Кыргызстан интернет эркиндиги жарым-жартылай болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу "Freedom House" уюмунун жылдык отчётунда көрсөтүлдү.
Аталган уюмдун маалыматына карата, дүйнөдө 10 жыл катары менен интернет эркиндигинин көрсөткүчү төмөндөп баратканы байкалган.
Интернет эркиндигинин деңгээли боюнча башкаларга салыштырмалуу алдыңкы бештикте Исландия, Эстония, Канада, Германия жана Англия турат. Интернет эркиндигинин индекси 67ден 42ге чейинки тизмеге кирген өлкөлөр "жарым-жартылай интернет эркиндиги бар" деп сыпатталган. Алар – Түштүк Корея, Бразилия, Мексика, Украина, Нигерия, Кыргыз мамлекети жана башка саналуу өлкөлөр.
Ошондой эле көрсөткүчү 39дан аз болгон өлкөлөр "интернет эркиндиги жок" деп аталды. Алардын ичине Орусия баш болгон беш постсоветтик өлкө кирген. Тизменин аягында Сирия, Иран жана Кытай турат.
Жумабай Акимов