Бакыт Карчыгаев, ырчы: “ГҮЛБҮ ЭЖЕМ УНУТУЛУП КАЛБАСЫН ДЕП АНЫН ЫРЛАРЫН ЫРДАП ЧЫГУУНУ ЧЕЧТИМ”

Бир тууган. Жүзүңдү күлүмсүрөткөн, балалыгыңды бирге өткөргөн, кээде өзүңдөн да сени жакшы билген адам. Бул жолу ырчы Гүлбү Ороскул кызынын бир тууган иниси Бакыт мырза менен маектештик. Ал эжесинин акыркы күндөрү, өз ара мамилеси, сүйүүсү тууралуу баяндап берди.

“БАЛАЛЫГЫБЫЗ ТАЯТАМДАРДЫН КОЛУНДА ӨТТҮ”

– Биз үч бир тууганбыз. Гүлбү эжем, анан агам, кичүүсү мен. Мен 39 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн. Бир жылдан бери эжемдин ырларын ырдап элдин алдына чыгып жүрөм. Кичинебизден үчөөбүз тең ырдачубуз. Бирок эжем ырдап жүргөндүктөн, биз башка кесипти тандап кеткенбиз. Эжебиз кайтыш болгондон кийин анын ырлары эл оозунда калсын, унутулбасын деп эжемдин ырларын ырдап жүрөм. Байкем Төрөкулдун аябай жакшы үнү бар, аккордеонду да жакшы чертет, бирок тартынчаак. Мен болсо аккордеонду жаңы үйрөнүп жатам.

Чет өлкөдө иштеп жүргөм, келе турган оюм жок болчу. Бир күнү Гүлбү эжем телефон чалып “келчи, жакшы пландар бар. Сенин үнүң бар, элдин алдына алып чыгайын. Талантың болгондон кийин эмнеге колдонбойсуң, кел” деп калды. Ошентип эжемдин өтүнүчү менен келген элем. Бирок Гүлбү эжем кайтыш болуп кетет деген ой такыр болгон эмес да. Эжемдин ырын элдик аспаптар менен алып чыксам деп ойлонуп турам. Өзүм Асанкалый Керимбаевдин ырларын жакшы көрөм, көп учурда анын ырларын аткарам. Асанкалый ага 5-классымда батасын берген эле. Жездем (ред.: Элмирбек Иманалиев) экөө Аксы жергесине гастролго келишкен. Ошондо эмне болуп билбейм, ал кишиге жагып калган экенмин, мага батасын берген. Кийин ал киши кайтыш болуп кетти, ошондо анын ырларын ырдап чыгам деп өзүмө сөз бергем. Эми ошол чыгармачылык чыйырга түштүм.

“ЭЖЕМ ЖҮРӨГҮМДӨГҮ БАРДЫК МАКСАТЫМДЫ АТКАРДЫМ ДЕГЕН”

– Атабыз кайтыш болуп, биз тай тарабыбызда өстүк. Аксы районундагы Авлетим деген айылдан болобуз. Биздин талантыбызга ошол табияттын коюнунда чоңойгонубуздун таасири тийсе керек. Жайлоодо, таштардын арасына кирип алып эле ырдай берчүбүз. Жайлоодо Гүлбү эжем мени аябай карачу экен. “Жыгылып кетеби деп эле акмалап турчумун” деп айтып калчу.

Талант апабыздан да өтсө керек, анткени апам ооз комузду аябай жакшы чертет. 1-ноябрь эжемдин туулган күнү болчу. Бул күнү ар дайым белек алып апама келип “сиздин майрамыңыз” деп куттуктап кетчү. Эжем дайым күлүп жүрчү, шайыр, эч нерседен тартынбаган адам болчу. Кабагын чытып жашоого наалыганын такыр көргөн жокмун. Күлкүсү да өзгөчө эле. Бир жолу ой басып калыптыр, эмне болгонун сурасам “эл аябай бузулуп кетти. Бирин-бири жеп эле койгусу келип социалдык тармактарда шыбап жатышат. Кадимкидей өзүмдү булганып калгандай сезем. Мүмкүн болсо социалдык тармактарга кирбей эле койчу” деди. Эжемдин сөзү менен социалдык тармактарды эч колдонбойм.

Каза болорго жакын Аксыда бир майрам болду. Борбордогу тойлордон баш тартып, ордуна ырчы Гүлзат Байзакова эжени жөнөтүп, ошол жакка барган. Мага болсо “аябай чарчап жүрөм, Сары-Челекке барып бир күн экөөбүз жакшы сүйлөшүп, тууганча сырдашып келеличи” деди. Кичүү кызы Сезим, мен болуп Сары-Челекке барып, бир айдан кийин ошол жерден клип тарта турган болдук. Өкүнгөнүм, ошол күн кайталанбай калды. Көрсө, бул акыркы жолку чогуу болгонубуз экен. “Жүрөгүмдөгү нерсенин баарын аткардым, бир гана нерсе калды. Сени ырчы катары элге таанытам деп жүрөм. Ошол максатым калды” деп мени кучактап, экөөбүз суунун үстүндө катерде бара жатканыбызды көп эстейм. Ошондон бир айдан кийин каза болду (ыйлап).

“ЖЕЗДЕМ МЕНЕН ЭЖЕМДИ ДОСТОРУ ЭЛЕ АЖЫРАШТЫРЫП КОЙДУ”

– Элмирбек жездем менен Гүлбү эжем бири-бирине аябай жарашкан адамдар эле. Мурунку заман болсо экөөнүн сүйүүсү тууралуу дастандар жазылмак деп ойлойм. Алар ажырашпайт болчу, муну достору эле кылды. Душманды алыстан издебеш керек экен, экөө тең ишенчээк болчу. Мен экөөнүн ажырашканын ошол досторунан эле көрөм. Жанында жүргөн адам катары айта алам, экөө тунук махабаттын далили эле. Эл кандай айтса айта берсин, бирок мен өз көзүм менен күбө болдум. Көзү өткөндөн кийин эле кейип мактап калабыз. Экөө ажырашкандан кийин деле жездем менен ага-инидей мамиледе кала бердик. Жездемдин Гүлбү эжемди акыркы сапарга узатып жатканда жанымда боз үйдө отуруп алып ыйлаганын көп эстейм. Чындыгында жакшы көрчү. Эмне дейбиз, артында кыздары калды. Ошолорду карап сүйүнүп калабыз. Айзууранын өң-келбети апасына окшош болгону менен, мүнөзү атасына окшош, Сезимдин өңү жездеме окшоп, мүнөзү апасын тартып калды.

“АПАМА ЖАЛГЫЗ КЫЗЫН ЖОГОТУУ ООР БОЛДУ”

– Биз эркек болгондуктан эшикке чыгып кетип көп билинбейт экен. Апама оор болду. Бир жыл бою ооруканада жатты. Андан кийин байкем ооруду, экөөнү карап жүрүп өзүм ооруп калдым. Оор жоготуу болду биз үчүн. Эми араң жакшы болуп баратса жездем кайтыш болуп кетти.

Апам биздин көңүлүбүз деп турмушка чыккан жок. Балдарын жалгыз чоңойткон үчүн “аркаңарда сүйөй турган атаңар жок, турмушуңарды эптеп кетишиңер керек” деп тарбиялады. Ошол үчүн турмушка бышып чоңойдук. Эң аракетчилибиз эжем болчу. Бардык нерсеге жетишти. Эки кызына үй алды. Апам биз үчүн жашагандай, эжем да кыздары үчүн жашады. Өзү үчүн жашаган жок. Өзү да эрте кетерин сезгенби деп ойлоп кетем. Үйүнүн тоюн берем деп даярданып жаткан. Башка артисттердей болуп чет өлкөгө да чыккан жок. Болгон аракети эки кызынын кийинки турмушун түзүү эле. Ошол үйдү бүтүп апамды алып Дубайга барып келем деп жаткан, ишке ашпай калды.

1-ноябрь күнү чыгармачылыгын эскерүү кечесин өткөрсөк деп жатканбыз, бирок пандемия болуп калды. Бирок эл тынч болсо ар бир жылы туулган күнүндө өткөрөм деген оюм бар. Гүлбү эжем ырды көркөм окучу, бул талантын эл билбейт. Эстрада, кээде комуз менен ырдачу эмес беле, бирок ооз комузду аябай жакшы кагар эле. Ушул эки талантына эл күбө болбой калды деп өкүнөм.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
narynbek2001
2020-10-26 10:09:05
Ушул Гулбу айымдын уну эн сонун болчу. Озу дагы сырткы келбети абдан сулуу, татынакай, жылдыздуу болчу. Чачы дагы узун болуп озуно абдан жарашчуу эле.
+8
fanatka19
2020-10-26 17:19:11
Жанындагылар коро албай тытынып ар кимге ар нерсени айтып жамандап журушуп тубуно жетишти.Эми конулдору тынчып,жашоолору жаркып калгандыр.
+3
asyl1998
2020-10-27 00:22:45
Абдан сулуу, жакшынакай болчу.
+5
bema_bema
2020-10-27 03:43:49
Эх арман дуйно,Таттыбубу Турсунбаеваны деле жакын жанында жандап жургон адамдары олтуруп койгон дешетго.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-10-27 10:09:18
Аябай татынакай жылдыздуу жаркыраган адам болчу...
+3
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан