Бишкекте 5-октябрда орун алган баш аламандыкта жаракат алып, каза болгон Үмүтбек тууралуу сериал тартылат. Бул тууралуу ырчы Анжелика маектеринин биринде айтты. Анда ырчы жакынкы күндөгү пландары, сериалга тартыларын билдирди.
– Ички иштер министрлигинин колдоосу менен митингде каза болгон Үмүтбек тууралуу 12 бөлүктөн турган сериал тартылат. Анда мен тергөөчүнүн образын жаратам. Сериалда бардык чындык көрсөтүлөт. Тасманын чыгымын режиссёрлор, сценаристтер менен министрлик сүйлөшүп коюшуптур. Мен сериалдын продюсери да болом. Каржылоо маселеси тууралуу жоопкерчиликти алдым.