Өлкөдөгү соңку окуялар өлкөнү кыйчалыш абалга кептеди. Азыркы учурда тараптар бул абалдан мыйзамдын алкагында чыгып кетүү жолдорун издөөдө. Соңку аптадагы окуялардын урунттууларына хронологиялык тартипте токтолобуз.
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ МЕНЕН САДЫР ЖАПАРОВ ЖОЛУГУШТУ
13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаров менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматына таянсак, жолугушууда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды. Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын билдирди. Тагыраагы, президент аталган токтомду кайра парламентке кайтарарын айтты.
“Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл”,- деп билдирди Жээнбеков.
Мамлекет башчы аталган маселени мыйзамдардын бардык талаптарын сактоо менен кароо үчүн парламентке жөнөтөрү айтылды.
13-октябрь күнү кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары “Ала-Арча” резиденциясында кезексиз жыйын өткөрүп, анда парламентке жаңы төрага шайлашты. Парламенттеги бардык фракциялар бир добуш менен төрагалыкка “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаевди шайлашты. Кворум чогулду – жыйынга 65 депутат катышканын, дагы бир нече депутаттын ишеним каты бар экенин жыйында алпаруучулук кылган вице-спикер Аида Касымалиева билдирди. Фракция лидерлери Канатбек Исаевдин талапкерлигин колдоо – азыркы абалдагы зарылдык экенин, консенсустук чечим болгонун айтып, Исаевди калыс, өткөн спикердин каталарын кайталабаган төрага болууга чакырышты.ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ
Эртеси, 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков элге кайрылуу жасады. Анда “өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Кыргызстан – укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы” деп айтылат.
Ошондой эле президент Жээнбеков жаңы шайланган спикер Канат Исаевге кат жолдоп, парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровго байланыштуу маселени кароону сунуштады.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары адегенде 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында, андан кийин 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында жыйын өткөрүп, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлаган. Бирок парламенттин бир катар депутаттары, саясий ишмерлер, айрым эксперттер Садыр Жапаровду премьерликке шайлоо легитимдүү болбой калды деп айтып чыгышты. Муну алар парламент жыйынында кворум болбоду деп түшүндүрүштү. Тагыраагы, резиденцияда өткөн жыйында кворум болуш үчүн залда 61ден кем эмес депутат болушу керек эле дешти. Ал жыйында Жапаровду премьерликке шайлоого 63 депутат макул добуш берген, алардын айрымдары депутаттардын ишеним каты аркылуу берилген добуштар болчу.ӨКМӨТ БАШЫНА САДЫР ЖАПАРОВ КЕЛДИ
14-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланды. Парламенттеги көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган Жапаровду жыйынга катышкан 83 депутат бир добуштан колдошту. Ишеним кат аркылуу берилген добуштарды кошкондо анын талапкерлигин 90дон ашык депутат колдоого алды. Жапаров өкмөттүн түзүмү жана программасы азырынча өзгөрүүсүз калганын айтты. Ал эми курамы жаңыланганын көрүүгө болот. Жаңы шайланган өкмөт боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна эми президент кол коюшу керек.
Өкмөттүн курамы:
Биринчи вице-премьер – Артём Новиков;
Вице-премьер – Равшан Сабиров;
Вице-премьер – Максат Мамытканов;
Вице-премьер – Аида Исмаилова;
Тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
Юстиция министри – Марат Жаманкулов;
Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;
Каржы министри – Кыялбек Мукашев;
Экономика министри – Санжар Муканбетов;
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Эркинбек Чодуев;
Транспорт жана жолдор министри – Бакыт Бердалиев;
Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев;
Билим берүү жана илим министри – Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
Маданият, маалымат жана туризм министри – Нуржигит Кадырбеков;
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Улукбек Кочкоров;
Өкмөттүн аппарат жетекчиси – Бакыт Аманбаев;
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Жыргалбек Сагынбаев;
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Алтынбек Исмаилов.
Жолдубек Качкынбаев