Данияр Эрматов, ырчы: «КЫЗЫМДЫН АР БИР КЫЙМЫЛЫНА СУКТАНЫП ЖАТАМ»

Ырчы Данияр Эрматовдун үй-бүлөсүндө жакында жакшы жаңылык болду. Ал кыздуу болуп, жашоосу өзгөргөнүн айтат. «Жубайымдын толгоо тартканын көрүп жалпы аялзатын сыйлап калдым» деген каарманым менен жашоосундагы аялзаты тууралуу маектештик.

«ОЮМ БУЗУЛУП БАРАТКАНДА АПАМДЫ ЭСТЕП, ТОКТОТУП КАЛАМ»

– Апам менин ыйык туткан адамым. Энелерди канчалык сыйласак да аздык кылат. Апам үчүн мен дагы эле жаш баламын. Үйдө аябай эркемин, карындашым менчелик эркелебейт. Апам дайыма кеңешин айтып, күндө ден соолугумду сурап турат. «Жаман жолго баспа, адамгерчиликтүү бол, ыймандуу бол, кекчил болбо, бирөөгө жамандык каалаба» деп айтат. Кээде оюм бузулуп баратса, апамдын кеңешин эстеп өзүмдү токтотом.

Менин мүнөзүмдү апамдыкына окшоштурушат. Апам шайыр, ачык, бетке айткан адам. «Адамдын артынан сүйлөбөй, бетине айтыш керек. Бетине айтканым туура болгонун ал адам азыр болбосо кийин түшүнөт» дейт. Менин да шайыр жүргөнүмдү, ачык мүнөзүмдү апамдыкына окшоштурушат.

«Эркек балдарга караганда кыздар ата-энеге көбүрөөк күйүмдүү болот» дешет. Бирок мен деле күйүмдүүмүн. Дайыма аларды ыраазы кылганга аракет кылам. Апама бирөө жолдон жолугуп, «сенин балаңды телевизордон көрдүк, жакшы ырдайт» деп айтып калышса, апам башкача бактылуу болот. Мен жаш кезимде апама ушундай бакыт тартуулоону каалачумун. «Эркектер үй-бүлө кургандан кийин ата-энесинен алыстап кетет» деген кептер бар экен. Мен алыстаган жокмун жана эч ким алыстабашы керек деп ойлойм. Ата-эне дайыма биринчи орунда, дайыма жүрөгүңдүн сыйлуу төрүндө болушу керек. Сенин жарык дүйнөгө келишиңе себепчи болгон, багып чоңойткон, үйлөнтүп-жайланткан ата-энеден кантип алыстап кетесиң? Бул баланын мүнөзүнөн да көз каранды болсо керек. Мен чоңойгон сайын ата-энеме көбүрөөк жакындап баратам.

«БИР ТУУГАНДАРЫМ» ЫРЫМДЫН КЛИБИНЕ БИЗДИН ЖАШООБУЗ ТАРТЫЛГАН»

– Менин 2 эркек, 2 кыз бир тууганым бар. Улуу эжем Миргүл 1981-жылкы. Эң кичүүбүз – карындашым Айпери. Ал 1991-жылы туулган.

Эжекем түшүнүктүү, дайыма мени түшүнүп, колдоп турат. Мен кыла албай калган иштерим үчүн күнөөлөп урушканын уга элекмин. Кеңешин берип турат. Бизди, көбүнчө Айпери экөөбүздү кичине кезибизде эжем карады. «Бир туугандарым» деген клипте өзүмдүн бир туугандарымды чагылдыргам. Кичине кезибизде жашообуз ошондой эле болгон. Эжем бизди карап, көтөрүп, жетелеп эле жүрчү. Ал биздин экинчи апабыз. Эжем таланттуу, жакшы ырдайт, комузда ойнойт. Үйлөнүү тоюмда ал менин «Бир туугандарым» ырымды ырдап берип мага сюрприз кылды. Ага чейин деле эжемди ырдатып чыгаруу оюмда бар эле. Ошондон кийин ал оюм бекемделди. Эми концерттеримде талантына күбө болуп каласыздар, буюрса.

Карындашым Айпери токтоо кыз. Ал мендей болуп эркелеген жок. Азыр балдарын эркелетсек да «болду, көп эркелетпегиле» дейт. Ал экөөбүз удаа болгондуктан чогуу ойноп, урушуп чоңойдук. Аны өзүмө теңеп оор жүктөрдү көтөртүп, спорт менен машыктыра берчүмүн. Кол күрөштүрчү элек. Мен класстагы балдардын баарын жеңчүмүн, карындашым мени жеңип койчу (күлүп). Айперини мен кичинекей баладай көрөм. Ошол себептүүбү, турмушка узап жатканда ыйлагам. Ыйлабайм деп ойлоп жаткам. Бирок «башка үй-бүлөгө кантип көнүп кетет? Эми бизди сагынат го» деп ойлой бердим. Анан жашымды токтото албай калгам.

«АЙСАЛКЫНДЫ БАШКАЛАРГА КӨП АЧЫЛБА ДЕП ТОКТОТУП ТУРАМ»

– Мен ачык болсом, жубайым менден да ачык, жасалмасы жок адам. Кээде бардык адамдарды өзүндөй ойлоп, аябай ачылып, сүйлөшүп кетет. Айрым учурда «болду, токто» деп токтотом. Кээде бир жакка барарда «башкаларга анчалык ачылба» деп эскертип айтам. Анткени айрым адамдар аны туура эмес түшүнүшү мүмкүн.

Келинчегимди көптөр апама окшоштурушат. Экөөнүн тең бетинин сол жагында калы бар. Аны өзүм кийин байкадым. Азыр апам экөө эне-кыздай болуп бири-бири менен тамашалашып, кеңешип иш кылышат. Айсалкын «апа, муну кандай кылат? Билбейт экенмин» деп билбегенин ачык эле сурап үйрөнүп алат. Апам келинине ыраазы. Келинчегим да ушунусунан жазбасын.

Мен буга чейин эле «жубайымдын иштешин каалабайм» деп айтчумун. Азыр да аялым балдарга жакшы тарбия берип, тамагын жасап үйдө эле отурса деп тиленем. Колумдан келип турса, тапканым жетип турса, аялдын үйдө отурганына эмне жетсин? Анткен менен баары Кудайдын буйругунан болот эмеспи. Балким, бир күнү ал мени багып калат. Жубайым кесиби боюнча кытай тилинен котормочу, сулуулук салондорунда иштеп жүргөн. Колунан көп нерсе келет. Учурдан пайдаланып аялымды мактап алайын (күлүп).

«КЫЗЫМ ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИН СЕЗИМТАЛ БОЛУП КАЛДЫМ»

– Ата болгон башкача экен. Аны айтып түшүндүрө албайм. Мурдагыдан дагы жоопкерчиликтүү, сезимтал болуп калат экенсиң. Муну ата болуп көргөндөр түшүнсө керек. Азыр мен уктаганда да сак болуп калдым. Өзүң уктасаң да жүрөгүң ойгоо. Кызым бир аз кыңылдаса апасы менен чогуу ойгоном.

Мен Айсалкын кош бойлуу болгон кезден тарта эмнегедир кыз төрөлөрүн сезгем. УЗИге түшө электе врачтар да, тааныштар да жубайымдын ичинин формасын карап «эркек бала төрөлөт» деп айтып жатышты. Бирок менин жүрөгүм, ички туюмум алдаган жок. Аталар да балдарын сезет экен деп калдым. Мага наристемдин кыз же эркек болору эмес, аман-эсен төрөлүп, маңдайыбызга келгени маанилүү болчу, ошентип тилендим. Жубайым экөөбүз тең кичинекей балага жакынбыз. Экөөбүз тең азыр кыймылына суктанып эле карап отурабыз.

Айсалкын толгоо тартканда жанында болдум. Толгоонун мынчалык оор экенин көрүп, жалпы аялзатын мурдагыдан да сыйлап калдым. Апамды мурда деле аябай сыйлачумун. Кыздуу болгондон кийин сыйым күчөдү. Кызым Рания ата-энемдин 15-небереси болду. Баарыңыздардын үйүңүздөрдө наристе үнү жаңырсын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Tymar
2020-11-02 13:13:45
Жаркылдаган, сулуу жакшынакай келинчегин бар экен.
+4
rola
2020-11-02 13:51:14
Азаматсын!
+3
rola
2020-11-02 13:51:31
Азаматсын
+3
Asem-1995
2020-11-04 04:06:48
Бактылуу болгула
+1
karabet
2020-11-04 11:15:38
Ушул кыргыз ырчылылар уй булосун машинасын алган уйун айта беришет. Маданият адамдарысынарбы же кимсинер ?
+1
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан