"МАКСАТЫМ – АДИЛЕТТИКТИ ОРНОТУУ". Кыргыз Республикасынын премьер-министри, өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Кыргыз элине кайрылуусу

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кызматка киришип жатып кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Төмөндө кайрылуунун урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

"БИЙЛИК ЭЛДИ УГУУГА МИЛДЕТТҮҮ"

– Урматтуу мекендештерим! Биз 2005 жана 2010-жылдагы 2 революциянын сабактарын унуттук. Элибизде “өткөндү унутсак, тарых кайталанат, тарых эскертип турат” деген сөз бар. Биз мурдагы революциялар менен салыштырып карай албайбыз. Бийлик дайыма өз элине кызмат кылууга жана элдин тандоосун кабыл алууга милдеттүү экендигин көрдүк. Тарых дагы бир жолу сабак берди, айрыкча бийликке дагы бир жолу катуу сабак болду.

Өткөн апта ичиндеги күндөрүбүз:

– биздин эркиндигибиздин,

– биздин демократиябыздын,

– биздин көп улуттуу ынтымагыбыздын,

– өлкөнүн жалпы элинин биримдиги сыналды.

2020-жылдын 4-октябрында тарыхый шайлоо өткөрүлүшү керек эле. Эл жөн эле Жогорку Кеңешти шайлаган жок:

– эл келечекке тандоо жасады!

– эл жаңыланууну тандады!

– эл акыйкаттыкты тандады!

Тилекке каршы, элдин үнү бийликке жетпес болду. 4-октябрда элдин тилеги, жаштарыбыздын үмүтү уурдалды. Жана ал – масштабдуу саясий кризистин башталышына түрткү болду.

"ЭЛДИН САЯСИЙ КӨЗ КАРАШЫ ӨСТҮ"

– Бүгүн жалпы кыргыз эли жөнүндө өзгөчө сөз айткым келет. 2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү.

Айрыкча кыргыз эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү. Трайбализмди жок кылабыз! Кыргыз эли менен бир катарда туруп канатташ жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү катышты. Бул жеңиш – жалпы кыргыз элинин жеңиши болду. Жалпы кыргыз элинин ынтымагынын жеңиши. Эл биримдиги сакталып калды. Мамлекеттин талкаланышына, бөлүнүп-жарылуусуна жол берилген жок. Кан төгүлгөн жок, талап-тоноочулук болгон жок. Мамлекеттин бүтүндүгү сакталды. Тез аранын ичинде укуктук талаага кирдик. Бул күндөрү кыргыз элинин, жаштардын интеллекти өскөндүгү, саясий көз карашы турукташкандыгы далилденди. Жалпы эл ийгиликке жетти! Кыргыз өлкөсүндө бийлик тынчтык жол менен өткөрүлүп жатат. Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм!

"БӨЛҮНБӨЙ ЖАШАЙЛЫ"

– Менин саясатчыларга жана саясий партияларга кайрыларым: Бүгүн биз өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл же тууган-туушкан деп бөлбөй жашайлы. Биз – бирдиктүү жана көп улуттуу элбиз! Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка, бирок көздөгөн түпкү максатыбыз бирөө гана. Ал – мекенибиздин, Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечегин камсыз кылуу. 5-октябрда эл өз сөзүн айтты.

"БАШКЫ МАКСАТЫМ – АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ ОРНОТУУ"

– Урматтуу мекендештер! Менин башкы максатым – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү. Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон териси менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт. Албетте, эгерде кимдир бирөө кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес. Коррупция менен күрөшүү – бул жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар, ал баарына бирдей иштейт.

Ушул жерден криминалдар менен күрөшүү туурасында айтсам. Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем. Буга чейин айрым аймактарда бизнес ошол жерде иштеши үчүн криминалдын уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды! Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт.

"ӨЛКӨНҮН САЯСАТЫН ЖАШТАР АНЫКТАЙТ"

– Урматтуу мекендештер! Жаштар үчүн тарыхтын жаңы барактары жазылып баштайт. Жаштар өлкөбүздөгү мамлекеттик саясаттын жигердүү жол баштоочуларынан болот. Дал ушул силер, жаштар, жашыңарга, улутуңарга карабастан, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өлкө келечеги үчүн башыңарды сайып бир катарга турдуңар. Жакынкы жылдары өлкөбүздүн саясатын аныктай турган силер болосуңар, жаштар. Биз силер менен биргеликте кадр саясатын өзгөртөбүз, өзгөртүп баштадык.

Дал ошол үчүн биз парламентке ар түрдүү саясий күчтөрдүн киришине бирдей шарттарды түзөбүз. Бирок жаштар, улуттук жана гендерлик квоталар сөзсүз сакталат. Жаштар саясий аренада өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтө алышты. Эми алар иштен да өздөрүн көрсөтөт деп ишенемин. Ошондой эле алдыдагы шайлоолордо өздөрүнүн позицияларын эркин коргой алууга толук шарттар түзүлөт.

"АШЫКЧА ОРГАНДАР КЫСКАРТЫЛАТ"

– Урматтуу мекендештер! Экономика жана реформалар туурасында айтсам. Жакынкы айлар биз үчүн жеңил эмес мезгилдерден болот. Биринчи кезекте:

– экономикалык кырдаалды турукташтыруу зарыл;

– инвесторлордун ишеничин калыбына келтирүүбүз керек;

– ишкерлер үчүн коргоо жана коопсуздук кепилдигин камсыз кылуу милдети турат.

Биз реформалар боюнча атайын комиссия түзөбүз. Ал өлкөбүздүн экономикасын башкаруудагы мамилелерди өзгөртөт. Жаңы доор мамлекеттик башкаруу системинде жаңы мамилелерди талап кылууда. Заманбап технологиялар чиновниктердин жана бюрократтардын салмактуу бөлүгүн кыскартууга жол ачууда. Ошондуктан кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюлат. Айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот. Кыскартууларды биз өзүбүздөн баштайбыз.

"ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН АЙЫНАН КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛБЕЙ КЕЛДИ"

– Акыркы мезгилде топтолуп калган көйгөйлөр көптөгөн жетекчилердин айынан улам артка жылдырылып, ачылбас ящиктердин жата бергендигин ачык айтып, моюнга алышыбыз керек. Натыйжада:

– саламаттыкты сактоо системи – Covid-19 пандемиясына даяр эместигин көрсөттү,

– санариптик систем – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жана билим берүүдө жок экендигин көрсөттү.

Насыяларга жана гранттарга таянуу өлкөнүн финансы системин башкарууда кылмыштуу саясатка айланды. Ал эми аларды бөлүштүрүүнүн бүдөмүк механизми мамлекеттик башкарууда системдүү коррупцияга негиз болуп калган.

"НАСЫЯЛАРГА РЕВИЗИЯ ЖҮРӨТ"

– Биринчи кезекте пандемия маалында эл жакындарынан айрылып жатканда пайдасы тийбеген насыяларга ревизия жүргүзөбүз.Мунун баары оюлбай жаткан муздардын чети эле. Жакынкы күндөрү биз чече турган башкы милдеттер. Мамлекеттин тышкы саясаты улантылат. Биз мамлекеттин стратегиялык өнөктөштөрүнүн арасында алган кадыр-баркын, беделин туруктуу сактап калуунун жана аны өркүндөтүүнүн үстүндө иштерди жүргүзөбүз. Мен өлкөгө ак ниет кызмат кылууга, бардык билимимди, тажрыйбамды Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө бардык күчүмдү, бүт эркимди жумшайм.

"ЭЛИМЕ ТААЗИМ ЭТЕМ!"

– Сиздердин колдоо менен биз ушул кризистен чыгып, өнүгүүгө багыт алабыз. Мен үчүн элдин кызыкчылыгы баарынан бийик турат. Мен да силердин уулуңармын. Мен да карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын. Мен системди толугу менен өзгөртөм. Ал үчүн мага колдоо керек! Эч качан жалгыз дарак токой болбойт. Дагы бир жолу элиме башымды ийип таазим этем!

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан