АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН ЖАЗА ӨТӨӨ ЖАЙЫ АЛМАШТЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрь күнү УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Ушул эле күнү анын адвокаты Замир Жоошев Атамбаев СИЗО-1деги мурда өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурган камерага киргизилди, буга нааразычылык билдирген Атамбаев ачкачылык жарыялады” деп айтып чыкты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы "Алмазбек Атамбаев СИЗО-1ге жеткирилген соң профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, андан соң жалпы режимдеги камерага жайгаштырылды" деп, Жоошевдин айткандарын четке какты. 27-октябрда Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге кирип Атамбаевге жолугуп чыкканын, ал камера муздак экенин айтып нааразычылык билдиргенин жарыялады.

Ушул эле күнү ЖАМК Атамбаев №47 абакка которуларын, мындай чечимди ЖАМКнын атайын комиссиясы кабыл алганын маалымдады. 28-октябрда Атамбаев №47 абакка которулуп, ачкачылыгын токтоткону белгилүү болду.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан