Залина Касымова, кыл кыякчы: “МЕН БАКТЫЛУУ ЭНЕМИН”

Залина Касымова кыргыз музыкалык аспабын жайылтканга зор салым кошкон музыкант. Кыл кыяк чертип эле эмес, акыркы учурда ырдап да жүрөт. Бактылуу эне, күчтүү айым менен сонун маек курдук, сизди кайдыгер калтырбайт деп ишенем.

– Залина, кош келипсиң, акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...

– Рахмат, эң эле акыркы жаңылыгым, кечээ эле жаңы чыгарма жаздырдым. Кыл кыяк менен фортепиано айкалышкан музыка болду. Жакшы чыкты. Сүйүнүп жатам, буюрса, элдин алдына алып чыгам. Классикалык аспап фортепианого кыргыздын кыл кыягын кошуп чыгардык, өзгөчө болду.

– Кыл кыякка болгон сүйүүң качан ойгонду?

– Кыл кыяк – бул кыргыздын аспабы. Коңшу мамлекеттерде окшош аспаптар бар, бирок алардын ойноо техникасы айырмаланып турат. Кыл кыякка болгон сүйүүм Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп жүргөндө башталды. Бардык нерсе буйруктан деп ойлойм. Мен бул аспапта ойноп калганымдын өзү да тагдыр. Атам абдан музыкага жакын, аны жакшы түшүнгөн, бул жаатта иштеген инсан. Музыка жашоомдо башынан бар, бул башка чөйрөдөн келген жокмун деген сөзүм. Шыгымды байкашып мени ата-энем музыкалык мектепке бергенден кийин кыл кыяк бөлүмүнө бөлүнүп калдым. Мектепти бүтүргөндөн кийин консерваторияда ушу бөлүмдө окудум, андан кийин эки жыл аспирантурада окудум. Кыскасы, окуу боюнча кыл кыяк экөөбүздүн арманыбыз калган жок, дагы деле окуп жатабыз (күлүп). Кыл кыяк оор аспап, тилин таап, окуп, кыйынчылыктарды жеңсе өз жемишин берет.

– Билишимче, мамлекеттик кызматта иштейсиң?

– Ооба, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солистимин. Андан тышкары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштейм. Мамлекеттик мекемеде иштегенимдин себеби – кыргыздын музыкасын жайылтыш керек. Айлыкка карабай эле жан дүйнөң менен ырахат алып иштейсиң. Маянаны өзүңүздөр билесиздер, аз. Айткандан кээде уялам, бул жерден алган айлык жолума, бензин куйганга эле жетет. Бул жерде мен айлык үчүн эмес, өзүмдүн билимимди бирөөгө берейин, шакирттеримди тарбиялайын деп жүрөм. Андан тышкары тойлор, концерттер болот. Ошолор менен көп нерсе толукталат. Бирин-бири айкалыштырып тиричилик өтүп жатат. Убакыт аябай тар болот, чуркап жетишпей каласың, андан тышкары балдар бар, үй тиричилик бар дегендей. Бирок “өзүм дегенде өгүздөй кара күчүң бар” дегендей, жетишиш керек болот. Анткени балдар да өзүңдүкү, чыгармачылык да өзүңдүкү (күлүп).

– Ырдап да чыгып калдың...

"Ырдап чыгам, укмуш атактуу болуп кетем" деген ой болгон жок. Ошол учурда менин жан дүйнөм ырдагысы келди. Эки-үч ыр жаздырдым.

– Балдарың чоңоюп калыштыбы, атасы Аскат Мусабеков, апасы Залина Касымова болсо, алардын да музыкага кызыгуусу болсо керек...

– Шүгүр, мындан үч-төрт жыл мурункудан азыр жеңил. Кызым 11 жашта, уулум 7 жашка чыгып калды. Экөө тең мектеп курагында. Онлайн окуу бир аз кыйнап жатат. Музыкага табиттери жакшы, кызым чыгармачылыкка кызыгат. Бирок мен анын чыгармачылыктын түйшүгүн тартышын каалабайт элем. Аялзатына тынч эле кесип жакшыбы деп ойлойм. Келечекте үй-бүлө күткөндө да оор болуп калабы деп калам. Муну менен өкүнүп жаткандай көрүнүп калбайын, мен чыгармачылыкта жүргөнүмө өкүнбөйм. Бирок бул түйшүктү кызыма каалабайт элем. Уулумдун шыгы бар, бирок кызыкпайт. Ошентсе да чыгармачылыгыма кадимкидей сын айта алат. Үйдөн музыкалык аспапта көп ойнойм да, көңүлүнө жакпаса “апа, болбойт экен” деп коёт. Табити бар.

– Жалгыз бой эне болуу оорбу?

– Жеңил эмес. Негизи мамлекетибизде жалгыз бой энелердин жашоосун жеңилдетүүчү мыйзамдар жок экени ойлондурат. Менин балдарымды багып кеткенге күчүм жетет, бирок башка күчү жетпеген энелер бар да. Балага ата да, эне да жооптуу болуусу керек деп ойлойм. Кээде эненин да, атанын да ролун аткарыш керек болот. Жашырганда деле эмне, кээ бир учурда кызымдын атасын сагынып куса болгонун көрүү аябай оор болду. Бирок бул нерсени балдарга да туура түшүндүрүп берүү эненин милдети деп ойлойм. “Сени атаң да, мен да аябай жакшы көрөбүз, бирок жашоодо ушундай да нерсе бар. Атаңар да силерди мендей эле жакшы көрөт” деп түшүндүргөнгө аракет кыласың. Алар менен кошо кыйналасың. Бул турмуштук сыноо деп кабыл алып, муну түшүндүрүп берүү керек болду. Бирок бул нерселердин баары артта калды.

– Балдар тууралуу бир чечим кабыл алыш керек болгондо атасы да катышабы?

– Жок, азыр катышпайт. Мен катышканына каршы эмесмин, бирок азыр балдардын атасы балдарга көңүл бурбай калды. Акыркы кезде өзүм чечип калдым. Мектеп тандоо же бир ийримге катышуусу керек болсо, балдарымдын өзү менен кеңешем. Ал каалайбы же каалабайбы? Кыйнап бир ийримге бергенди туура эмес деп ойлойм. Мисалы, быйыл мектепти ушинтип тандадык. Кудай сактасын, мурун балдар ооруп калса атасына айтчумун. Азыркы учурда биз атасын алагды кылбайбыз.

– Жакында бир нерсе окудум, эне бүтүндөй өмүрүн балдарга арнаса, балдар өзүн өмүр бою ага карыздар сезип калат деп. Аялдык бакытты күтүп алууга убагы келди деп ойлобойсуңбу?

– Туура, эне бактылуу болгондо бала бактылуу болот. Мунун экинчи да тарабы бар. Кээ бир аялдар бар го, балдарды төрөп, кайра турмуш жаңырта берип, балдар экинчи же үчүнчү планда калат. Ортодо балдар кыйналып калат. Аларда эмне күнөө? Мен биринчи орунга балдарды коём. Балким, туура эместир, аны деле билбейм. Бирок аларды дүйнөгө алып келгенден кийин балдардын алдында жоопкерчилик ата-энеде болушу керек. Негизи кыргыз аялдарына көп жүк жүктөлүп калган. Албетте, өзүн унутуп койбой, балансты сакташ керек. Мен өзүмдү балдарга курмандык кылып жатам деп ойлобойм. Мен бактылуу энемин.

– Балансты сактап жатасыңбы ошондо?

– Акылдуу болуп сүйлөп койгон оңой, бирок жасаш кыйын экен. Эне үчүн балдар баары бир биринчи орунда болот экен. Эми көп нерсени убакыт көрсөтөт.

– Залинанын жашоосунда балдардан, чыгармачылыктан башка дагы эмнелер бар?

– Ата-энем. Мен ушул жашка келгени бир нерсени түшүндүм, мен ата-энеме керек болгондой эч кимге керек эмесмин. Негизи эле элдин баарында ошондой болсо керек. Бир туугандарым бар. Досторум бар. Ден соолук баалуу. Мен башка нерсеге эмнегедир үстүртөн карайм. Бардык нерсенин башы жана аягы болот. Байлык, ийгилик, бийлик деле бүтөт.

– Бирөө сага ак барак берип, жашооңдун сценарийин кайра түзүү мүмкүнчүлүгүн берсе эмнени өзгөртмөксүң?

– Эч нерсени өзгөртпөйт элем. Мен жашоомо аттиң кылбайм. Жашоону жеңил караганды үйрөндүм.

– Мурунку жолдошуң Аскат Мусабеков тууралуу суроо сага катуу тийбейби?

– Башында катуу тийчү. Кийин быштым. Азыр жеңил эле карайм.

– Анын кийинки турмушу тууралуу эмне айтар элең?

– Бакыт каалайм, бактылуу болсун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aimani
2020-11-02 10:10:58
Аскат жаш аял албадыбы. Ошон үчүн балдарын унутуп койсо керек
+17
ika8086
2020-11-02 19:42:25
Залина кучтуу айым,кучтуулугунон балдарым деп журот,аны эне катары аяп кетем.Мынданда кучтуу бол Залина балдарына керексин мынданда жакшы кундор али алдыда.Аскат болсо,балдарын алмаштырды.Балдарынын куса болуп куткон коз жаштарын алмаштырды.Аттин...
+12
Omyrova
2020-11-05 01:05:50
Балдарынан дагы, азыркы аялынын көңүлүн алуу биринчи болуп жатса керек...Баласы экендиги жалган беле??эркектей болуп жардам берсин.Кийин балдары жакшы,акылдуу инсан болгондо"мен тарбия бергем"дегендей болсун
+5
Akylai_aktan
2020-11-06 03:33:53
Ата болуу оңой,азыркы заманда.
+1
Egizderim-baktim
2020-11-06 04:14:16
Менин да башымдан отту кыздарым ойгонуп атасын сагынып ыйлаган тундор, кундор, эгиздерим ойноп жатып атасы жонундо суйлошуп атканын коруп коз жашымды коргозбогонго бар кучумду жумшачуумун. Аллахка шугур анын баары отту. Ата-энеме балдарым бар. Мен бактылуу энемин.
+1
Birimdik5555
2020-11-07 12:04:21
Козумо жаш келди кантип балдай ширин балдарын таштап кетти Аскат,мейли бул кундор да отот балдары чоноет.
+1
ZHAMAGUL850
2020-11-08 12:58:11
Алимент толой бекен жок дегенде Аскат мырза , Суйуу деп башты жоготпостон балдарды да ойлоп коюш керек да ,аялга турто салып жашына уйлоно калбай .
+1
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан