын алмаштырып, башка жакка көчүшөт. Ойлоруңузду топтоп, жашоонун күтүүсүз бурулушуна даяр туруңуз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көптөн бери тилеген тилегиңизди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Жакшы тилектеш адамдардын колдоосу менен кыйын абалдан чыгып кете аласыз. Балдарды жөтөл, сасык тумоо ооруларынан сактоо сунушталат. Сүйүктүүсү менен баш кошууну пландагандардын айрымдарын кандайдыр бир маселелер убактылуу токтотот.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сиздин активдүүлүгүңүз жетекчилик же бизнес өнөктөшүңүз тарабынан бааланат. Басып өткөн жолуңузду анализдеп, жеке жашоого өзгөртүү киргизүүгө умтуласыз. Иштерди убагында жасап, ката кетирбеңиз. Алдыда кызыктуу саякат же жагымдуу таанышуулар күтөт. Балдарга керектүүлөрдү сатып берүү үчүн базар кыдырууңуз ыктымал.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын девизи токтоолук, тил табышуучулук, сүйүү болмокчу. Чөйрөдөгүлөрдүн оюна каршы чыксаңыз балакетке каларыңызды унутпаңыз. Дос же туугандардын арты менен кирешеге ээ болуу күтүлүүдө. Жаңы тааныштын сөзүнө, сунушуна ишенбей туруңуз, баары бир ишке ашпайт. Алыстагы жакындарыңыз жаңылыктары менен бөлүшөт.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жылдыздар апта башында бардыгы сиз каалагандай боло бербестигин эскертишет. Жетекчилик менен баарлашууда оюңузду ачык айтып, өз пикириңизге бекем туруңуз. Бул ишиңиздин алга жылуусуна көмөк болот. Апта акырында жубайлардын мамилеси туңгуюкка такалат. Жан шеригиңизге жумшак болуп, акырын сүйлөп ыкка келтирүү оң.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашоого, баалуулуктарга болгон көз караштарды өзгөртүү зарыл. Жагымсыз жаңылыктан улам маанайды түшүрүүнүн кереги жок. Баары ордуна келет. Келип түшчү акча сиз ойлогондон аз болушу мүмкүн. Мал, жер тилкесин же унаа сатуу же сатып алууда ишеничтүү адамдын пикирине таяныңыз. Өзүңүзгө кам көрүңүз, сейилдеңиз.
Апта башында чыдамкай болуп, кыйынчылыктарды көтөрүп коюңуз. Антпесе жумуштан же сизге ыйгарыла турган сыйлыктан кол жууп каласыз. Апта ортосу керектүү маалыматтарды тартуулайт. Түндөп шашылыш бир ишти бүтүрөсүз. Апта аягында кандайдыр бир кечеге чакырык алып, анда мыкты жактарыңызды көрсөтө аласыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада байланыштарды чыңдап, ийгиликке кыска жол менен жетүүнү пландоо керек. Жумушуңузга жакшылап көңүл буруп иштесеңиз, көбүрөөк акча табасыз. Керектүүлөрдү сатып алууда шашылбай, сапатына көңүл буруу кажет. Сиздин көз карашыңыз менен пикириңиз жакпай, улуу муун менен тартышып кетүү күтүлүүдө.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Үйдө майдачыл болбоңуз. Майда чыр чоң чырга өсүп кетүүсү мүмкүн. Таасирдүү адамдын колдоосуна таянып каржылык абалды бекемдөөгө киришиңиз. Бирөөлөргө жумушун бүтүрүшүүгө кол кабыш кыласыз. Бойдоктор азгырмалуу ойлордон четтеп, сүйүктүүсү менен мамилени сактап калууга умтулуулары зарыл. Болбосо эки ажырым жол күтүлөт.
Аптанын башында эмоция туруктуу болбойт. Оңой иштер кыйындык менен бүтөт. Апта ортосунда аласа-береселерди такташып, акча издешиңиз мүмкүн. Үй-чарба иштерин үйдөгүлөргө бөлүп берип, өзүңүздү аяңыз. Апта акырында жагымдуу сюрпризге туш болушуңуз ыктымал. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишпеңиз, ашыкча баш оору арттырасыз.