Турат Осмонов – профессионалдык бокско аттанары менен удаасынан 3 жеңишти куржунга салган кыргыз мушкери. Ал 30-октябрда Орусияда титулдук беттеш өткөрүү алдында турат. Учурда Екатеринбург шаарында машыгууларды өткөрүп жаткан спортчу менен даярдыктар кандай жүрүп жатканы, бокс дүйнөсүнө кантип келип калганы, Кыргыз өлкөсүндөгү бокстун абалы тууралуу маектештик.
Аты-жөнү – Осмонов Турат Токтобаевич
Туулган жылы – 1993-жыл, 28-октябрь
Туулган жери – Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы
Салмагы – 58 килограмм
Бою – 164 сантиметр
Билими – Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн
Жетишкендиктери – Кыргыз өлкөсүнүн 5 жолку чемпиону, XVII Азия оюндарынын коло байге ээси, Дүйнө Кубогунун финалчысы жана башкалар
Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы
– Саламатсызбы, Турат мырза, титулдук беттеш өткөрүү алдында турасыз, даярдыктар кандай болуп жатат?
– Саламатсыздарбы, Кудай буюрса, жакшы. 17-сентябрда Москвага келгем. Менеджерлер Екатеринбург шаарындагы мушташ өнөрү академиясына жиберишкен. 19-сентябрдан бери машыгууларды өткөрүп жатабыз.
– Алдыда боло турган беттеш тууралуу айтып берсеңиз?
– 30-октябрда боло турган беттеш негизинен жазында эле болмок. Пандемияга байланыштуу жылдырылган. Ага карабай машыгууларды үзбөй, даярданып жаттым. Августта Кыргыз курама командасы менен биргеликте Ысык-Көлдө сбордо болдук, андан кийин Бишкекте машыгуулардан өттүк. Машыктыруучуларым Клим Васильевич, Владислав Михайлович, Халдар Мухамеджанов болуп кеңешип мени Екатеринбургга жиберишкен. Бул жакта профессионалдык мушкерлер өтө көп, өсүүгө мүмкүнчүлүк жогору. Сүйүүчүлөр арасындагы жана профессионал бокстун негизи бир болгону менен, айырмасы абдан чоң. Профессионал боксто көп көйгөйлөргө туш болуп каласың. Ошол себептүү мени даярданууга бул жакка жөнөтүштү. Бул беттеш профессионалдык карьерамдагы маанилүү беттештердин бири.
– Буга чейин профессионалдык боксто өткөргөн беттештериңиз ийгиликтүү болду. Кайсы беттеш сизге көбүрөөк кыйынчылык жаратты?
– Профессионал боксто буга чейин 3 беттеш өткөрүп, үчөөндө тең нокаут менен жеңишке жетишкем. Ушул жылдын февраль айында азербайжандык Ибрагим Акпери деген мушкер менен чыккам. Даярдык жакшы болгонуна карабай беттештин алдында жеңилип калчудай болуп аябай толкундангам. Бирок биринчи раундда күтүлбөгөн сокку узатып техникалык нокаутка учураттым. Негизи эле ар бир беттештин өзүнүн оорчулугу бар, эч качан жеңиш оңой жол менен келбейт. Сүйүүчүлөр арасындагы боксто жүргөндө Азия оюндарынын чейрек финалынан жарым финалына өтүш үчүн Дүйнө чемпиону болгон монголиялык мушкер менен кез келгем. Аябай эмоционалдуу беттеш болгон, азыр дагы эсимде. – Бокс дүйнөсүнө кантип келип калгансыз?
– Спортко келишимдин түздөн-түз себепкери – атам. Ал жаш кезинде спортчу болгон, бокс менен машыкчу. Мени кичинекей кезимден эле чуркатып, шпагат отургузуп спортчу кылгысы келчү. Биздин үйдүн жанына эмгек сиңирген машыктыруучу Халдар Мухамеджанов агай жеке машыгуу залын ачып, балдарды машыктыра баштаган. Башында кикбокско бара баштагам. 2005-жылдары менин кумир туткан мушкерим, абсолюттук Дүйнө чемпиону, орусиялык Константин Цзю аябай популярдуу болчу. Андан таасирленип боксчу болом дедим. Атам мени Халдар Мухамеджановго тапшырган. Ошондон тартып менин жашоом жакшы нукка бурулду. Себеби мектепте жакшы окучу эмесмин, абдан тентек болчумун. Спорт мени тарбиялады, окууну да жакшы окудум. 9-классты бүткөндөн кийин Казакстандагы спорт жатак мектебине тандалып, ошол жактан окуумду уланттым. Жогорку окуу жайды да Казакстандан бүтүрдүм.
– Атаңыз сизди спортко өзү алып келиптир, апаңыз кандай көз карашта?
– Атам азыркы күнгө чейин кеңештерин айтып, тамак-ашыма чейин көзөмөлдөп турат. Апам кээде эмоцияга алдырып ыйлап алат. Кыргызстанда өткөн беттештеримди калтырбай көрүп жанымда болушчу. Кийин салмак кубалаганда, чоң беттештерде мага канчалык оор болгонун көргөн апам мени аяп “колдон келсе 5-6 раунд жүрбөй эле 1-раундда утуп салып чыгып кетчи, балам” деп айткан күндөрү болду. Көпчүлүк учурда апам “сен оор атлетикага эле барсаң болмок экен, анда штанганы көтөрсөң көтөрдүң, көтөрө албасаң таштап коёт экенсиң, сени эч ким кыйнабайт” деп калат. – Сиздин оюңузча, Кыргыз өлкөсүндөгү бокстун деңгээлинин төмөндөшүнө эмне себеп?
– Кыргыз боксун нөлдөн бийикке көтөргөн эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотов башкы машыктыруучу болуп турган учурда кыргыз боксунда өтө чоң жетишкендиктер орун алган. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Азат Усеналиев Азия чемпиону болгон. Ошол кезде курама команда 1 алтын, 3 колого ээ болуп, Азия биринчилигинде 4-орунду алганбыз. Азыр андай көрсөткүчтөн кыйла алыспыз. Керек болсо Азиядагы алдыңкы 20 команданын тизмесине да кире албай калдык. Мунун себептери өтө көп, жеке эле каражат маселеси эмес. Машыгуу процесстери түп тамыры менен өзгөрдү, учурда бокс өтө оор абалда. Кыргыз мушкерлерине дүйнөлүк же Азиянын аренасында баа беришпейт. Себеби бизде бокстун деңгээли төмөндөп кетти. Машыктыруучулардын өз ара келишпестиги, ынтымактын жоктугу ушуга алып келип отурат. Сындап жаткан жерим жок. Бул ачуу чындык. Мурун чет элдик алдыңкы боксчулар келип биз менен чогуу окуу-машыгууларды өткөрүп турушчу. Акыркы 3 жылдан бери андай көрүнүш жок. Бизде бокс өсүш жолунан артка кетти.
– Беттештерге барууга спорт агенттиги тарабынан колдоо болобу?
– Мындан 3 жыл мурун спорт агенттиги тарабынан балдар толук кандуу стипендия алышчу. Азыр стипендия алгандар саналуу эле. Боксчуга стимул боло турган эч нерсе жок. Бул башкы машыктыруучулардын кемчилиги деп ойлойм. Кыргызстанда бир дагы промоушен жок. Профессионалдык бокстун чыгашасы абдан көп, меники титулдук беттеш болгондуктан 6-7 миң долларга чейин сарпталып кетет. Муну Орусиядагы промоушендер уюштуруп берип жатат. Тамак-ашым, жолумду машыктыруучуларым каржылап келет. Орусиядагы чыгашаларымды бул жактагы менеджерим өз моюнуна алган.
– Коңшу өлкөлөрдөн сунуштар болгонбу? Башка өлкөнүн атынан рингге чыгуу ойлоруңуз барбы?
– Ооба, болгон. Мен Казакстан чемпиондугун, көптөгөн турнирлерди уткам. Ал жакта мени көп машыктыруучулар таанышат. Ошол себептүү мага Казакстандан жакшы сунуштар түшкөн. Үчөөндө тең баш тарткам. Себеби мен паспортумду алмаштырып, кыргыз экендигим тууралуу айтпашым керек эле. Кыргызстанда да промоутердик уюм ачылып, ушул жаатты жакшы алып кетсе дейм. Бизде күчтүү мушкерлер жок дейсизби, албетте, бар. Болгону жеке кызыкчылыктар биринчи орунга чыгып кетип жатат. Мисалы, Азия чемпиондугуна эң күчтүү делген мушкер барбай, кандайдыр бир жолдор менен 3-4-деңгээлдегилер барган учурлар кездешет. Өнүгүү үчүн спорт таза болуш керек.
– Машыгууларга карабай маекке убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат. Жеңиш менен келишиңизге тилектешпиз.
Динара Акимова