ТАЛАСТА 23 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КЛАССТАШЫ ТАРАБЫНАН БЫЧАКТАЛДЫ

Жакында интернет желесине дүкөндүн ичинен белгисиз эки адам уруша кетип, бири витринадагы бычакты алып экинчисин сайып салган видео тарады. Окуя Таластагы соода борборлорунун биринде катталганы кийинчерээк маалым болду. Видеого түшүп калган эки жаран классташтар болгон. Окуя тууралуу иликтеп көрдүк.

«ШЕКТҮҮ 2 АЙГА ТЕРГӨӨ АБАГЫНА КИРГИЗИЛДИ»

Окуядан кийин каза болгон маркумдун классташы шектүү катары кармалган. Бул маалыматты Талас облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда шектүү эки айга камакка алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Адам өлүмү менен коштолгон окуя 12-октябрга караган түнү болгон. Интернетке жарыяланган видеодо эки адамдын бири сатыкта турган текчедеги бычакты алып, экинчисин курсак тарапка сайып жибергени көрүнөт. Андан соң бычакты сүртүп, ордуна коюп коёт. Мындан улам Нурсултан Жунусбеков аттуу 23 жаштагы жаран ооруканага жетпей жан берген.

«БАЛАМ ӨЗ АТАСЫН КӨРБӨЙ ӨТҮП КЕТТИ»

Жалгыз уулунан ажырап отурган эне менен байланыштык. Маркумдун апасы окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Уулум Нурсултан 1997-жылы Таласта төрөлгөн. Бир айлык кезинде атасы менен ажырашып кеткенбиз. Беш жашка чейин таене-таятасынын колунда чоңойду. Өзүбүздүн үйүбүз Талас шаарында. Нурсултан ошол жерден бала бакчага барып, мектеп босогосун аттады. Талас шаарындагы №1 орто мектептен 9-класска чейин билим алып, андан соң Таластагы институттардын биринин юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, Москвага кеткен. Ал кезде 18 жашка чыга элек болгондуктан, ишеним кат жазып берип жөнөткөнбүз. Балам жашынан мага каралашты. Мен болсо мамлекеттик кызматта иштеп жүрдүм. Айлык акы аз болгондуктан, баламдын артынан барып, эки жыл бирге иштедик. Атасы ажырашкандан кийин каралашкан деле жок. Нурсултан каза болгондо келди. Балам атасын көрбөй эле өтүп кетти. 2018-жылы Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген. «Балам, кайра кетесиңби?» десем, «апа, тажадым, барбай эле коёюнчу» деп калып калган. Уулум Москвадан келгенден кийин жарым жыл военкоматта кызматкер катары иштеди. Ал жерден айлыгы аз болгондуктан чыгып кеткен. Өз баламды мактабай кантип коём, колунан баары келчү. Суу түтүктөрүнө чейин оңдоп, чарба иштерин өзү аткарып калган. 13 жаштагы кызым бар, аны Нурсултанга каратып коюп, сезон маалында Түркия же Москвага барып-келип иштеп жүрчүмүн. Жакында дагы барып келейин десем, «апа, үйдө эле отура бериңизчи. Мен кол арага жарап калдым» деп жөнөтпөй койгон. Жарым жыл мурун Таластагы эмерек салонуна ишке орношкон. Ошол жерден эмерек чогултуп, сатуучу катары да иштечү.

«ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖАТКАН»

– Жакында уулум үйлөнөм деп калды. Мен дагы даярданып койгом. Кийин сүйлөшкөн кызы жашыраак болуп калды деди. «Ата-энеси менен сүйлөш» десем, «алар уруксат бербей жатышат» дегенинен токтоп калганбыз. Үйлөнөм деп чогулткан акчасына машина алайын дегенинен, мен дагы оор шаймандарды көтөрүп жүргөнүн көрүп, «алсаң алчы» деп койгом. Ошентип жакында эле унаа сатып алган. Айдаганына 15 күн болуптур. Сүйүнүп айдап жүргөн.

Каза болор күнү жумуштан келе жатып телефон чалып, «тойго барам, апа, кийимимди даярдап коёсузбу» деген. Кимисинин тою экенин деле так билбейм. Классташтары биринин артынан бири үйлөнүп жаткан. Кошумчага деген акчасын көрсөтүп, мени менен кеңешип алып үйдөн чыгып кеткен. Артынан узатып карап калгам. Ошентип баламды акыркы жолу кечки саат 22:00дө көрдүм.

«АЯШ АПА ДЕП КОЛУМДАН ЧАЙ ИЧИП ЖҮРГӨН БАЛА БОЛЧУ»

– Видеодо жанында жүргөн балдардын баары классташ балдары. Бычак сайган бала да, карап турган балдар да үйгө келип-кетип, чогуу иштешип, бирге жүрүшчү. Бири-бирине жардамдашып жүрүшкөн. «Аяш апа» деп колумдан чай ичип жүргөн балдар өзөгүмдү өрттөп кетишти. Жок дегенде ошолордун бири дароо ооруканага алып барса эмне?! Пикир келишпестик эмнеден улам чыкканын билбейм. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Жолдош балдарынын айтымында, уулум унаалуу болгондон кийин бири-бирине болгон мамилеси өзгөргөн экен. Достору «сен бизди карабай калдың, машина алып көөп кеттиң» деп ичи тардык кылышкан экен. Бычак сайган бала ичимдик ичип алып, баламды кодулаптыр. Кийин укканыма караганда, жаңжалга чейин классташтары машинасын айдап, бир жерди сүзүп, таштап кетишиптир. Анан уулум машинанын чыгымын төлөп бер дегенинен уруш чыккан окшойт. Айдаганына аз эле болсо, ичи ачышса керек. Төлөп бер десе, мас неме жини келгенинен бычак сайган окшойт.

«АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮРӨШӨМ»

– Эртеси телефон чалсам балам албайт. Андай жайын билдирбей кеткен адаты жок эле деп коём. Андан кийин саат 9-10дордо жеңелерим келип, суук кабарды угузушту. Баламды жерге берерде шектүү классташынын ата-энеси келген экен. Эч кимисин көрөйүн дегем көзүм жок. Кабыл алган жокмун. Жок дегенде убагында жардам көрсөтүп коюшса болмок. Дүкөндүн күзөтчүлөрү да кенебей койгон экен. Демейде бир ашыкбаш кирип койсоң, артыңдан аңдып туруп алышат. Кантип ушундай чоң кылмышты байкабай калышты билбейм. «Тез жардам» чакырып, убагында кыймылдаганда балам аман калат беле? Колунан телефон түшпөгөн жанындагы балдар «Тез жардамга» чала калса, алар ошол жерге келе калышмак да.

Баламды достору машинага чейин сүйрөп барышыптыр. Нурсултан жан бергенден кийин бычак сайган бала жеңилдик болот деген үмүттө милицияга өзү барган имиш. Мен видеону уулумду жерге бергенден кийин көрдүм. Боз үйдө боздоп отурганда классташтары сайып кетишиптир деген маалыматты уккам. Бирок териштирген эмесмин. Мен такыр башка балдар бычак сайган го деп ойлогом. Теңтуш балдары көңүл айтып келишти. Балдарга «Бул эмне кылганыңар? Жан досуңарды коргобойт белеңер!» десем, «биз байкабай калдык» дешти. Алар менен сүйлөшкүм келбей кетирип жибергем. Ошол күнү кечинде видеону көрүп, күйбөгөн жерим күл болду.

Кан көп кетип калыптыр, балам ооруканага жетпей жан бериптир. Эгер 20 мүнөт эрте барганда балам аман калмак экен. Бул уюшкан кылмыш. Учурда ден соолугума байланыштуу үйдө жатам. Эки-үч күндө милицияга барып, окуянын чоо-жайы менен толук таанышам. Баламды өлүмгө кыйган зөөкүрдүн өзүнөн сурайм. Сот акыйкат чечим чыгарат деп үмүт кылам. Мен аягына чейин күрөшөм. Буларды жөн койбойм. Нурсултаным мени багам деген жалгыз уулум болчу. Зөөкүрдүн азабынан баламдан айрылып калдым.

«АПАСЫНА КАМКОР БАЛА БОЛЧУ»

Маркумдун досу Темирлан Талантбеков менен байланышып, Нурсултан тууралуу төмөнкүлөрдү уктук:

– Мен Нурсултандан 3 жаш улуумун. Учурда Бакай-Атада жашайм. Экөөбүз Москвага бара жатканда таанышканбыз. Кийин Кыргызстанга келгенде дагы жакшы катышып жүрдүк. Москвада бирге иштеп, чогуу жашагандыктан экөөбүз абдан жакын элек. Ал кезде Нурсултан 17 гана жашта болчу. Мени бул жигит адамдык сапаты, жөнөкөйлүгү, боорукерлиги менен өзүнө тартты. Кумурскага да зыяны жок бала болчу. Апасына аябай камкор бала эле. Башкалар тапкан акчасына ресторандарга кирип, кийинип жүрсө, ал түз эле апасына салчу. Спирттик ичимдиктерге жолочу эмес. Аны бирге иштеген кесиптештерибиз дагы жакшы көрчү. Суук кабарды алар да угуп, видеосун көрүшүптүр. Азыркы күнгө чейин мени менен байланышып, кайрат айтып жатышат. Мен кабарды эртеси күнү уктум. Ага топурак салууга бардым. Жиним келгенден ошол видеодо жүргөн балдар менен да сүйлөштүм. Алар адам ишенип-ишенбей турчу ар кандай шылтоолорду айтышты. Окуяны жакшылап териштирүү керек. Шектүү үй-бүлөлүү, бир баласы бар экен. Жанындагы балдардын айтымында, «мага жин кирип кеткен окшойт. Өзүмдү башкара албай калдым» деп айтыптыр. Баарынан дагы аяш апама ичим ачышып жатат. Нурсултан өзүнө шакирт даярдоого да жетишкен экен. Эч кимден жардамын аябаган жан болчу. «Эки айдан кийин үйлөнөм, ошондо сизди өкүл ата коём» деп жүргөн. Досумдун ал кыялы орундалбай калды. Арты кайрылуу болсун. Мен аны эч качан унутпайм.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
KYRGYZ-ELIM
2020-10-27 11:03:43
Баламды көрө албай, деген сөзүнө мен дагы кошулам, чын эле жаныңда жүргөндөр көрө албайт экен
+6
nurzada78
2020-10-27 13:33:24
Душманды алыстан издебе деген соз туура да
+3
Baxtigul95
2020-10-28 09:50:06
Мм
-3
Jaka78
2020-10-28 19:59:40
Өтө өкүнүчтүү
+1
Jaka78
2020-10-28 19:59:59
өтө өкүнүчтүү
+1
Aliali
2020-10-28 20:27:34
Эхх ...
+1
ElEN2025
2020-10-29 00:15:31
Видеону кайдан корсок болот?
0
Asanali
2020-10-29 19:20:08
ElEN2025,корбой эле кой, ото аянычтуу.
0
Nina.alex
2020-10-30 10:16:53
Достору да аман эле болушсун. Итсуйрогондой суйроп барыштыго машинага чейин
0
Mira8586
2020-10-30 14:02:52
Видеодо даана корунгон бычак сайган бала шылтоолобой эле койсун ал адамды кой мууздагандай кылып эле бычакты сайып кайра ордуна шашпай аарчып койуп койгон,Эмне дейм бул созум менен бул биринчи жолу эле эмес значит мындайды даалай кылган опятный кишидей!!!акмакты омур бойуга камасын, бироонун жалгыз уулунан айрыды, бул атайын билип олтургону билинип турат шайтанга асылбасын озу шайтанга сабак берет чочко
+3
Mira8586
2020-10-30 14:07:16
Бир кумурсканы басып алсан канча журосун ооруйт бул бычакты сайып анан аарчып андан калса досторуна суйротуп койгон, магазиндеда Ошол видео карап либо ууруну коздоп тургандар бар, ошолор уурдап жатышса чуркап бармак а неге ушундай болуп жатканын коруп эч ким жардам кылбады
+1
Arlenchik
2020-10-30 17:24:11
Ото окунучтуу, жалгыз баласы экен апасына кыйын болуптур.Туура айтыптыр коро албастык эле кылыптыр,тентуш классташтардын арасында андай ичитарлар кездешет, акмак аркайсы шылтоону айтып жазадан качпай колу мн кылганын мойну мн тартсын.
0
Kyrgyz2525
2020-10-30 22:52:36
Көрө албастык кыргызды жеп бүтөт окшойт.
Ушул адатыбыздан айрылсак болот эле...
+1
Isikkolumkeremet
2020-10-30 23:45:28
профессионалдай эле олтуруп койду го.кечки тамака эт туурагандай эле.ээч камтама болбостон.ооо жараткан не деген мыкаачы.ошол айбан аялын же баласын олтуро албайт дегенге ишенбейм.буга олум жазасын бергиле...
0
engel
2020-10-31 22:38:14
Isikkolumkeremet, бул бала ото тентек экен ашынган. Балдар коркот экен.
0
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан