– Жубайым экөөбүздүн жакшылыгыбыз ушундай кырдаалга туш болуп калды. Тойду сентябрь же октябрь айларында өткөрүүнү пландап, шайлоодон кийинки датаны тандап алганбыз. Шайлоодон кийин ушундай болуп кетерин эч ким билген жок да. Меймандар тынчсызданып, «той болобу же жылдырылабы?» деп сурап жатышты. Өлкөдөгү баш аламандык тоскоолдук жаратпай койгон жок. Ошентсе да тоюбуз жакшы өттү.