Өлкөдөгү соңку саясий окуяларга катар COVID-19 илдети кайрадан күн тартибине чыкты. Кырдаал начарлап баратканын адистер эскертишүүдө. Аталган илдет тууралуу күн сайын расмий жарыяланып жаткан статистикалык маалыматтар, ооруканаларда кошумча орундардын даярдалып жатышы кырдаал оорлоп баратканынан кабар берет.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 20-октябрга карата өлкө боюнча 1 сутка ичинде 384 кишиден COVID-19 илдети табылып, 2 адам бул дарттан каза болду. Өлкөдө бул вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 52 910 кишиге жетти. Анын 46 139у сакайып чыкты.
Бишкекте COVID-19 илдети менен күрөшүүдө быйыл жайында ачылып, оорулуулар азайганда жабылган жайлар бейтаптарды кабыл алуу үчүн кайра ишке киргизилди. Учурда Бишкектеги 11 оорукана бейтаптарды кабыл алууну жүргүзүүдө. Алар Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана, Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Улуттук госпиталь, Улуттук хирургиялык борбор жана башка ооруканалар.
Жумабай Акимов