Салидинас, ырчы: «ДҮЙНӨЛҮК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЧЫККЫМ КЕЛЕТ»

Салидинас аттуу ырчы кыз тууралуу угуп калсаңыз керек? Келечектен көптү үмүттөндүргөн бул бийкеч жаңыдан кыргыз шоу-бизнесинде аты чыга баштады. Таланттуу, мукам үндүү, татынакай жаш ырчы менен таанышып алыңыз.

Туулган жылы – 1998-жыл, 11-октябрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 155 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин эстрадалык вокал бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

Репертуарындагы ырлары – «Мен сүйгөн карагат», «Мен ыраазымын», «Таптым сени»

– Салидинас, салам! Бул ысым өзүңдүн атыңбы?

– Өзүмдүн толук аты-жөнүм – Диана Салиева. Диана көп жайылган ысым болгондуктан фамилия менен атымды кыскартып Салидинас деген каймана атты тандап алгам. Бул ат да жөн жерден келген эмес. 12 жашымда «Салам, Нью-Йорк!» тасмасына тартылгам. Ошондо фильмдин режиссёру Руслан Акун «атыңды Салидинас деп атап албайсыңбы?» деп сунуштаган эле. Ошондуктан атым өзгөчө угулуп, элге кызыгуу жаратайын деп сахнага Салидинас деген ат менен чыктым.

– Аталган тасмага кантип тартылып калдың эле?

– «Ак-Шоола» балдар ансамблинде тарбияланып жүргөндө хордун жүзү болуп, солист болгум келчү. Өзүмдү көрсөткөнүмдү байкаган Гүлмира эже (ред.: хордун жетекчиси) хордун солисти кылган. Ошондон кийин мага көңүл бурула баштады. Анан «ушул кыздын харизмасы бар экен» деп тасмадагы башкы каарман Баатырга окшоштуруп, мени карындашынын ролуна тандап алышкан.

– Демек, музыка дүйнөсүнө кичинекей кезиңден баштап аралаша баштаган экенсиң да?

– Ооба, музыка дүйнөсү кичинекей кезимден баштап кызыктыра баштаган. Шыгымды байкаган ата-энем тойго барганда ырдата беришчү. Бала чакта Султан Садыралиевди кумир тутуп, аны аябай жакшы көрчүмүн. Азыр да жагат. Ырларын угуп, ырдап чоңойдум.

– Дүйнөлүк ырчылардан кимдер жагат?

– Жакын боордоштордон алсак, казак ырчысы Жанар Дугалова жагат. Чет элдиктерден Жейси Жей, Кристина Агилера, Уитни Хьюстон, Бейонсе, Ариананы жактырам.

– Эмнени кыялданасың?

– Дүйнөлүк деңгээлге чыгып, сынактарга катышкым келет. Бул ар бир ырчынын максаты болуш керек. Кыбыраган кыр ашат эмеспи. Акырындап кыялдарыма жетем деп ойлойм. «Х-фактор», «Голос» сынактарына өзүм тууралуу билдирүү жөнөткөм. Пандемия болгону үчүн баары токтоп турат.

– Шоу-бизнестен дос таптыңбы?

– Шоу-бизнеске аралашканыма 2 жылдын жүзү болду. Кыздар үчүн шоу-бизнес кыйын болот дешкен. Бирок мен ага карабай бул тармактын жакшы жактарын издегенге аракет кылдым. Баары ниетке жараша болот да, шоу-бизнести жаман деп айтпайм. Ырчы эже-байкелер «сен тууралуу уккам, билем» деп калышканда кубанып калам. Шоу-бизнес мени Толгонай Арзыкеева, Милана Сариева, Тамга деген ырчыларга жакын курбу кылды.

– Ырчылар дайыма элдин көз алдында эмеспи. «Эл эмне дейт?» деген сөзгө көз карашың кандай?

– Мен бул сөзгө маани бербейм. Анткени ар бир адамдын өзүнүн түйшүгү, жашоосу бар да. Кеп кылышат да, 5 мүнөттөн кийин сен тууралуу унутуп калышат. Апам башында күлүп-жайнап маек бергенимди көрүп «эмне жалжаңдайсың? Эл эмне дейт?» дечү. Көп күлбөй койсом «эмнеге үңүрөйдүң? Эл эмне дейт?» дечү. «Деги кандай болушум керек? Анда эл менен жүрүңүзчү» деп талашып кетчүбүз. Азыр антпей калды (күлүп).

– Күйөрман жигиттер пайда болдубу?

– Жигиттер чалышат, жазышат. Аларды кагып-силкпейм. Акырын түшүндүргөнгө аракет кылам. Анткени адамдын көңүлү мен үчүн баарынан бийик турат.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең...

– Бир туугандардын улуусумун. Менден кийин мектеп курагындагы 2 иним, 2 жаштагы сиңдим бар. Апам мени 18 жашында төрөгөн. Аябай жаш көрүнөт. Баары «эжеңби?» деп сурашат. Мектепте окуп жүргөндө апам азыркыдан да жаш болчу да. Жыйналышка барганда «кечке эле эжеңди чакыра бересиңби?» деп урушчу. «Бул менин апам» десем таң калышчу. Бишкекте төрөлүп-өскөнүм менен, ата-тегим Алайдан. Ата-энемдин жеке бизнеси бар.

– Апаң менен мамилең кандай?

– Көп кыздар «апам менин курбум» дешет го. Мен болсо апамды курбум деп айта албайм. Ал мен үчүн апа эле. Кеңешин берет, колдойт. Бирок курбудай болуп ачылып сүйлөшө албайм. Сабырдуу, токтоо айым. Атам болсо менин бюджетим (күлүп). Ал акча берет. Атамдын кызымын, мени аябай жакшы көрөт, мен да жакшы көрөм. «Кимге жакынсың?» деп сурашса дароо «атама» дейм. Кичинекей чагымда эртең менен тура калып байпагын жуучумун. Жумушка кетейин деп жатканда «мен да барам» деп кийинип эшиктин алдына туруп алчу экенмин. Мүнөзүм да атамды тарткан. Ал шайыр, баарынын көңүлүн алып күлдүрө берет. Колу ачык, бирөөгө бир нерсе бергиси эле келип турат.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылык ийгиликтер коштосун!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aruu12
2020-11-02 11:05:44
Алайдан турбайсызбы♡...чыгармачылык ийгилик
0
narynbek2001
2020-11-02 13:17:11
Сулуу кыз экен
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан