10-октябрь күнү ырчы Данияр Эрматовдун жубайы көз жарды. Тун наристесин колуна алып кубанычын жашыра албай жүргөн ырчы жагымдуу жаңылыгы менен бөлүштү:
– Кызым 10.10.2020 датасында саат 20:20да жарыкка келди. Ата болгондогу сезимди айтып түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес экен, аябай кубанып турам. Кызым бою 53 сантиметр, салмагы 3 килограмм 700 грамм болуп төрөлдү. Ата-энем Рания деген ысым ыйгарышты.
Ал эми 12-октябрь күнү ырчы Арсендин үйүндө да жагымдуу жаңылык болду. Ырчынын жубайы экинчи кызын жарыкка алып келди. Бул тууралуу Арсендин менеджери Миргүл Эсеналиева билдирди:
– Кудайга шүгүр, эне-баланын абалы жакшы. Наристенин бою 55 сантиметр, салмагы 3 килограмм 600 грамм болду. Азырынча наристеге ысым ыйгарыла элек.