COVID-19: Өлкө экинчи толкунга даярбы?

Статистика өлкөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алуу өсүп баратканын көрсөтүүдө. Демек, дүйнөнү каптаган апаатка өлкөнүн даярдыгы башкы маселе болууда. Дары-дармек, адистер, ооруканадагы орундар жетиштүүбү? Жайында оору күчөп турган кезде орун табылбай, айрым бейтаптар оорукананын босогосунан каза табышканы элдин эсинде. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "жакынкы айларда COVID-19 пандемиясынын айынан бүт дүйнө өзгөчө кыйынчылыкка кептелет" деп коңгуроо кагууда. Көпчүлүктүн тынчын алган "экинчи толкун" деген кооптонуу чын эле барбы? Ушул жаатта белгилүү адистин пикирин, божомолун угуп көрүүнү чечтик.

"КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕ ЭКИНЧИ ТОЛКУН БАШТАЛА ЭЛЕК"

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Микробиология, вирусология жана иммунология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Адалят Мырзакулова:

– Коронавирустун экинчи толкуну дүйнө жүзүндө башталды. Өзгөчө Европа мамлекеттеринде, АКШда катуу жүрүүдө. Анткени айрым Европа өлкөлөрү 2-3 апталык карантин жарыялады. Орусияда да учурда экинчи толкун жүрүүдө. Бизде коронавирус жуктуруп алгандардын саны сентябрь айына караганда октябрда кескин көбөйүп кетти. Бирок муну экинчи толкун деп айтууга эртерээк. Экинчи толкундун кесепеттери кандай болорун эч ким алдын ала айта албайт, кепилдик да бере албайт. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги экинчи толкунга даярдык көргөн. Врачтар коронавирусту кантип дарылоо жаатында протоколду билишет, андыктан өтө курч өтпөйт го деп ойлойм.

Суук түшкөндөн тартып, өзгөчө кышында курч кармоочу респиратордук инфекциялар (ОРВИ, мунун ичинде суук тийүү, сасык тумоо жана бронхиолит) да күчөйт. Алар коронавирус менен катар жүрөт. Коронавирус менен респиратордук ооруларды чакыруучу вирустардын окшош жактары – экөө тең дем алуу жолдорун жабыркатат, аба жана буюмдар аркылуу жугат.

Коронавирустун белгилери орточо 5-6 күндө билинсе, сасык тумоонун инкубациялык мезгили 3 күндү түзөт. Башкача айтканда, сасык тумоо тезирээк билинет. Коронавирустун да, сасык тумоонун да симптомсуз, жеңил, орточо жана оор өтчү түрлөрү бар. Коронавирус менен көбүнчө чоң кишилер ооруп жатат, ал өтүшүп кеткенде пневмонияга айланууда. Пневмонияга көбүнчө өнөкөт оорусу барлар чалдыгууда. Сасык тумоонун дарылары, вакцинасы да бар. Вакцина алгандарда сасык тумоо жеңил өтөт. Бул дарт менен көбүнчө балдар ооруйт. Жүрөк-кан тамыр, өпкө оорусу барлар үчүн сасык тумоо деле кооптуу.

Учурда дүйнөдө коронавируска каршы 20га жакын вакцина даярдалып жатат, бирок толук бекитиле элек. Бекитилсе, коронавирус пандемиясынан кутулабыз деген ишеним бар.

"БИР ЖАРЫМ АЙГА ЖЕТЧҮ ДАРЫ БАР"

22-октябрга карата өлкөдө 322 миллион 396 миң 800 сомдук дары запастары бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди. Бул дарылар азыркыдай кырдаалда 1-1,5 айга, тагыраагы, 8-10 миң оорулууга жетет деп билдирет мекеме. 2020-жылдын 19-октябрына карата Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине 1 миллион 537 миң 500 даана медициналык бет кап бергени айтылат. Тармакка келген жалпы гуманитардык жардамдын суммасы 460 миң долларды түздү.

"БИШКЕКТЕ МЕКТЕПТЕР СТАЦИОНАРДЫН МИЛДЕТИН АРКАЛАЙТ"

Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарлардын даяр экендиги боюнча маалымат берди. Бул боюнча Бишкек мэриясы билдирди.

– Кычкылтек концентраторлору жетишерлик, керек учурда оперативдүү түрдө стационарларга жеткизилет. Бардык стационарлар үчүн дары каражаттарынын, коргоочу кийимдердин запасы даярдалган. Эскерте кетчү нерсе, медициналык жабдыктар, койкалар башка инвентарлар мэриянын алгачкы күндүзгү стационарларында сакталган.

Эскерте кетсек, учурда Бишкекте коронавирус жана такталбаган этиологиядагы пневмония менен ооругандарды 11 оорукана кабыл алып жатат.

Ал эми учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу маалымат бере турган тиешелүү ведомстволор жалпы аймактар боюнча берилген суроолорубузга жооп берчү маалыматтарды даярдап бере алышкан жок.

КОРОНАВИРУСТУН БЕЛГИЛЕРИ

Жеңил формасында даам жана жыт сезүү жоголот, апатия (эч нерсеге көңүл чаппагандык) жаралат.

Оор формасында дене табы 38,5-39 градуска чейин көтөрүлөт. Жөтөл башталат, жөтөл абанын жетишпегендиги, муунуу, көкүрөктөгү оорутуу менен коштолот. Мындай учурда токтоосуз ооруканага жатуу зарыл.

Коронавирус оорусу 14 күнгө чейин созулат. Адам өзүн жакшы сезбөөсү дагы 3 аптага созулат.

Оор формасы менен ооругандарда кыймыл жана сүйлөө речи бузулушу мүмкүн.

САСЫК ТУМООНУН ООРУ БЕЛГИЛЕРИ

  • Баш ооруйт, дене жанчылгансып, муундар жана булчуңдар да ооруксунат.
  • Дене табы абдан кескин жогору көтөрүлөт.
  • Мурун бүтөт же мурундан суу агат, тамак оорутат жана кырылдайт, адам чыйрыгат.
  • Жөтөл болбошу мүмкүн.
  • Сасык тумоо 3 күндөн 7 күнгө чейин созулат. Эгер адам бул убакта айыкпаса, мында да оору татаалдашып, пневмонияга өтүп кетиши мүмкүн.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан