БИШКЕК ЖЭБинин КЫШКА ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Бишкек жылуулук электр борборунун быйылкы кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу 28-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улуттук энергетикалык холдингдин" маалыматы боюнча, быйылкы кышта Бишкек ЖЭБине 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна көмүр бар. Анын 28 500 тоннасы импорттук, 268 миң тоннасы ата мекендик көмүр.

Вице-премьер-министр калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Аталган борбордон, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо иштери өз мөөнөтүндө аткарылып жатат дешти.

Маалыматка таянсак, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык объект.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 934, 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан