UFC 254. Көпчүлүк күткөн беттеш Хабиб Нурмагомедовдун Жастин Гэтжини жеңиши менен аяктады. Октагондо атасын жоктоп өксүп ыйлаган мушкер спорттук карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Бул кабар эми эле жеңиш үчүн кубанып жаткан күйөрмандарга муздак суу сепкендей эле болду.
ООР ЖОГОТУУДАН СОҢ
Июль айында дүйнө элин мүшкүлгө салган коронавирус илдетинен мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов дүйнө салган. Бир эле учурда таянар аска зоосу атасынан, машыктыруучусунан, дайыма жандап жүргөн жан жолдошунан ажыроо Хабиб үчүн өтө оор жоготуу болду. Мындан соң сентябрга белгиленген Гэтжи-Хабиб беттеши белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бул учурда көпчүлүктө “Хабиб эми карьерасын улантабы?” деген суроо жаралган болчу. Хабиб пландалган беттешти ара жолдо таштап коё турган жигит эмес. Канчалык оор учурду баштан кечирип жатканына карабай машыгууларга кайтып, беттеш күнүн узакка создуктурган жок. Бул беттеш Хабиб үчүн мурдагылардан башкача жоопкерчиликтеги беттеш эле. “Эми кантер экен?” деп ага дүйнө эли көз кырын салып турган.
КӨРҮҮЧҮЛӨР ТОЙБОЙ КАЛГАН КЫСКА БЕТТЕШ
Дүйнөдөгү UFC күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жаткан беттеш күттүргөнүн актаган жок. Көрүүчүлөрдүн кызуусу кана электе кыска аралыкта соңуна чыкты. 1-раундда мушкерлер бири-бирине даабай убакытты көбүрөөк корунуу менен өткөрүп коюшту. Алгач Гэтжи соккуларды узатып үстөмдүк кылуу аракетин көрдү. Хабиб канчалык коргонгонуна карабай соккуларды өткөрүп алып жатты. Бирок Гэтжинин аракети узакка созулбады, Хабиб өз чабуулун баштады. Бул жолу адаттагыдай дароо партерде иштөө тактикасына өткөн жок. Туруп салгылашууга дагы жөндөмдүү экенин далилдеп келе жаткан, бирок раунддун соңунда беттеш партер абалына келип, Гэтжиге оруксунтуу ыкмаларын колдонуу менен жыйынтыктады. 2-раундда каршылаштар бири-бирине сокку узатып, беттеш эми кызуусуна келе баштады дегиче дагестандык сүйгөн ыкмасын жасап койду. Партерге кирип атаандашын үч бурчтук ыкмасына алды. Жастин берген маектеринин биринде “мага үч бурчтук ыкмасынан бошонуп кетүү оңой жана мен муну бир нече ирет жасап келгем” дегени менен, дагестандык бүркүттүн буттарынын күчү каршылашын коё берген жок. Гэтжи ошол жерде октагондо уктады.
КОШ, UFC. КАРЬЕРА СОҢУНА ЧЫКТЫ
Мушкер кармана алган жок, октагондо атасын жоктоп чөк түшүп бир саамга өксүп ыйлап, күйөрмандарынын көзүнө жаш алдырды. Күтүүсүздөн:
“Машыктыруучуларга, UFC уюмуна, мага күйөрмандык кылгандардын баарына ыраазычылык билдирем. Бул менин акыркы беттешим. Мындан ары атам жок беттешүүлөргө чыкпайм. Гэтжи менен беттеш атамдын максаты болчу. Бул беттешке чыгууга апамдын макулдугун араң алдым. Мен ага бул акыркы беттешим болорун айтып сөз бергем, сөзүмө турушум керек. Эгерде сиздерде ата-энеңер болсо, аларды урматтагыла. Азыр менин апам эле калды. Ага көп убакыт бөлүүгө аракет кылам. 2012-жылы UFC менен келишим түзгөндө буга көпчүлүк ишенген эмес. Мен Дагестандын бир тоолуу айылынан чыккан жөнөкөй эле жигитмин. Мен атактуулукту эмес, жөн гана чемпион болууну каалагам”,- деп карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды. Бүгүн кетип, эртең келе берген сапат Хабибге тиешелүү эмес десек болот. Андыктан ал UFC’де мушкерлердин рейтингинде салмактык категорияга карабай 1-орунга чыгарышын өтүндү.
Нурмагомедов ММА’да жалпысынан 29, UFC уюмунда 13 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган биринчи мушкер болуп калды.
Хабиб акыркы мушташы үчүн 6 миллион доллардан ашык гонорар алды. Кошумча 50 миң доллар бонус катары, 40 миң доллар беттешке чейин ар кыл иш-чараларга катышкандыгы үчүн төлөнгөн. Ал эми каршылашы Гэтжи 440 миң доллар алды.
Хабиб беттешке 3 жума калганда бутунун эки манжасын, таманынан бир сөөгүн сындырып алганы беттештен кийин маалым болду. Мушкер буга карабай беттешке чыккан.
29-0. ХАБИБ КӨЗДӨГӨНҮНӨ ЖЕТТИ
Хабиб 32 жашында спорттук карьерасын жыйынтыктап, дүйнөдөгү эң мыкты жеңилбес мушкер атыкты. UFC президенти Дана Уайт: “Оор жоготуудан кийин мындай беттешкенин көргөнүбүзгө ыраазы бололу. Куттуктайм, Хабиб, сен эмнени кааласаң, ошого жеттиң. Салмактык категорияга карабастан сен дүйнөдөгү мыкты мушкер аталдың жана спорттогу улуу инсандардын бирисиң”,- деп Хабибдин рейтингде сап башына чыгарын билдирди.
Буга чейин UFC’де мушкерлердин рейтингинин сап башын ээлеп келген Жон Жонс Хабибди тарыхтагы эң мыкты мушкер деп атоого каршы чыкты. "Мен 15 жолу титулдук беттеште жеңишке жеттим, ал төртүнчүсүн гана жеңди. Бул эмне деген акылсыздык?" Жон Жонстун каршылыгы ага жардам бере алган жок. 27-октябрда UFC’нин рейтинги жаңыланды. Хабиб көздөгөнүнө жетти. Эми ал салмактык категорияга карабай мыкты мушкерлердин сап башында.
Хабиб Нурмагомедов беделине шек келтирбестен карьерасын кадыр-барк менен жыйынтыктап, спорттогу улуу инсандардын катарын толуктады. Анын жүрөккө жеткен сөздөрү дүйнө элине ата-эненин орду, баркы кандай экенин бир силкип эскерте кетти...
Динара Акимова