“Рулдагы жылдыз” рубрикабыздын бул жолку каарманы ырчы Ильяз Андаш. Ал кандай унаа айдайт? Кандай айдоочу экени кызык болсо, кызыктуу маекти окуп чыгыңыз.
– Ильяз, салам! Рулда жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?
– Атам 5-6-класста окуп жүргөндө эле унаа айдаганды үйрөтүп койгон. Өзүм биринчи жолу 19 жашымда унаалуу болгом. Ошол кезден бери рулда келе жатканыма 14 жыл болуптур.
– Бул канчанчы унааңыз?
– Мурда унааны бат алмаштырчумун. 5-6 ай, көп дегенде 1 жыл айдачумун. Бул унаам 13-унаам болсо керек. Ушул унаа жагып калып 2 жылдан бери эч кимге бербей, сатпай айдап жүрөм. Мага бул унаанын жөнөкөйлүгү, тетиктеринин арзандыгы жагат. Бийик, үй-бүлөгө ылыйыктуу. 2 балалуу болгондон кийин ыңгайлуулугуна карап калат экенсиз. Же балким, жаштык сезимдер өттү. Баягыдай жарым жылда эле сатып ийгенден алыстадым. Келечекте Жип алып каларбыз. Анын да жакшысын алгың келет. Ага чоң каражат керек.
– Эң биринчи унааңыздын үлгүсү кандай эле?
– Биринчи унаамды ата-энем көмөктөшүп, Mazda 626 үлгүсүндөгү унааны насыяга алып беришкен. Насыяны өзүм төлөгөнгө аракет кылгам. Аны күндө жуучумун. Биринчиси болгонго жакшы көргөн унаамдын бири болчу.
– Кандай айдоочусуз?
– Мен жол эрежесин бузбайм. “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери ашып кетсе 2 жолу айып пул төлөдүм. Ошондо да башка унаа мени кесип, капталдан чыга калгандыктан болгон. Андыктан мыйзам бузбаган айдоочулардын катарын толуктайм деп айта алам. Катуу айдабайм. Чоң жолго чыкканда да 90-120дан ашырбайм. Шаар ичинде акырын айдагандыктан, баары билишет, ошондуктан “Ильяз жай айдайт” дешет. Тойлорго кечигип баратканда эле бир аз катуураак айдап койбосом, жол эрежесин одоно бузган эмесмин.
– Бизде айдоочулардын маданияты кандай?
– Чет өлкөдөн да унаа айдап көргөм. Бизде жол эрежелери сакталбайт экен. Шаар деле райондорго бөлүнөт да. Мисалы, базар жакка барсаң эч кандай жол эрежесин сакташпайт. Мындай да, тигиндей да токтой беришет. Жол чырак кызыл күйүп турса деле эл өтө берет. Базардан алыс жерлерде жакшы айдап калышат. Жалгыз жүргөндө ал нерседен коркпойм. “Бир жерге шашып баратса керек” деп кечиримдүү болуп калам. Үй-бүлөм, балдарым менен жүргөндө капталдан чыгып кесип же алдыма келип токтоп калышканда коркуп кетем. Себеби наристең үчүн коркот экенсиң. Ошондуктан бардык айдоочуларды мыйзам бузбоого, эрежелерди сактоого чакырам.
– Унаа статустан кабар береби?
– Мурда ошондой болчу. Жакшы унаа айдаганды карап “бул кыйын турбайбы” дешчү. Азыр унаа А чекиттен Б чекитке жеткирген эле каражат болуп калды. Азыр үйлөрү заңгыраган бай дос балдарым бар, күйүүчү майды аз ичсин деп Фит айдап алышат. Кээ бирөөлөр бар, үйү жок, батирде турса да кымбат унаа айдашат.
– Унааңызды келинчегиңиз айдап калабы?
– Келинчегим унаа айдаганды билбейт. Үйрөнсө деп кыялданып келем. Анткени өзү базарга барып же балдарды бала бакчаларга жеткире алмак. Тилекке каршы, келинчегим унаа айдагандан коркот. Үйрөнсө тыпыйган унаа алып бермекмин. “Бул жакка жеткирип койчу, тиги жакка алып барып келчи” деп чалбай калмак (күлүп).
– Унааңызда ар дайым жүргөн буюм?
– Телефондун кубаттагычы дайыма унаада. Такыр түшпөгөн дагы бир оокат бар. Ал коляска. Себеби 4-кабатта жашайбыз. Аябай чоңун алып берип коюптурмун. Өйдө-ылдый алып түшүү келинчегиме оор болуп калат. Керек болгондо унаанын багажынан ала калабыз.
– Мурда унааңызды көрсөткүңүз келчү эмес эле...
– Бул унаам “Жөнөкөй жигит” ырымдын клибине тартылды. Анын үстүнө 2 жылдан бери айдап жүргөнгө баары эле кандай унаа айдаарымды билип калышты. Ошондуктан “мейли, тарта берели” дедим.
– Кыялыңыздагы унаа?
– Кыялымда Mercedes-Benz G 63 AMG үлгүсүндөгү унааны айдагым келет. Анын баасын угуп андан көрө үй салып алсаң кандай сонун дейсиң. Бул кыялым, балким, ал унаа арзандап калганда ишке ашып калар (күлүп).
– Бойдок кезде тандаган унаа менен азыркы кезде айдаган унаанын айырмасы барбы?
– Мурда бийик унаа айдачу эмесмин. Бат жүргөн унааларды жакшы көрчүмүн. Приводу жаңы болсо деп кыялданчумун. Бойдок кезде багажнигим таптаза болчу. Костюмдан башка эч нерсе салчу эмесмин. Азыр мага жерден бийигирээк унаа керек. Анткени айылга көп барабыз. Үй-бүлөлүү болгондон кийин катуу жүргөн унаага кызыкпай калат экенсиң. “Кыздарга жагынайын” деген деле унаанын кереги жок. Эң башкысы, бузулбаган унаа керек. Бул унааны 2 жылдан бери айдап жүрөм деп калбадымбы. Ошондон бери ходовкасына 10 миң сом эле короттум. Акжолтой унаа болду, дөңгөлөгү жарылып, мени талаага таштай элек
– Багажыңызды ачпайлыбы?
– Жүрүңүз. Мына сизге айтып өткөндөй эле, багажда коляска бар. Бул түшпөйт, ушул жакта жашайт.
– Бул жакта мушкердин мээлейи бар экен. Бокс менен машыгасызбы?
– Былтыр 85 килограмм болуп толуп кеткем. Ошондо арыкташ үчүн досторум болуп бокс залына жазылганбыз. Көп деле машыга алган жокмун. Ошондон бери мээлей багажда жатат. Үйгө алып кирсем балдарыма оюнчук болуп калат. Бул жакта жүрө берсин.
– Көргөндөр сизди мушкер деп ойлоп калат турбайбы?
– Ооба, унаа жуучу жайга барганда “Ильяз Андаш бокс менен машыгат экен” деп ойлоп калышсын (күлүп).
– Ильяз, маегиңизге рахмат! Жолуңуз ар дайым шыдыр болсун!
Динара Абдыкадырова