ЭЛДИЯР ОРОЗБАЕВ АЛМАТЫДАГЫ ШАХМАТ ТУРНИРИНДЕ 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Кыргызстандык жаш шахматчы Элдияр Орозбаев "Almaty Online Chess Festival 2020нын" алкагында өткөрүлгөн онлайн режимдеги ачык турнирде 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынан билдиришти.

22-октябрда chess.com платформасында Казакстан шахмат федерациясы эл аралык "Almaty Chess Online" фестивалынын ачык турниринин IV финалын өткөрдү.

Кыргызстандык Элдияр Орозбаев 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 1-орунду ээледи. Жалпы эсепте ал 15-орунду, ал эми 18 жашка чейинкилер арасында 2-орунду ээлеген.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан