Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарды.
БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, президенттикке талапкерлер тийиштүү документтерин 6-декабрга чейин тапшырышы керек. Талапкер көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрга чейин деп белгиленди. Ал эми 1 миллион сом суммасында шайлоо күрөөсүн кабыл алуучу акыркы күн – 4-декабрь. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктап, 15-декабрдан тарта үгүт иштери башталат.
Бекматов бул шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткандыктан, шайлоонун процесси үчүн мыйзамда белгиленген убакыттар төрттөн бирге кыскара турганын белгилейт.
Президенттик кызматка ат салышчуларга талаптар мурункудай эле: Кыргызстандын жараны болушу, соттолбогон, жашы 35тен жогору 70 жаштан ашпаган болушу шарт. Ошондой эле ар бир талапкер 30 миңден кем эмес кол тамга топтоого тийиш. Жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен же партиялардын атынан президенттикке талапкер боло алышат.
Абдыжапар Бекматов буга чейинки шайлоолордо көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан форма-2 нормасы жокко чыгарылганын, жарандар эми катталган аймагында гана добуш бере аларын эскертти. Форма-2 аркылуу БШК мүчөлөрү, шайлоого байкоочу болуп бекитилгендер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз жарандары гана добуш бере алышарын билдирди.
Эскерте кетсек, өлкөдө 5-6-октябрдагы окуялардан кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурун кетүүгө аргасыз болгон. Ал кызматтан 15-октябрь күнү кетти. Мыйзамга ылайык, президент кызматтан кетсе 3 айдын ичинде кайра президенттик шайлоо өтүшү керек.
БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталарын билдирди.
Жумабай Акимов