Айзада Жамгырчиева, алпаруучу: “КЫРГЫЗ ЖЫТТАНГАН ЖӨНӨКӨЙ ЖИГИТ КЕРЕК”

Тартынбай ачык-айкын сүйлөйт ушу кыз. Маек да дал өзүнүн мүнөзүндөй ачык болду. Улакчы жигиттерди жактырган, кичинесинде күнүнө 40 миң сом тапканын айткан, сыртынан шар мүнөз, бирок өзүнүн дүйнөсүндө назик Айзаданын жан дүйнөсүнө саякат жасадык.

– Айзада, акыркы жарым жыл элге кошо шоу-бизнестегилерге аябай эле залакасын тийгизди көрүнөт?

– Ооба, залакасы жакшы эле тийди. Мен акыркы убакта топтоп койгон акчамды жеп, түгөтүп койгонго жетиштим. Туруктуу бир жерде маянага иштебейм, кайсы бир жерлерден долбоор эле чыгып турчу. Алар да токтоп калды. Тойлор, мааракелер токтоду. Азыр абал турукташып калды. Тойканаларда тамактанып, кымбат бутиктерде кийинип жүргөн элди көрүп “меникиндей эл акчасы жок калбаптыр” деп ойлоп койдум (күлүп). Жашообуз элден көз каранды болгондуктан бизге кыйын болуп калды.

– Азамат, жакында ата-энеңе үй алып бердиң. 24 жашында мындай белек алып берген кыздар аз болуш керек?

– Мен көп иштейм. Бир күндө үч иш-чара алып барып, кечинде тойго катышкан күндөрүм болот. Анан Инстаграмдан акча түшүп турат. Долбоорлорум бар. Бул тармакта 8 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Кичинемден эле өзүмдү-өзүм камсыздап үйрөндүм. Төрт айылды биз бензин менен камсыздап турчубуз. Кээде соода кылып бир күндө 40 миң сом таап койчубуз. Атам алып келип коёт, байкем экөөбүз сатчубуз. Айылда мени “карыз бербейт” деп жаман көрүшчү (күлүп). Кичинебизден эмгек менен өстүк, ата-энебиз “өзүңдүн арабаңды өзүң түрт” деп үйрөтүштү. Атам жаш кезинен соода тармагын жүргүзүп, айылыбыз Жамбылга жакын болгондуктан ал жакка бензин, эт, алма, картошка сатып, дыйканчылык да кылчу. Апам болсо дүкөндө соода кылчу. Үч баланы ошентип ак эмгектери менен өстүрүштү. Эжем менен байкем үй-жайлуу болушкан. Учурда менин эле тоюмду күтүп жатышат (күлүп) .

– Өзүңдү эркин алып жүрөсүң. Бул табиятыңданбы же тарбияданбы?

– Көбүнчө мага апамдын салымы чоң болду окшойт. Анткени мектепте “кимдин кызы коңгуроо кагат?” десе, “меники кагат” дечү. Элдин алдында ыр окутчу. Өзү мугалим менен сүйлөшүп туруп маңдайына отургузчу. Күндөлүк эмес, дептериме чейин тыкыр текшерип турчу. Негизи мен элдин алдына чыккандан уялчумун. Апам тойлорго алып барып “менин кызым ырдайт” деп жүрүп элдин алдында тартынбаганга үйрөттү. Тойлордо мага акча кыстарып койсо аябай сүйүнүп, элдин алдына чыгууга кызыгуу башталды. Атам тост сүйлөп туруп “кызым ырдап койсун” деп койчу. Баланын жөндөмүн көрүп ата-эне ачыш керек экен. Эки бетим кыпкызыл болуп эл алдында турган учурларым биринчи кадамдарым экен. Бир чети табияттан да болуш керек. Мисалы, эжемди сүйлөтүш кыйын, чукулап да сүйлөтө албайсың, болбосо бирдей эле тарбия алдык. Байкем да көп сүйлөй бербейт. Ошол үчүн табияттан да, тарбиядан да болуш керек. Кийин чөйрөм таасир берди. Көп учурда эркектердин арасында жүрүп ачык-айкын, тарс-турс жүрүп көнүп калат экенсиң. Досторумдун көбү эркектер.

– Эркин кармаганы менен, кайсы бир жерде сөзсүз чектөө болот эмеспи. Ата-энең сени эмнеден чектешчү?

– Жигиттер менен сүйлөшкөндөн чектешти. Отуруш, чогулуш дегенге эч жиберчү эмес. Ошол үчүн жигиттер менин жашоомдо кечирээк пайда болду. Эң биринчи жолу 2-курсумда жигит менен сүйлөштүм.

– Социалдык тармактагы баракчаңдан “эрге тием деп эле бүтпөйт” деген сыяктуу комментарийлерди окудум. Кандай комментарийлер жиниңе тиет?

– Диванга жатып алып эле өзү көрүп тургансып жаза беришет. “Мунун “папиги” бар да, болбосо кайдан акча тапмак эле?” деген сөздөрдү жазышат. Мени такыр эле бузуку кыз кылып көрсөтүп салышкандар бар. Өздөрүндөгү төшөк мамилесин ошол жерде талкуулашат. Ошонун көбү эркектер. Тырмышып акча таап жүргөн аялзатын көрүп колдорунан эч нерсе келбей, анан кыжырын мага төгүшөт окшобойбу? Башында аябай жаман болчумун, азыр көнүп калдым. Бирок менин да талуу жерим бар. Ал – ата-энем. Кээде апам менен сүрөтүмдү киргизсем “өзүң жасангыча апаңдын чачын боёп койбойсуңбу?” деп кийимине чейин асылгандар бар. Ошондо ичимден ажыдаар Айзада ойгонуп кетет да, ошол адамды таап мушташып кетчүдөй абалга жетем. Ата-энем айылдын кишилери, алар ыңгайлуу кийинишет, жасанып-түзөнгүлөрү келбейт. Табияты ошондой.

– Сатып кеткен дос тууралуу пост жаздың. Комментарийге “бул Анжеликабы?” деп да жазышты...

– Жок, Анжелика айым эмес, өзүм теңдүү эле жакын дос кызым болчу. Аркамдан сүйлөп жүргөнүн угуп жиним келди. Негизи эле артымдан сүйлөнгөн сөздөр жакпайт. Өзүм жан дүйнөмө көп кишини киргизе бербейм. “Подружкам, жаным, чмоки-смоки” деп деле сүрөт киргизбейм. Ашып кетсе сырымды, маселелеримди билген, түшүнгөн эки дос кызым бар. Спортчу Айсулуу Тыныбекова да дос кыздарымдын бири. Ал дагы мага окшоп ачык-айкын жүргөн эркек мүнөз кыз болгону үчүн тил табышат окшойбуз.

– Жашооңдо өзүңдөй ишенген досуң барбы?

– Билбейм (ойлонуп), мен эч кимге ишене бербейм. 2-курсумда сүйлөшкөн жигитиме ишенчү окшойм. Үйлөнөбүз деп калганда “карьераңды ташта, мен ушинтип чечтим” дегендей кыла баштады, ошондон улам эки башка жолго түшкөнбүз. Андан кийин ишене турган адам таппадым. Атым тааныла баштаганга чейин көңүл бурган жигиттер көп болчу, кийин азайып кетти. Мурун мүмкүнчүлүк көп болчу, аты чыккан Айзаданы аял кылып алууга көбүнүн “духу” жетпейт окшойт (күлүп). “Сен кара далы болуп кеттиң, карып кеттиң, чирип кеттиң” дегендерге айткым келет, мен 25 эле жаштамын. Коркпогулачы, чыгам турмушка (күлүп). Чынын айтканда, айланамдан турмушка чыгып, бактылуу болуп кеткен аялдарды аз көрдүм. Биринин кайненеси тажаал, экинчисинин күйөөсү чабал. Буларды көргөндө турмушка чыккандан коркуп кетем.

– Сен тагдырыңды, жашооңду бир эркекке ишенип тапшырып койгонго даярсыңбы? Татыктуусу жолукса...

– Жок, толугу менен бирөөгө өзүмдү бере албасам керек. Анткени мен жүрөк менен сүйгөн айымдарга кирбейм. Мен акыл менен сүйөм. Менде башым айланып баарын унутуп койгон сүйүү болгон эмес. Мага болгон мамилеси, ишеними маанилүү. Ушунча эмгек кылып Айзаданы жасап койгондон кийин бирөө келип “карьераң же үй-бүлө” десе, мен мурунку Айзаданы чийип коё албайм. Ал мени карьерам менен кошо кабыл алышы керек. Ошондой эркек жок.

– Сыртыңдан аябай ишенимдүү көрүнөсүң. Чын эле ишенимдүүсүңбү же бул образбы?

– Эфирде, сахнада ишенимдүү болбогонго арга жок. Өзүмө ишенүү – бул менин жумушум. Бирок жашоомдо мен өтө алсыз кызмын. Мени тез эле ыйлатып койсо болот. Бирок алсыз болсоң, азыр сени жеп кете тургандар көп, күчтүү болушуң керек. Мени коргоп ала турган адам табылганда алсыз эле аял болуп калам.

– Ал кандай жигит? Мырзаларга кулак кагыш кылалы...

– Ал Инстаграмга сүрөт киргизбеген, жасанбаган, ишеничтүү жигит. Кандай кесипке ээ экени деле кызыктырбайт. Кыскасы, кыргыз жыттанган жөнөкөй жигит керек.

– Сүрөттөгөнүңдөн көз алдыма улакчы жигиттер тартылды...

– Ооба, мисалы, Манас Ниязовдой (күлүп). Табитим ошондой.

– Бойдок улакчыларга болгон кулак кагыш менен маегибизди аяктайлы. Ийгилик коштой берсин!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aybek88
2020-10-26 09:41:27
макалего окшогондор жагабы
+3
KaGaH
2020-10-26 09:44:14
Депутат агаң ойнотуп бүттүбү?))
+3
narynbek2001
2020-10-26 10:13:30
Айзада мыкты кыз. Озу дагы кобунчо чачын кое берип сулуу, жакшынакай алып болуп журот. Аял киши дайыма сырткы келбетине конул болуп, чачтарын кое берип, прическа жасап алышса кандай гана жылдыздуу болуп калышат, андай сулууларды, көрүп көзүң кубанат.
-3
Bakbai
2020-10-26 11:33:47
narynbek2001,дагы баштадынбы
+7
ElEN2025
2020-10-27 00:48:34
narynbek2001,чачын кое бергени
+2
nuri9999
2020-10-26 12:59:06
Эркек сурап олойун деп калган окшойт ушул кыз. Ар бир интервьюсунда жигит эр деп какшап бутту.
+3
Jibakana
2020-10-26 17:04:40
Ушу Айзада Сенин айланандагы айымдар бактысыз го...кудайга шугур бактылуу айымдар да бар
+2
oshondoiraak
2020-10-26 17:52:42
Жонокоймунго бирок пиво жыттанам болобереби
+7
ElEN2025
2020-10-27 00:49:05
Акылдуу,кучтуу кыз.
0
KaGaH
2020-10-27 02:34:03
ElEN2025,койчу ай, Гулзат Мамытбектин шериги
0
Asel69
2020-10-27 09:24:55
"Железная леди" ушул кыз.
+1
KaGaH
2020-10-29 18:06:25
Asel69,Маргарет Тетчер?
0
NurikAKSUU89
2020-10-28 19:00:52
ЭЛДЕР АЙЗАДАНЫН НОМЕРИН БЕРГИЛЕЧИ. ДВИЖЕНИЕ КЫЛЫП КОРОЙУН
0
akinaika
2020-10-29 03:29:29
Ушунчалык да ичинер тарбы?! Оозунардан жакшы соз чыкпаса, жаман соз жазбай эле койгула! Колунардан келсе ушул кыздай болуп алгыла! Шымдарын шымдай албай журуп эркек баштары менен асылгандарды коруп нерфин кайнайт да сыволуштуку десе! Молодец Айзат, ата-энесине таазим.
0
Gukush8993
2020-11-02 02:08:16
Айзада тыкан такылдаган кыз ушунусу менен жагат жашоосун да жакшы алып кетет деп ойлойм Бактыңды тапкан бактылуу кыз бол.пс Чириктер ушул жерден сасытып кетиптир атайын кирип комментарий жазыпсынар силерди эч ким заставить этпеди
+1
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан