Замир Арыкбаев, ырчы: "МЕН САЯСАТТЫ СӨЗ КЫЛУУДАН ӨЗҮМДҮ ЧЕКТЕЙМ"

Ууртунан жылмаюу кетпеген бир жигит бар. Мүнөзү да, чыгармачылыгы да бир калыпта келе жатат. Чыгармачылык менен алек болуп, башка нерсеге кийлигишкиси келбеген ырчы Замир Арыкбаев менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

– Салам, Замир, эмне менен алексиң?

– Чыгармачылык менен алекмин. Клип тартайын десем ылайыктуу жок болуп жатат. Чыгармачылыгым башталгандан тартып эле репертуарыма эски ырларды, өзүмдүн ырларымды, казак элинин ырларын аралаштырып келем. Өзүм ырдын сөзүн жазам, обон чыгарам.

– Чыгармачыл инсандардын жүрөгү назик келет эмеспи, өлкөдөгү акыркы окуялар сага да таасир берсе керек?

– Ооба, эмоционалдуу келебиз. Жүрөгүбүздөн өткөрөбүз. Бирок бул Кудайдын сыноосу, татыктуу өткөрүп коюш керек.

– Өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу ырчылардын социалдык тармактагы жеке баракчаларында талкуулар болду. Сенин оюңча, ырчылар бирөөнүн тарабында болбошу керекпи?

– Башка бирөөгө жооп бере албайм. Бирок өзүм өнөр адамы катары эч кимдин тарабында болбошум керек экенин билем. Анткени биз элдин адамыбыз. Нейтралдуу позицияда турушу керек. Элдин тынчтыгы, биримдиги үчүн гана пост жазыш керек. Мен өзүмдү саясат тууралуу сөз кылуудан чектейм.

– Макул, анда эски күндөрдү бир барактап чыкпайлыбы. Сени тааныткан “Кудача кыз” деген ыр болду окшойт. Ушул ыр тууралуу айтып берсең.

– Ал ырды ырдап чыкканыбызга 15 жылдан ашып калды. Ал убакта менин чыгармачылыгым башталып калган. Бир-эки ырым чыгып, чоң сахнага аттанып калган кезим эле. Консерваториянын жатаканасында досторум бар эле. Бир күнү аларга барып калсам Султан (ред.: Садыралиев) отурган экен. Ал кезде чөнтөк телефон, диск дегендер жок, ырларды магнитофондун кассетасы аркылуу укчу элек. Ал казактын түрдүү ырларын угуп отурган экен, мен да угуп калдым. Ошондо “Кудача кыздын” минусовкасын угуп жактырып калдым. Дароо эле Султанга “мен сөзүн жазып келейин, экөөбүз ырдайлы” дедим. Ал да макул болду. Бир жумадай толгонуп жүрүп сөзүн жаздым, аранжировкасын жакшылап жасатып ырдап чыктык. Казактардыкын кийин уктум, алардын ырынын сөздөрү башкача экен. Бирок кудача кыз жана той тууралуу ыр экен. Бул ыр эки ырчыны бирдей популярдуулукка жеткирген акжолтой ыр болду.

– 15 жыл мурун популярдуу болгон экенсиңер. Андан бери шоу-бизнесте эмне өзгөрдү?

– Биз жаңы чыгып келе жатканда шоу-бизнесте жаштардын бир чоң бурулушу болгон. Жапырт жаш ырчылар чыгып калды. Жаш ырчылардыкындай фанаттар мурун да, кийин да боло элек, менимче. Азыр болсо техника жагы аябай өзгөрдү. Тез арада компьютердик аранжировкалар жасала баштады. Мурун үндөрдү пульт менен жылдырып, микрофонго ырдатып араң жасачу, азыр баары жеңил. Ошондуктан “ким таланттуу, ким таланттуу эмес?” деген нерсени да ажыратыш оор болуп калды. Анткени компьютер бирдей жасап коёт. Стиль өзгөрдү. Азыр бардык жанрдагы ырчылар бар. Рэп биздин учурда деле бар эле, бирок аз болчу. Той 15 жыл мурун деле бар болчу, азыр деле бар. Кыскасы, өнүгүү бар, бирок чоң бурулуш жок болуп жаткандай. Биз чыгып жатканда эл ырчыларга суусап турчу, азыр ток. Азыр баскан-турганына чейин көрүп алып жатышпайбы. Азыр элди эч нерсе менен таң калтыра албайсың.

– Сага окшоп бир эле чыгармачылык менен кеткендер аз. Түрдүү жакта өзүн сынап көрүп жатышат.

– “Бөдөнөнү да касапчы сойсун” дейт эмеспи. Мен өзүмдүн билген ишимди, жүрөгүм жактырган ишти жасагым келет. Негизинен өнөр адамдары шыктуу болушат. Ар тараптуу изденгендер да жок эмес. Бирок мен чыгармачылык менен алек болуп, тиричилик кылып келе жатам.

– Үй-бүлөдө эмне жаңылыктар болуп жатат?

– Үй-бүлөм тынч, бир калыпта. Балдар чоңоюп келе жатышат. Ата-энем күүлүү-күчтүү. Жубайым жанымда. Пандемия маалында ата-энебиз үчүн кооптонуп жаттык. Чүчкүрүп-бышкырып эле жеңил өтүп кеттик.

– Ата-энеңдин кимиси ырчы болушуңа салым кошту?

– Апам музыкант. Өмүр бою балдарга музыкадан сабак берген, азыр пенсияда. Апам мен ырга жакын экенимди билчү. Негизи башка бир кесиптин ээси болмокмун, ошондо окуп жаткам. Ага чейин эле ырдын сөздөрүн жазып жүрчүмүн. Ошол ырларым көнүгүү болуптур. Кийин обон жаратып көрдүм. Ошол жылдары Сыймык Бейшекеев агабыз жаш таланттардын сынагын уюштуруп, экинчи орунду жеңип алгам. Ошол жеңиштен кийин өзүмө ишенип “мен деле чыксам болот турбайбы” деп биринчи “Көлдүк карындаш” деген ырды жазгам. Радиолордон ыр жакшы кетти. “Менден чыгат турбайбы” деп калдым. Кийин Динара Акулованын концертинде биринчи жолу ырдап чыккам. Кыйкырып, кол чабуу аябай шык берген. Ушинтип башталган. Атты жасагандан да, аны андан ары алып кеткен оор. Жарылып бир чыгып алдың, бирок токтоп калбашың керек. Мен тынбай иштеп келдим. Азыр деле изденип келе жатам.

– Наам канчалык керек деп ойлойсуз?

– Бул көбүрөөк мамлекеттик кызматта иштегендерге керек. Маянасына кошулуп турат. Наам ырчыга керек, бирок анысы жок болсо бир нерсе өзгөрүп кетпейт. Наамы болуп туруп, бирок “Эл артисти Баланчаев!” деп чакырса эч ким кол чаппай, тааныбай отурса, мына ошол жаман. Документтерди өткөрүп наам алам деп жулунуп көргөн эмесмин.

– Маекти элге кайрылууң менен жыйынтыктайлы.

– Элге тынчтык каалайм. Азыркы абалды ар бирибиз акыл, сабырдуулук менен өткөрүп алалы. Биримдик болсун!

– Маегиңе рахмат! Ийгиликтер көп болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ayka93
2020-10-20 12:22:28
Соонун интервью болуптур
0
nazira...
2020-10-25 23:04:00
Оло жагат да ушу бала. Туура кыласын аралашпа, Атабековго, Назирага окшоп жаман корунуп каласын. Тарбия коргон бала экенин корунуп турат. Онорун оркундой берсин, дагы жакшы ырларды кутобуз сенден.
0
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан