САДЫР ЖАПАРОВ: “ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАМ”

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирип 28-октябрга карата БШКга бир да жаран кайрыла элек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Президенттик жарышка катышарын коомчулукка алгачкылардан болуп премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жарыялады. Жапаров 25-октябрда Кочкор районундагы иш сапары алкагында эл менен жолугушууда өлкө башчылыкка талапкер болуу ниети бар экенин ачыктады.

“10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрь айынын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам. Шайлоодон өтсөм ажо болом, өтпөй калсам араңыздарда жүргөн жөнөкөй жаран болуп калам”,- деди премьер-министр.

27-октябрда телеканалдардын бирине берген маегинде Садыр Жапаров алдыда күтүлүп жаткан шайлоолор тууралуу кеңири маалымат берди. Ал талапкер боло турган болсо өкмөт башчылык да, президенттик да милдетти аркалоодон баш тартарын айтты.

"Эгер 10-январда кайра шайланып келсем март, апрель айында эле парламенттик шайлоону өткөрөбүз. Аны конституциялык кеңешме менен өткөрөбүзбү же парламент менен өткөрөбүзбү, эл менен талкуулап бир чечимге келебиз. Реформаларды жасап бүткөндөн кийин шайлоолорду өткөрөбүз. Мыйзам боюнча, мен шайлоого катышуу үчүн президенттин милдетин аткаруучулук, өкмөт башчылык милдетимди өткөрүп берип, башкалар менен бирдей шартта шайлоого катышам. Мурдагы президенттер эки жолку революция болгондо президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, кызматын тапшырбай туруп эле шайлоого барган. Ошонун баарын унутуп калып, мага келгенде эле бакырып жатышат.

2016-жылы Атамбаев жалгыз өзү референдум өткөрүп туруп Баш мыйзамды өзгөртүп салган. Аны азыр кыйкырып жүргөндөрдүн бирөө дагы айткан эмес. Бүгүн эч кимиси унчукпайт. Эми мен мыйзамдуу түрдө, конституциялык жолду тандап баратсам, жыгайын деген күчтөр пайда болду. Алар мага карата кара пиарларды уюштуруп жатышат",- деди Садыр Жапаров.

Коомчулукта президенттик жарышка талапкер болушу мүмкүн деп Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков сыяктуу бир катар саясий жана коомдук ишмерлердин аттары аталууда. Шайлоого катышууну көздөгөндөрдүн аты-жөнү 15-ноябрга чейин белгилүү болмокчу.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан