Садыр Жапаров: “КУМТӨР” БОЮНЧА ПОЗИЦИЯМДЫ 2 ЖЫЛ МУРУН “СУПЕР-ИНФОДОГУ” МАЕГИМДЕ АЙТКАМ”

Коомчулукта саясатчы Садыр Жапаров “Кумтөр” боюнча позициясы үчүн куугунтукка кабылган деген пикир айтылып жүрөт. 10-октябрда Жапаров өкмөт башчылыкка сунушталып жатканда депутат Талант Мамытов андан “Кумтөр” долбоору боюнча позициясын сурады. Жапаров бул боюнча көз карашын 2 жыл мурун абакта жатканда, “Супер-Инфо” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин билдирди.

– "Кумтөр" маселесин биз 2012-жылы көтөргөнбүз. Комиссия түзүлүп, аны жетектегем. Токтом долбоорун чыгарганбыз. Анда "Кумтөр" толугу менен Кыргыз мамлекетине өтсүн деген долбоор болуп, 35 эле депутат колдоп, бул токтом долбоору өтпөй калган. Биз митинг уюштуруп, баш аламандык болуп кетип, Камчыбек Ташиев, сиз жана мен камакка түшкөнбүз. 9 ай жатып, акталып чыктык. Мен чет өлкөгө чыгып кетип, келип кайра камалдым. Түрмөдө жатканда жактоочум аркылуу журналисттер "позицияңыз ошол бойдонбу?" деп суроо жөнөткөн экен. Архивден карасаңыздар болот, “Супер-Инфодо” болсо керек эле. Мен анда “8 жыл мурда алсак болот эле, азыр кеч болуп калды” деп жооп бергем. Мурда алтындын запасы көп болчу, азыр алтын калбай калды. Мамлекетке кайтаруунун кажети жок деп жооп бергем. Биринчи ушул маселени көтөрөм. "Кумтөрдү" Кыргыз мамлекетине иштетебиз,- деди Жапаров.

Айта кетсек, 2019-жылдын башында “Супер-Инфо” гезити абакта жаткан Садыр Жапаровдон адвокат Шарабидин Токтосунов аркылуу кеңири маек алган. Анда ал “Кумтөр” маселеси боюнча да суроолорго жооп берген.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан