ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Көк мээлигине жиним келип эки желкесинен кармап булкуп:

– Эй, акмак, өзүңдүн башың жокпу, эркек дейт го сени?! Кичине эркектей болчу!- деп көзүнө карасам, негедир көздөрүнүн нуру өчүп, бир кызыктай болуп денеси бошоп эле жерге жыгылып калды. Дагы анткорлонуп жатабы деп жүрөгүн тыңшасам сокпой калыптыр. Уйку артериясына сөөмөйүмдү коюп көрсөм эч нерсе жок. Арык, кичинекей адам эле, эки желкесинен кармап булкканымда катуураак булкуп койгон окшойм. Жүлүнү үзүлүп кеткен окшойт. Дал болуп эле отуруп калдым.

– Эми эмне кылдым?- канча отурганымды билбейм, ар нерсени ойлоно берген менен эч нерсе чечилбейт. Болору болду, чөнтөктөрүн карап бир пачка тапанчанын огун таап алдым. Сегиз огу алынып, дагы кырк эки огу калган экен. Тапанчаны колтугунун түбүнө илип ала турган куру да бар экен, чечип алдым. Атын жетелеп келип, Камчыкени алдыма өңөрүп минип алып, шаркыратманын маңдайында бийик аска бар эле, ошол жакка алып чыктым. Үстү тегиз, чөп көп өскөн жер экен, ат келе ала турган, шагылдуу жерин тандап, ошол жерден ылдыйга таштап жибердим. Коюу караган экен, арасына кирип көрүнбөй калды. Табылышы да кыйын эле, табылган күндө да өзү шагылдан тайып түшүп кетти деп ойлошот эле көргөндөр. Аттын да изи таштарга түшүп калды. Атты коё бердим.

Көлгө түшүп байланып турган жиптеримди чечип, берцамды, жынсымдын чөнтөгүндөгү алтын теңгелерди алып кыска шымдын чөнтөгүнө салып, жынсыны, Камчыкенин тапанчасын алып октоп, калган окторду суу өтпөй турган кылып күрмөнүн ичине ороп, күрмөмдү, баарын рюкзакка салып, шаркыратмадан беш жүз метрдей алысыраак барып, чагылган түшүп күйгөн ичи кенен арча бар экен, ичине бекитип, үстүнө жалбырак, бутактарды таштап салдым.

Күчүмдүн барынча чуркап пляжга жеттим. Тоону ашып түшүп, бир аз эки жакты карап бекинип жаттым, тынч эле, бөтөн адам көрүнбөйт. Азат туристтерди санаган адам болуп, пляжда жаткан жаш келин-кыздарды карап, суктанып коюп жүрөт. Телефон чалдым, дароо алды да "мен келдим" десем "аа, азыр барып калам" деп адамдар кийинип-чечинчү кабинанын мага жакыныраагына кирип кетип, бир аздан кийин плавкичен болуп колуна пакет кармап чыгып кетти. Артынан эле мен кирип, тиги таштап кеткен формамды кийип, автобустун көлөкөсүнө жатып алдым. Азатты карасам бир катердин ээси менен сүйлөшүп турат, ошо менен кетет эми.

Эми эмне кылам, кайтып келгеним туура болдубу, же ошондон ары качып кетиш керек беле? Качып кетсем Камчыке дайынсыз жоголсо, ошол эле күнү мен дайынсыз жоголсом милиция деле, Акимыч деле менден эле көрмөк да, артымдан милиция түшмөк. Милиция жердин жети катар түбүнө кирип кетсең да таап чыгат, качып кете албайсың. Эми болору болду, же камалам, же алтынды алып качып кетип, бир жакка барып бай болуп жашайм. Кечке чейин ар нерсени ойлонуп акыры өзүмдү-өзүм актадым. Камчыке өзү күнөөлүү да, атайын кылбадым. Маңдайына жазылганын көрдү. Кечке чейин ойлоно берип башым катуу ооруп чыкты.

Эми эң негизгиси, кандай жол менен болсо да жеңип чыгыш керек, а жеңүүчүнү илгертен эле эч ким соттогон эмес.

Тамактанып жатканда катуу ойлонуп калганмынбы, мага бирөөсү суроо берген экен, укпай калыптырмын, баары мени карап калышыптыр. Гули түрткөндө гана айланамды карап калсам баары күлүп жиберишти. Гули "эмне эле болуп жатасың?" дейт.

Кой, өзүмдү колго алайын дедим, минтип жүрсөм, булар го эч нерсени билишпейт, Акимыч Камчыкенин жоголгонун жакында угат, мени аңдыганы жөнөткөн, биринчи эле менден шекшийт да. Тоодон өзү түшүп кетти дегенге ишенбесе керек.

Үйгө келип светти өчүрүп, жуурканымды чүмкөнүп алып телефондун жарыгында үңкүрдөн таап алган самолёттун борт журналын окуп жаттым. Каякка учканы, самолётто кандай кемчиликтер болгону, айтор, кызыктуу эч нерсе жок экен. Эң акыркы барагында гана самолёт Караколдогу аэродромдон 1935-жылы, 14-апрелде таңкы саат жети отузда учуп чыкканы, барар жери Тибет, Лхаса шаары деп, рейстин номери жазылыптыр. Самолётто эки советтик учкучтан башка дагы Германиянын сегиз офицери деп фамилия, аттары, аскердик чиндери жазылыптыр. Ошону менен жазуу токтоптур.

Демек, кандайдыр бир тапшырма менен немистер биз аркылуу Тибетке алтын теңгелерди алып кетип жатышып, ошондо оюма келди, шаркыратманын жанында агарып калган жерге самолёт урунган да. Бирөөсү күү менен барып үңкүрдүн ичине кирип кеткен окшойт. Тирүү калган болсо алтынды биздин бийликке ишенбей, же өзүнө алам дегенби, үңкүргө бекитип кеткен. Автоматты да ошол эле койгон да.

Гитлер бизге кол салганга чейин Германияга дүйнө жүзү каршы болуп, бир гана СССР менен мамилеси түзүк болгон да, Гитлер менен Сталин дос катары мамиледе болуп, немистердин учкучтарын, танкисттерин, айтор, согуштук кадрларын СССРдин аймагында, Ростовдо жана башка шаарларда биздин аскердик мугалимдер окутуп, машыктырып, даярдап берип турушкан. Гитлер дээрлик Европанын жарымы менен кырылышып жатканда СССР Германиянын заводдоруна курал чыгарганга темир атпайларды, аскерлерге тамак-аш жана башка нерселерди жөнөтүп турган. Ушундай мамиледе болгондон кийин биз аркылуу өтпөгөндө кайсы жак менен барат эле? Тибетке Индия аркылуу өтө албайт эле, ал убакта Индия Англиянын колониясы болгондуктан, англичандар жол бермек эмес. Кытай АКШнын айтканын кылып турган, америкалыктар деги эле жол бербейт эле.

Бир гана жол – уйгурлардын Синьцзяны аркылуу болгон. Синьцзян ал убакта өзүнчө мамлекет болгон. Ошол маалда Ош менен Нарында "кыргыз бригадасы" деген жашыруун ат менен түзүлгөн советтик армиянын жети миң аскери Синьцзяндын жетекчилигинин суранычы боюнча жашыруун Синьцзянга кирип, жергиликтүү адамдардай кийинишип, көтөрүлүшчүлөрдү басып, дээрлик ошол жерди башкарып турган да. Тибетке эң ыңгайлуу, коопсуз жол болгон.

Бир жыл мурун өлгөн эки немис ошол тирүү калган офицердин неберелери болушу мүмкүн. Офицер өзү жалгыз эле тирүү калса, эрте жаз болсо, бул жерге адам көп деле келбесе керек. Ошондуктан алтынды бекиткенге убактысы кенен эле болгон. Кийин чоңдоруна "күйүп кетти, чөгүп кетти" деп, өзүнө алгысы келген болушу толук мүмкүн, мен деле ошентмекмин. Алтынды бекитип, картасын чийип алган, кийин согуш башталып кетип келе албай калган, андан кийин СССР жабык мамлекет болуп, анда такыр эле келе албай калган. СССР урагандан кийин гана, эми неберелери келген да. Үңкүрдөгү скелет да дайынсыз жоголгон немис эле болсо керек, башка ким болмок эле? Агасы күндүз жип менен түшкөн болсо, келемиштер жайып койгон алтынды көрүп тере баштаганда келемиштер көп болуп келип кол салса коркконунан аскадан боюн таштап жиберген, ташка урунган болсо больницага жетпей өлгөн. Иниси жогоруда жипти кармап турган болсо, келемиштерди көрбөй калган да, агасын кокусунан тайып кетип өлдү деп ойлогон. Агасынын колунан же чөнтөгүнөн алтын теңгелерди көргөн болушу мүмкүн. Алтын ушул жерде экенине толук көзү жеткен. "Эл шекшип калды, эртерээк алып кетейин" деп, ошол эле күнү түндөп келип, келемиштер бир нерсе болуп тигинин түшкөнүн билбей калышкан. Немис шаркыратманын ичиндеги үңкүргө киргенде келемиштер кол салса, коркконунан тросс зымга урунуп автомат атылып өлгөн.

Чөнтөгүмдөгү алтын теңгелерди карап суктанып жата бердим. 1933-жылы чыгыптыр. Арт жагында Германиянын герби окшойт, бүркүткө окшогон бир сүрөт. Алды жагында 5, 20 деген сан, бир түшүнүксүз жазма тамгалар. Бирөөсү канча турар экен, кеминде он миң сомдон болсо да бир топ эле акча болот.

Бекитиш керек эми эч ким таппагыдай кылып, бул жерге бекитсем сөзсүз таап алышат. Ойлонуп отуруп акыры өзүм менен эле алып жүрмөк болдум, ремендин тигилишин сөгүп, теңгелерди ичине тизип салып кайра тигип, кыска шымга тагып, футболка кийсем эч нерсе билинбей калат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gulnaz27
2020-11-04 05:01:53
Эх дагы бир жума кутмой. Берилип окуп атсан бутуп калат да.
0
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА