Максат Надырбеков, алпаруучу: “НУРЗАТ ЭКӨӨБҮЗ ЫЗЫ-ЧУУСУЗ АЖЫРАШТЫК”

Алпаруучулар Максат Надырбеков менен Нурзат Токтосунова 5 жыл мурун баш кошуп, кыздуу болушкан. Жакында алар эки ажырым жолго түшкөнүн ачыкташты. Жылдыздуу түгөйлөрдүн эки айрылыш жолго түшкөнүнө эмне себеп болду? Ажырашкандан кийин сый мамилени кантип сактап калышты? Бул тууралуу Максат мырза маек курду.

– Максат мырза, саламатсызбы? Жеке жашооңузда жагымсыз жаңылык болду. Жубайыңыз Нурзат Токтосунова менен эки ажырым жолго түштүңүздөр. Себебин билсек болобу?

– Ажырашканыбызга 5-6 ай болду. Турмушта ар кандай нерселер болот экен. Кээде бири-бирин түшүнбөй калган, бири-бирине туура келбей калган учурлар болот тура. Ошентсе да ал учурдан өтүп, жакшы мамиледе калалы дедик. Азыр баарын ачыктап “ал минткен, мен мындай кылгам” дегенден сөз ырбай берет. Нурзаттын мага кылган эмгектерин баалайм. Азыркыга чейин жакшы сүйлөшөбүз. Кызыма барып турам. Керек болсо чогуу той алып барган учурларыбыз болот. Биз “бири-бирибизге бут тоспойлу, жамандык кылбайлы, жакшы нотада калалы” деп чечтик. Чыгармачылыкта баары бир жүз көрүшөбүз. Бир тармактан тамак жеп жаткандан кийин жаман нерселерге жол бербешибиз керек. Сый-урмат менен, ызы-чуусуз ажыраштык. Биз мындан ары иштеше беребиз.

“Нур” академиясында 4-5 жыл сабак бердик. Кээде экөөбүз урушуп кеткенде “Нурзат, биз кайсы арыбызга элге кеңеш берип жатабыз?” деп жаман болуп кетчүмүн. Кийин китептерден окусам Американын президенти Авраам Линкольн элди укмуш башкарганы менен, үйүндө аялы менен түшүнбөстүктөр болчу экен да. Ошондон кийин бул нерсеге кабатыр болбой калгам.

– Ажырашкандан кийин бири-бирине душман болбой, жакшы мамилени кантип сактап калыш керек экен?

– Мисалы, атаңды бирөө өлтүрсө ошол күнү аны өлтүргүң келет. 1-2 ай убакыт өткөндөн кийин анын соттолушун каалайсың. 1-2 жыл өткөндөн кийин “Кудайдын жазасын алат” деп кечирип коёт экенсиң. Ошондуктан жиниң келип жаткан учурда жаман нерселерди айтпай, карманып, жакшы сүйлөшүп, кеңешип алыш керек. “Сенден кетти, менден кетти” деп талаша берсең болот. Бирок андан жек көрүү көбөйө берет. Биз ошол нерсени кабыл алып “макул, ушундай болуп калды. Мындан аркысын чукубай эле коёлу” деп чечтик.

Мен Нурзаттын күйөрмандарынан кечирим сурайм. Ар кандай адамдар жазат. Аларга жооп бербей өтүп кетем. Бирок анткен менен менин да жүрөгүм ооруйт. Анын ата-энеси, эже-агалары жакшы инсандар. 5 жылга чукул жашаган өмүрүбүздө анын да, менин да ата-энем тараптан бири-бирибизге жаман сөз айтылган жок. Аларга ыраазымын.

– Ата-энеңиз бул чечимиңизди кандай кабыл алды?

– Аларга “биз баштаганбыз, өзүбүз бүтүрөбүз” дедим. Эч кимди аралаштырган жокпуз. Экөөбүз чечим чыгардык. Бирок ар бир ата-эне баласынын турмушу бузулушун каалабайт да.

– “Эркектен эшек үркпөйт” дейт эмеспи. Мындай учурда көбү аял кишини гана күнөөлөй беришет. Буга кыжалат болосузбу?

– Ооба, кээде ойлоном. Бирок кызым бар да. Кызым менен алаксыйт. Ошол кыз караан болот деп ишенем. Кызыбызга бакыт, акыл тилейм. Аны аял катары, албетте, аяйм. Аял кишиге оор, эркек кишиге билинбейт. Анткени эркек “мен сени алам” деп бирөөгө айта алат. Аял киши “мен сага тием” деп айта албайт. Ошол жагынан оор. Эркек бат эле үйлөнүп алат. Аял кишини сөз ээрчийт. Бирок Нурзат күчтүү. Бул нерсени жеңет деп ойлойм. Айтарым, эч качан таба кылбаңыздар, тобо кылыңыздар. Анткени табанын түбү тар. Бакыт тилеп коюңуздар. Бул жашоонун бүтүшү эмес.

Баары эле үй-бүлөсү бузулса стресс болот да. Мен да стресс болдум. Мен ичип, чекпейм. Бул учурда өзүмө-өзүм мотивация бердим. Сынып калгандан пайда жок. Бирөө келип жашоомду оңдоп бермек беле? Азыр деле эстесем жаман болуп кетем. Кээде Нурзатка кызымды сурап чалганда ажырашканыбызды унутуп калып телефондон сүйлөшө беребиз. Бул да өтөр. Турмушум бузулушун каалачу эмесмин. Ал адам менен өмүр бою жашагым келчү. Кудай буюрса, алдыда дагы бирөө күтүп турат деп ишенем.

– Нурзат Токтосунова маегинде “күйөөм бар деген сөз үчүн жашагым келген жок” деди. Бул сөзүнөн кемчилик сизден кеткендей туюлду...

– Ар бир адамдын чындыгы бар. Бир эмоциядан негатив жаралган үчүн эки адам урушат. Ортодо пайда болгон негативди экөө тең бирдей азыктандырганы үчүн уруш чыгат. Аял да, эркек да “күнөө менде” деп айтпайт. Ошондуктан ортодогу нерсе жабык боюнча эле калсын.

– Нурзат айымга “ажырашканыбызды ачыктайлы” деп сиз биринчи сунуштаптырсыз?

– Нурзаттын аброюна “күйөөсү антип жүрөт, минтип жүрөт” деген сөз тийгизгим келген жок. Ага чалып “күйөө деген макамды алып салалы. Сага да минус болот. Мен идеалдуу адам эмесмин. Жашооңдо бирөө пайда болуп калса жаман сөз ээрчибесин” дедим. Анткени көчөдө бирөө менен чогуу баратсаң тааныштардын күбүрөп-шыбырап жаткандары катуу тиет. Ошондуктан ачыктап коёлу дедим.

– 4-5 жыл чогуу жашап, аялдын психологиясын түшүнө алдыңызбы? Алар эмнени каалашат экен?

– Бир цитата окуп калдым, “Эркекти түшүнүп, анан сүйсө болот. Аялды болсо түшүнүү мүмкүн эмес, сүйүш гана керек” деген. Ошол чын экен. Абышка болгондон кийин бул суроого жооп бере алат окшойм (күлүп).

– Ошентсе да сизге кандай аял керек экен?

– Азырынча ойлоно элекмин. Идеалдуу адам жок. Идеалды башыңа түзүп алсаң көңүл калуу батыраак болот. Чек койбой эле коёюн дедим.

– Маегиңизге рахмат! Бактылуу болуңуз!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Bermet01
2020-10-26 10:01:56
Нурзатка бети башын хиджаб менен тумчулап, чумконбой эле койгону жакшы экен. Чачын жасап кое берип койсо сулуулугу артып, көркүнө чыгып көзүңдү кубантат. Азыр бети башын тумчуланып алгандан кийин баягы жылдыздуу, сулуу жүзүн көрбөй калдык. Болбосо Нурзаттын сулуулугун карап эле отурчубуз. Жаш болгондон кийин кыздарыбыз хиджаб менен бети башын чүмкөбөй эле коюшса.
-21
sherik
2020-10-26 10:35:33
Менин жеке оююм. Телевидениеде ону, жузу. дикциясы менен Тамара жаманбаева, Гулшан Молдоева, Айнура Кабатай кызы когултур экрандын корку болушкан. нурзатта элди озуно тартып турган жылуулук, дикция, сулуулук деле жок.
+11
asyl1998
2020-10-26 12:17:26
Нурзат акыркы кундору озун карабай койду. Озу да ашкере динчил болуп кетиптир. Суйлогон создору да бир башкача болуп калыптыр, чала молдолордон айрымасы жок. Мурда светтик жашоосунда чачын кое берип жургону жакшы болчу. Сырткы келбетин, сулуулугун коруп ичинен суктанчыбыз. Азыр кебетесин кетирип бети башын хиджабка ороп алыптыр, озун идеяльный элестетип.
-9
asylym77
2020-10-26 14:40:56
asyl1998,силерге эмне чачын жаябы жокбу баарын эле чачын жайдыралбай кыйналып Кетинерго
+14
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-26 17:30:27
Сулуулугуна суктанып не кыласыңар?Чачынарды апсайтып өзүңөр коё берип жүрөт бергиле.
+13
Afrodita1993
2020-10-27 01:34:01
Кыргызстанда баары Аллахты тааныйт деп ойлочумун, шайтандын жолуна түшүп арнерселерди сүйлөгөн каапырлар көп экенда
+9
Asel69
2020-10-27 09:23:26
Жараткан Тенирим силерге ден соолук берсин. Тенирим колдосун.
-12
Gukush8993
2020-10-28 01:26:33
Максат акылдуу жооп бериптир бирок жалко болуп кетти кайран бала окуйм деп тагдыры ушундай болуп калды балким башка бойдок кызга суйлошуп суйуп,жаш кызга уйлонсо бактылуу болот беле арты артынан тороп берсе бала менен алаксып жашап калат беле.Экоо тен акылдуу адамдар ошол учун келишпеди окшойт.
+5
Janym1998
2020-10-28 07:17:47
Ажырашпай эле койсонор болмок экен. Кантсе да ортонордо жакшынакай кызынар бар. Чымчыктын да уясы бузулбасын дечу беле?
+6
AruuzatymB
2020-10-28 12:28:59
Нурзат токтосунова кучтуу, акылдуу кыз экен. Хиджаб кийген эжелерди сыйлайм
0
Missing-u
2020-10-28 13:05:48
Нурзатта эркектин энергетикасы коп аны озу байкабаса керек. Аял назик болуп,эркектен бир кадам артка болуп,иштейм эле дейбербей уй окатына да коп конул бурса эркектмн энергиясы азаят. Куйоосуда бирге болгусу келет,тороп деле баласына мээрим салып олтурган жок. Максатка уйдо балдарын карап жылуу тамагын берип отурган аял керек болчу. Линкольнду мисал кылыптыр анын аялы тажаан,куйоосу белгилуу адам болсода басмырлап жакшы созун арначу эмес. Нурзаттыда ошондой эле элестетем. Бактыларын табышсын.
+8
Tiken
2020-11-01 13:43:31
Нурзаттай болуш коп адамдын колунан келе бербейт!!! Ал эмгекчил, билимдуу, эстуу айым! Максаттын кадыр-баркына шек келтирбейм, бирок жигит кызды оз пайдасына колдонду го деген ой келди... Нурзат айымдын таасири астында элге таанылды дегендей... Кучтуу жигит экен дегем уйлонгондо, тилекке каршы жыйынтыгы жакшы болгон жок! Экоо тен бактылуу болушсун... Хиджаб кийуусуно сын такпай аны кабылдагыла, ал жеке озунун чечими.
0
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан